Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Аида: Намыстуу кыздын жарандык сабагы


Аида Сасыбаева, кыргыз блогчу айымы. 13.4.2023.
Аида Сасыбаева, кыргыз блогчу айымы. 13.4.2023.

“Фейсбук” тармагында жаш коомдук жигердүү мүчө Аида Сасыбаева 16 жашар кезинде сот жүрүмүндө кантип расачыл мугалимин жеңип чыга алгандыгы тууралуу жазып чыкты. Буга байланыштуу тарыхчынын блогун окуңуздар.

Дүйнө тарыхындагы Жанна д’Арк

Ар кыл муундар жалпы дүйнө тарыхын үйрөнүү аркылуу француздардын чыгаан кызы Жанна д’Арк (Jeanne d'Arc; болжол менен 1412-жылы 6-январда туулган – тирүүлөй отко жагылган күнү: 1431-жылдын 30-майы) тууралуу дурус билишет.

Жанна д'Арк камаланган Орлеан шаарында. Жюль Эжен Ленепве 1886–1890-жылдары тарткан боёк сүрөт.
Жанна д'Арк камаланган Орлеан шаарында. Жюль Эжен Ленепве 1886–1890-жылдары тарткан боёк сүрөт.

Жанна д’Арк Франциянын түндүк-чыгышындагы Домреми жергесинде бакыбат тиричилик кылган дыйкандын кызы болгон. Бул кыз “Францияны баскынчы англистерден куткаруучу колбашчы боло алам” деп тегерегиндегилерди ишендире берген соң, 1428-жылы (16 жашында) канзаада (дофин) Шарлга алып келинет. Анын алдында Францияны кыз сактап кала алат деген айың-кептер өлкөдө кеңири айтылган.

Канзаада Шарл (болочокку Карл Жетинчи) бул кызды сыноо үчүн камалоодо калган Орлеан шаарына жөнөтөт жана ага колбашчы укугун берет. Тогуз күндөн кийин, 1429-жылдын 29-апрелинде, Орлеан шаары англис камалоосун жеңип чыгат жана качууга аргасыз болгон англис жоокерлерин андан ары чегиндирет.

1429-жылы 18-июнда Пате салгылашуусу (Bataille de Patay) болуп, анда да Жанна д’Арк жетектеген француз колу англис кошуундарын талкалайт. Англистердин мыкты колбашчысы Жон Талбот туткунга алынат.

Согуш талаасынан бир ууч жоокери менен качып чыккан англис колбашчысы Фастолф кийинчерээк Шекспирдин чыгармаларындагы кейипкер болгон семиз, коркок жана аракеч Фалстафтын прототиби болуп калган дешет.

Айтор, Орлеан жана Пате салгылашууларынан кийин жеңишке шыктанган француздар Реймс жергесинде канзаада Шарлды “Карл Жетинчи” падышалык ысымында тактыга отургузушат.

Англия падышалыгынын Фрация падышалыгын каратып алуусу үчүн дээрлик 116 жылдай жүргөн Жүз жылдык согуш андан ары да (1453-жылга чейин) созулган, бирок Жанна д’Арк баштаган колдун эки жолку ири жеңиши француздарга согушта чечүүчү бурулуш жасоо мүмкүндүгүн берген.

1430-жылы Жанна д’Арк англистер менен үзөңгүлөш бургунддар тарабынан колго түшүрүлүп, андан ары англистерге чоң акчага сатылган.

Англистердин таасири астындагы чиркөө соту бул каарман кызды Франциянын түндүгүндөгү Нормандиянын Руан шаарында соттоп, Жанна д’Арк 1431-жылдын 30-майында сот өкүмүнө ылайык тирүүлөй өрттөлгөн.

1789-жылдагы француз ыңкылабы 14-июлда туу чокусуна жетип, калың эл Париждеги Бастилия түрмө-чебин басып алган соң, бул өлкөдө абсолюттук жеке бийлик кулатылганы да жалпы тарыхтан маалым.

Ал эми Улуу Француз ыңкылабы жеңген соң, орто кылымдардагы Жүз жылдык согуштун каарманы Жанна д’Арк Франциянын улуттук символуна айланган.

2022-жылы 14-июлда "Бастилия күнү" майрамы маалында Париждеги Эйфел мунарасы баскынчыларга каршы эгемендик согушун жүргүзүп жаткан Украинанын желегинин түстөрүндө кубулжуп турду.
2022-жылы 14-июлда "Бастилия күнү" майрамы маалында Париждеги Эйфел мунарасы баскынчыларга каршы эгемендик согушун жүргүзүп жаткан Украинанын желегинин түстөрүндө кубулжуп турду.

Коомду шыктандырган улан-кыздар

Жалпы тарыхта тигил же бул өлкөнүн коомун эгемендик, адилеттик жана башка асыл максат үчүн күрөштө шыктандырган башка да улан-кыздар болгон.

Албетте, байыркы дүйнөдө жана орто кылымдарда айрым коомдордо 12 жаштан жогорку өспүрүмдөр жетилген куракта деп алынган менен, көпчүлүк коомдордо бул курак 16 жаштан (кийинчерээк - 18 жаштан) тартып эсептелген.

Демек, Жанна д’Арк XV кылымдын башындагы өз доору үчүн жаңыдан эрезеге жеткен курактагы айым деп саналган болушу мүмкүн. Ошондуктан ага ири аскер тобуна жетектөө милдети тапшырылган эмеспи. (Албетте, мында диний мистика, ырым-жырымчылдык жана башка жагдайлардын таасири олуттуу болгон).

Кыргыздын “Манас” эпосунун башкы кейипкери Манас 12 жашынан тартып эрдик кыла баштайт жана өз элинин эгемендиги тууралуу идеяларга каныгат.

Баатыр кыздар Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырза деле кыргыз коому үчүн жаштыктын символу жана жарандык каармандыктын өрнөктөрү болушкан.

16 жашар швед кызы Грета Тунберг Стокголм шаарында өткөрүлгөн нааразылык иш-чарасында. 22-март, 2019-жыл.
16 жашар швед кызы Грета Тунберг Стокголм шаарында өткөрүлгөн нааразылык иш-чарасында. 22-март, 2019-жыл.

Грета Тунберг

Өтмүшкө жана фолклордук мураска башка кылчайып отурбайлык.

Швед кызы Грета Тунберг (Greta Tintin Eleonora Ernman Thunberg) 15 жашында, 2018-жылдын 20-августунда, Шведиянын парламентинде биринчи жолу өзү жасаган плакатты көтөрүп, экологиялык мазмундагы нааразылык иш-чарасына чыккан. Ал көтөргөн көрнөктө “Skolstrejk For Klimatet”, башкача айтканда, "Климат үчүн мектептеги иш таштоо" деп жазылган.

Көз алдыбызда эле ал швед кызы эл аралык коомчулуктун айлана-чөйрөнү коргоо кыймылдарынын жандуу символуна айланды. Жалпы адамзаттык экологиялык көйгөйдү Гретанын үнү менен БУУнун төрүндө да козгошту.

Көпчүлүк үй-бүлөлөр 15–16 жаштагы жигердүү улан-кызды “азырынча саясат дегенди аңдай элексиң, үйдө тынч отур, андан көрө сабагыңды бышыкта!” деп көндүрүүгө же тыюуга шашаары бышык.

Азыркы тапта деле жетилүү курагындагыларга, адатта, спорт, көркөм өнөр, тиешелүү сабактардын олимпиадасы жаатында ийгилик жаратууга шыктандырган нуска сөздөр байма-бай айтылат да, алардын коомдук-саясий турмушка карата мамилесине текебер мамиле жасалат.

Айрымдар “Грета Тунбергди кээ бир саясий топтор жасалма түрдө көкөлөтүп жатышат” деп сын тагып айтып калышат. Маселе башкада.

Сөз төркүнү экологиялык чакырыкты бул швед кызы алгач өз алдынча, жеке демилгеси менен жана өз жашындагылар үчүн өзгөчө сабаттуу деңгээлде козгоп чыккандыгында.

Демек, ал атайын жашыруун саясий лабораториядан даярдалбаган, олуттуу саясий жана коомдук көйгөйдү өз эрки менен козгоп чыккан жана учурунда эле жетилген миллиондогон улан-кыздардын бири.

Айрым кыргыз жарандары оппозициячыл нааразылык жыйынына катышып жаткан учур. Бишкек. 12.9.2006.
Айрым кыргыз жарандары оппозициячыл нааразылык жыйынына катышып жаткан учур. Бишкек. 12.9.2006.

Демилгелүү жаштар жаңы муун каарманы боло алышат

Жакында кыргызстандыктар кичүү замандашыбыз Аида Сасыбаеванын “Фейсбук” аркылуу жарыялаган кызыктуу маалыматын окуй алышты.

Анын жеке маалыматына кызыгууңуздарды арттыруу үчүн аны кыргыздын азыркы доордогу Жанна д’Аркы деп алдын-ала атагым келет.

Албетте, биз илгерки падышалык Францияда жашап жаткан жокпуз жана илгерки падышалык чакан өлкө болгон Англия алыскы Борбордук Азияда алты кылымдай кийинчерээк жашап жаткан биздин демократиялуу жумуриятыбызды басып алып жаткан жери жок.

Коомубуз да христиандык чиркөөлөр басымдуулук кылган коом эмес, постсоветтик айдыңдык (секулярдык) коом.

16 жашар чала сабат же сабатсыз өспүрүм кыз келип, эгемен өлкөбүздө "Кыргыз улуттук гвардиясын жетектеп берсин!" деп талап кылып жаткан жерибиз деле жок. Ал эми кыргыз жараны Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болуусу үчүн 25 жашка, президенттикке талапкер болуу үчүн 35 жашка чыгышы керек.

Ошого карабастан, 16 жашар улан же кыз өз чөйрөсүндө тоо томкоро алчудай кудуретке ээ.

Муну төмөнкү окуядан эле баамдап биле алабыз.

Жемкорлукка каршы нааразылык иш-чарасына жигердүү катышкан жаштардын тобу. Бишкек. 25.11.2019.
Жемкорлукка каршы нааразылык иш-чарасына жигердүү катышкан жаштардын тобу. Бишкек. 25.11.2019.

Блогчу Аида Сасыбаеванын “Фейсбуктагы” 2023-жыл, 18-июлдагы жарыясы

“16 жашымда мен сотто айыпталуучунун отургучунда отуруп калдым. Айыпталуучунун отургучуна мени өзүмдүн мектебимдин (Сокулуктагы №1 мектептин) мугалимдери отургузушту.

Мунун бардыгы физикадан берген Наталья Алексеевна эжей физика сабагы маалында: “Европалыктын мээси азиялыктын мээсинен чоңураак болот, ал эми африкалыктын мээси беркиникинен да алда канча кичине келет”, – деп балп этип койгонунан улам башталды. (Апий, деги, [бул сөздү кайта жазганым] үчүн [“Фейсбукта”] мени бөгөттөп коюшпаса экен). Сөзмө-сөз айтканда, анын сөзүнүн шилтемеси дал ушундай.

Мен ага каяша айттым: “Сизди туура түшүнүп жатамбы, Наталья Алексеевна, Сиз ошондо расалык айырмачылыкка байланыштуу эле өзүңүздү Нелсон Манделадан акылдуураакмын деп санайсызбы?”

Эжей мага жооп берүүгө сөз да таппай калды.

Классташым Алхаз болсо жалпы класска угуза өз оюн айтты:

“Аида, эжей Нелсон Мандела деген ким экенин өзү деле таптакыр билбейт эмеспи!”

Класстагы окуучулар кыраан-каткыга батышты.

Албетте, Наталья Алексеевна эжей мынчалык шылдыңга калгандыгы үчүн мени эч кечирбей койду.

Анан ал мага ыдык көрсөтө баштады, болор-болбос нерсе үчүн “эки” деген бааны коё берди, чейректеги жыйынтыгымды кемейтип көрсөтүп кирди.

Мектеп деректири болсо атакемин өзүнө мени башка мектепке которуп кетүүм керектигин кыйытып, антпесе “[мугалимдик] жамаат уюмдашып алган” жана кызыңды жөн эле төө бастыга алып кетишет деп айтты.

Атакем мени башка мектепке которууну каалады.

Мен болсом: “Дал ушул мектептен эле окууну бүтүрөм жана аны жакшы баалар менен аяктайм”, - деп, өз сөзүмдөн кайтпай туруп алдым.

Андан соң Наталья Алексеевна эжей мага каршы ыдыгын башка мугалимдердин көмөгү менен улантып кирди.

Элестетип көрүңүзчү, сиз 16 жаштасыз дейли, салмагыңыз көп болсо 40 килого жетчүдөй болсоңуз, анан сиз класска кирип келгениңизде, эжей ордунан туруп келет да, айдан ачык эле сизди четке түртүп: “МОБУЛ НЕМЕ быякта турган чакта, мен сабак өтпөйм”, – деп айтып, класстан сыртка чыгып кетет.

Ошентип, дээрлик башка бардык мугалимдер да ушундай жосунсуз жоругун көрсөтүштү.

Жарым жыл бою ар күнү дээрлик бардык мугалимдер мага каршы ыдык көрсөтүштү. “Эгерде чыгып кетпесең, анда сабак өтпөйбүз” дешип, мени класстан чыгып кетүүгө мажбурлашты.

Ал эми классташтарыма мени менен баарлашууга тыюу салышты. “Эгерде Аида менен сүйлөшчү болсоңор, анда жакшы аттестат алуудан үмүт үзгүлө”, - деп аларды зекитишти.

Мен жөнүндө дээрлик 200дөй “мүнөздөмө” чогултуп алышты, анда окуучулар менен алардын ата-энелери менин кандай тентек кыз экенимди шөкөттөп жазышып, орто мектеп мындай окуучуну чыгарып салууга тим эле милдеттүү деп билдиришкен.

Ал эми [Бишкекте орус тилинде чыгуучу] “Дело №” гезитинде бүтүндөй эки бетке толтуруп жалган макаланы чүргөп жарыялашты. Макалада мени бүтүндөй бир мектепти коркутуп-үркүтүп жаткан мээси айланган неме катары сыпатташты. Ал эми чатактын чыгуу себеби жөнүндө сөз түгүл, жарым сөз да жазылган эмес.

Мектебимдеги дээрлик бардык окуучулар менден жаа бою качып калышты. Алардын жанынан өтүп бара жатканымда, алар атайылап эле тетири карап жүрүштү.

Андан тышкары мугалимдер “мектептин жигердүү окуучулары” делген ар кандайларды мага жөнөтүшүп: “Булар деген биздин мугалимдерибиз да! Эмне үчүн сен мугалимдерге каршы чыгып жатасың? Деги ким сага мындай начар тарбия берген?!” – деп мени уяткартып да жүрүштү.

Ошентип, алар ар кандай жаңжалдарга жана мушташтарга шыкактап жатышты. Ар дайым башым мушташтан арылбай койду. Милиция кызматкери дээрлик эки күндүн биринде үйүмө келчү болду. Тергөөчүдө “мени сабап салды” делген мага каршы бир нече ондогон арыздар топтолду.

Анан калса, ыдык көрсөтүү фактыларын тергөөчү айым өзү деле билип турду, бирок ар дайым мага: “мектепти тынч аяктап кетүүм” үчүн жөн гана чөптөн жапыз, тынч жүрүүм жана кечирим сурашым керектигин кыйытып айтчу болду.

Сизди качандыр бир миңдеген окуучулар тизилип турган чакта жана бүтүндөй мугалимдер жамаатынын көз алдында ортого чакырып, кечирим сурашыңызды талап кылган учур болду беле?

Мени дээрлик эки күндүн биринде ортого салышчу. Мен бир дагы жолу кечирим сурабай койдум.

Аида Сейиткул кызы Сасыбаева, кыргыз блогчу жана публицист айымы. Фейсбук. 13.4.2023.
Аида Сейиткул кызы Сасыбаева, кыргыз блогчу жана публицист айымы. Фейсбук. 13.4.2023.

Акыры-түбү бул иш сот залындагы айыпталуучунун отургучуна чейин жетти.

Бул маалда [Сокулуктагы] төрт мектеп тең бул жүрүмгө көз салып жатышты. Бул жаңжал эмнеден улам келип чыккандыгы тууралуу дээрлик бардыгы кабардар болуп калышкан эле.

Дээрлик бардык кыргыз балдар менин күйөрмандарым болушту, албетте, алардын арасында ашынган маңкуртка айланган анча-мынчасы да табылбай койгон жок.

Айтмакчы, ошондой маңкуртташкандардын арасында мектепти эчак аяктап кеткендер да бар эле.

Алар мени сабактан кийин жолдо кармап алышып: “Сага жин тийдиби? Кимге асылып жатасың? Этностор аралык араздашууну баштайын деп жатасыңбы? Ал биздин сүйүктүү эжейибиз да!” – деп коркутуп сүйлөп жатышты.

Бул балдар чыккан кыргыз үй-бүлөлөрү азыр дагы Сокулукта жергиликтүү “каймак” жана “айдың бүлө” атыгып келишет. Бирок мен алардын канчалык маңкурт экендигин билем. Алар болсо менин алар жөнүндө билгенимди билишет.

Мен сотто жеңип чыктым.

Мен ыдык көрсөтүү факттарын, жаңжалга шыкактоо фактыларын далилдедим, [кишинин] “баш сөөгү” тууралуу [эжей айткан расачыл сөздү] да далилдей алдым.

Ошентип, мен оторсуздаштыруу (деколонизация) жүрүмүнө бери эле дегенде өзүмдүн кыштагымдын алкагында өз салымымды коштум.

Ошондо мен 16 жашта элем.

Ошондо мен чындап эле соттогу айыпталуучунун отургучунда отурганмын.

Кадимкидей эле темир тордун ары жагында, эрежеге ылайык колума кишен салынып отурган элем.

Эжей-агайлар сот залында котолоп, шатыра-шатман бакылдашып отурушту. Алар акыркы бир саамга чейин мени сот жазага тартат ко деп ишенип турушту.

Алар ушинтип эле жобурап жатышты: “Эми абакта отурасың! Өз ордуң каякта экендигин билип жүрөсүң!”

Сот жүрүмүндө болсо мен өзүмө коюлган бардык коюлган доолор боюнча утуп чыктым.

Ошентип, өзүмдүн жеке өрнөгүм менен кыштагымдагы өспүрүмдөрдүн арасында маңкуртсуздаштыруу (де-манкуртизация) жүрүмүн баштоого жетиштим.

Айтмакчы, бул сот аяктаган соң мен принциптен эч тайбастан, ишимди уланттым да, Кизик айымдын “мындан ары сабак берүүгө акысы жок” деген шарт менен кызматтан айдалышына жетиштим.

Мектеп деректири болгон айым өзү үйүбүзгө улам келип, “күнөөсүн унуткартууга” алпурушту. Атакем эмнегедир аны аяп, эч урушпады...

Дегиңкиси, атакем бардык маңкурттарды аяй берчү.

Ал: “Эми бул алардын күнөөсү эмес, алардын шору да”, – деп айта берди.

Мен дагы аларды аяй баштадым.

Аяп жүрдүм, аяй бердим.

Алар болсо кантишти дейсиздерби... Эч жандары жай алышпайт!

Ар кандай “кизиктер” да, эси жок расачылар, деги эле жандары жай албай келишет.

Маңкурттар болсо буларды колдоосунан эч жазбай келишет.

Эми алар жаңы муундун да жинине тийип, мээлерин уулантып жатышат.

Эмне демекпиз мындай шартта.

Демек, ишибизди улантмакчыбыз.

Ар кандай шовинисттер, расачылдар, нацисттер, жана башка көрпенделер, ошондой эле, аларга көшөкөрдүк кылып жаткан маңкурттардын бардык түрлөрү Кыргызстанда кол алышып саламдашууга татыксыз болуп, обочого сүрүлүп калганга чейин бул көрүнүшкө каршы күрөштү уланта бермекчимин.

Жарандардын айрым бөлүгүндөгү отордук (колониялык) коомдон калган аң-сезимден жана жарандардын башка бир бөлүгүндөгү кулдук уруп, баш ийип берүү сезиминен коомубуздун арылуусу биздин муундан башталды.

Бул жүрүм менин муунумдун тушунда эле соңуна чыкмакчы.

Ал эч качан кайрадан кайталанууга тийиш эмес. Эч качан кайталанбашы керек!

______

Постскриптум. Өтө маанилүү жагдай! Бул жаңжал акыры-түбү этностор аралык жаңжал болуп чыккан жок. Ал маданият менен түркөйлүктүн ортосундагы жаңжал болуп чыкты.

Бардыгынан өзгөчөлөнүп мени жактоого алган инсан – орусиялык тектүү Алла Борисовна деген эжей болду. Мени жактаган орус тектүү окуучулар да бар болчу. Мени кыргыздар эле колдоп чыгышкан жок.

Ошол эле учурда, Кизик эжейдин тарабын туткан кыргыз окуучулар деле бар болду.

Жок, бул эч кандай этностор аралык жаңжал эмес болчу. Бул расачылдыктын, шовинизмдин, автошовинизмдин жана башкалардын көрүнүштөрүнө каршы чыккан жүйөөлүү мазмун болчу”.

Аида Сасыбаева. 18.7.2023.

(Бул жарыянын орусча текстинин шилтемеси жана орчун үзүндүсү макаланын соңунда тиркеме катары берилет. Кыргызчага Т. Чоротегин которду).

Кыскача жыйынтык сөз. Уучубуз куру эмес

Блогчу Аида Сасыбаеваны Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук кыштагында №1 орто мектепте ал башынан кечирген окуяларга байланыштуу 1997-жылы сот залына алып келгендердин өздөрү, ошентип, 16 жашар кыздан татыктуу жарандык сабак алууга мажбур болушту.

Анын атасы журналист Сейиткул Турар уулу Сасыбаев 2006-жылы көз жумган. Ал 1960-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Анын 46 жашында, б.а. эрте каза болушуна да өз кызына каршы жосунсуз асылуулардын кесепети тийген болушу ыктымал.

Аиданын апасы Абира Сарыгул кызы да өз чүрпөсүнүн мектептеги адилетсиз ыдык көрсөтүүгө системалуу түрдө кабылгандыгы үчүн күн-түндөп азап тартып кайгыргандыгын мээримдүү ата-энелер жакшы билишет.

Аиданын жактоочусу Ахмед Кази-Магомедович Чомоев (Чомаев) да дүйнө салган, бирок ал дагы жогорудагы сот жүрүмү маалында жактоочу адис катары мыкты иштеп берсе керек.

Ахмед Чомоев - бала чагында сталиндик өкүмзор депортациянын айынан Түндүк Кавказдан Борбордук Азияга зордоп көчүрүлгөн жана юрист катары Кыргызстанда байырлап калган карачай тектүү жарандарыбыздын бири.

Сокулуктагы бул жүрүмдүн адилет чечилишине соттун (судья) жана прокурордун чыканактай жетилип келе жаткан кыз Аиданын жарандык каармандыгын туура баалай билишкендиги дагы өз таасирин тийгизген деп ойлойбуз.

1997-жыл Кыргызстанда постсоветтик жарандык коом жаңыдан калыптанып келе жаткан доор эле. Ал кезекте азыркыдай коомчулук маанайын ыкчам чагылдырган жана коомчулукту ыкчам уюштурууга жөндөмдүү болгон интернеттеги коомдук тармактар таптакыр жок болчу.

Укук коргоочулардын уюмдары азыркы кесипкөйлүк деңгээлге, чагымда, 2000-жылдагы шайлоолор, Үзөңгү-Кууш кыргыз-кытай чек ара тилкесинин талкуусу, 2002-жылдагы Аксы окуялары сыяктуу окуялардын жүрүшүндө чыга башташты.

Жогорудагы сот ишине алып келген иштер боюнча бир беткей материал жазган “Дело №” сыяктуу гезиттер көп миң сандагы нуска менен чыгып, алардын айрымдары ачык эле шовинисттик маанайды тутушкан.

Ошол кездеги кыргызча эркин гезиттер Сокулуктагы бул көйгөйгө анчейин маани бербегендиги да ал кездеги медиадагы кырдаалдын нагыз жагдайына калыс баа берүүгө түртөт.

Демек, кыргыз жарандык коому өзүнүн татыктуу кызынын 16 жаштагы олуттуу эрдиги жөнүндө дээрлик 26 жылдан кийин гана азыноолак кабардар болуп отурат.

Айтмакчы, Аида Сейиткул кызы Сасыбаева өзүнүн бул соттогу ишине укуктук жактан сабаттуулук менен даярданган. Ал курулай сөз менен ыйлактап коргонбостон, алдын ала тиешелүү доолор боюнча айныксыз далилдерди топтоп алган. Өзүнүн жарандык туруму тууралуу замандаштарына, прокурор менен сотко таасын билдирген.

Анын сабагы ар кандай ыдык көргөн жаран өзүн коргоо үчүн өз укугун билүүсү керектигин жана факт аркылуу коргонуусу керектигин, ошол эле учурда, дүйнөлүк жана жергиликтүү коомдордун тарыхын астейдил үйрөнүшү зарылдыгын айгинелейт.

Өспүрүм Аиданын өзүн коргой алганы азыркы Кыргызстандын сот системасынын тарыхында хрестоматиялык окуя катары жазылып калууга татыктуу.

Аида Сасыбаева болсо соттогу бул жеңишин эч кандай “эрдик” деп санабайт жана ошондогу окуяларды жарандык коомдун алсыз кезеңи катары гана кейигендик менен эскерет.

Чынында да, нормалдуу коомдордо бул чырдын башаты шовинист мугалимдин “Европалыктын мээси азиялыктын мээсинен чоңураак болот, ал эми африкалыктын мээси беркиникинен да алда канча кичине келет” деген расачыл сөзүнөн улам келип чыккандыгы аныкталаар замат мектептеги жамаат окуучу кызды шовинисттен чечкиндүү коргоого алууга тийиш болчу...

Айрым замандаштарыбыз бул саптардын ээсин “теменедей нерсени төөдөй көрсөтүп жатат” деп баалашат чыгаар. Андай бүтүмгө эч макул эмеспиз.

Жанна д’Арк аттуу кыз дагы француз коому алсыз, үмүтсүз кезеңде тарыхый сахнада пайда болгон.

Менимче, оторсуздаштыруу, советсиздештирүү, маңкуртсуздаштыруу жүрүмүндө тоталитардык жана шовинисттик идеологияга каршы жүзөгө ашырылган ар бир жарандык демилге жана каармандык тарых барактарыбызда акыйкаттык менен эске алынууга тийиш.

Ошондо маркум атуулдарыбыз Шералы Назаркулов, Алишер Саипов, Геннадий Павлюк, XXI кылымдын башындагы элдик ыңкылаптардын курман болгон жана жаракат алган карапайым баатырлары, абакта жатып чыккан жана абактагы журналисттер жана коомдук ишмерлер, күнү-түнү жарандык коомдун таламы үчүн күрөшүп жаткан Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Чолпон Жакупова, Өндүрүш Токтонасыров ж.б. укук коргоочулар, маркум Уланбек Эгизбаевдин жолун жолдоп, жемкорлукка каршы күрөшүп жаткан бүгүнкү изилдөөчү журналисттер, блогчулар жана башка кайдыгер эмес жарандар жөнүндөгү жалпы маалымат биздин постсоветтик коомубуздун Аида Сасыбаева сыяктуу татыктуу жарандарынын катары улам көбөйүп жаткандыгын айгинелейт.

Бүгүнкү өспүрүмдөр жигердүү жарандар катары өз учурунда укуктук тарбия алышы үчүн өз укугун гана эмес, жалпы жарандык турумду байсалдуу коргой алган Аиданын татынакай өрнөгү жана өз эрки үчүн күрөшүп, жазыксыз мерт кеткен Бурулай сыяктуу кыздарыбыздын аянычтуу тагдыры ж.б. жаатында Кыргызстандагы ар бир мектепте коомдук талкуулар уюштуруу абзел.

Тиркеме.

Аида Сасыбаеванын “Фейсбуктагы” орусча жарыясы (18.7.2023).

В 16 лет я сидела на скамье подсудимых. На скамью подсудимых меня посадили учителя моей школы (Сокулукская сш1)

Началось с того, что учительница по физике Кизик Наталья Алексеевна ляпнула на уроке физики "mozg европейца больше mozga азиата, а mozg африканца и того меньше" (ох, надеюсь не забанят за это) Вот буквально такая цитата была. Я ей возразила: "Правильно я поняла, Наталья Алексеевна, что Вы считаете себя умнее Нельсона Мандела только из-за расы?". Она не нашлась что ответить. На что другой мой одноклассник Алхаз на весь класс сказал: "Аида, она просто не знает, кто такой Нельсон Мандела!". И тут ученики в классе начали смеяться.

Естественно, такого позора Наталья Алексеевна мне не простила. Начала потом всячески меня травить, ставить ни за что двойки, принижать четвертные оценки. А директор прям так и намекнула папе, что меня лучше перевести в другую школу, а то тут "коллектив сплоченный" и меня просто затравят. Папа меня захотел перевести в другую школу. Я настояла, что закончу именно эту школу, и именно с хорошими оценками. Тогда Наталья Алексеевна начала против меня травлю уже при помощи учителей.

Представьте, что вам 16 лет, в вас 40 кг от силы, вы входите в класс, а учительница встает и демонстративно пихает вас в сторону, и со словами "Я не буду вести урок, пока ЭТА находится тут" - и выходит из класса. И так - почти все учителя. Каждый день в течении полугода почти все учителя мне устраивали такую травлю. Заставляли меня покинуть класс, иначе не будут вести урок.

Суд я выиграла. Доказала факт травли, доказала факты провокаций, доказала и про"череп". Так я внесла свой вклад в процесс деколонизации хотя бы в своем селе. Мне было 16 лет. Я по настоящему сидела на скамье подсудимых. Прям вот с решетками, в наручниках, всё как положено. Учителя столпились в зале суда, весело галдели. Они до последнего верили, что посадят меня. Так и говорили: "Сидеть будешь! Место свое знать будешь!". Суд я выиграла по всем эпизодам.

Вот так личным примером я смогла запустить процессы де-манкуртизации среди подростков в своем селе.

После суда, кстати, я дальше пошла на принцип и добилась того, что Кизик была уволена без права преподавания. А директриса потом сама к нам приходила и пыталась "загладить углы". А папа, почему-то, её жалел, не ругал...

PS:.очень важно! Это был в итоге не межнац конфликт, а конфликт между культурой и бескультурщиной. Больше всего за меня заступалась русская учительница Алла Борисовна. Были и русские ученики, поддержание меня. Не только кыргызы. В то же время были и кыргызские ученики, которые встали не стороне Кизик.

Нет, это был не межнац конфликт. Это здравый смысл боролся с проявлением расизма, шовинизма, аутошовинизма и т. д.”

(Конец поста А.С.Сасыбаевой).

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG