Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Орусия: Кыйраган Ил-76 үчүн жоопкерчилик кимде?


Орусиянын Ил-76 транспорттук учагы
Орусиянын Ил-76 транспорттук учагы

Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учагынын кыйрашы боюнча Украинанын Коопсуздук кызматы «согуш мыйзамдарынын жана жол-жоболорунун бузулушу» деген берене менен иш козгоп, териштире баштады.

Украин бийлиги Орусиянын ошол учакта 65 украин аскери баратканы тууралуу билдирүүсүн тастыктай элек жана бул окуяны эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылууда. Орусия андай иликтөө зарыл эместигин айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.

24-январда Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кыйраганын биринчи болуп Москва жарыялаган. Коргоо министрлиги учактын ичинде айырбаштоо үчүн салып бараткан украин согуш туткундары болгонун, баары мүрт кеткенин билдирген.

«Учактын ичинде экипаждын алты мүчөсү, айырбаштоо үчүн алынып бараткан 65 украин аскери жана коштоочу үч орусиялык аскер кызматкери болгон. Экипаж жана жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Учакты украин Куралдуу күчтөрү Харьков облусунан зениттик-ракеталык комплекстен учурулган эки ракета менен атышкан», - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.

Орусия окуя боюнча ошол эле күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сунуштаган. Оболу сунуш колдоо таппай, кийинчерээк жыйын 25-январга дайындалганы маалым болду.

“Новости” агенттиги өзгөчө кырдаалдар кызматтарына шилтеме жасап, Ил-76 учагынын кара жашиктери табылганын кабарлады. ТАСС маалымдагандай, учуунун параметрлерин жана пилоттордун сүйлөшкөнүн жаздырган жабдыктар Москвадагы лабораторияда изилденет.

Социалдык түйүндөрдө учак кулап түшкөнү, андан кийин катуу жарылуу болгону тууралуу чөнтөк телефонго тартылган кыска видео тарады. Бул азыркы тапта окуяны баяндаган жалгыз видео.

Мындан тышкары, Орусия учак кыйраган жер деп бир нече сүрөт жарыялады. Социалдык түйүн колдонуучулары ал сүрөттөрдө набыт болгондордун сөөгү дээрлик көрүнбөгөндүктөн, "жетимиштен ашуун адам мүрт кеткени канчалык чындыкка дал келет?" деген суроо коё башташты.

Ил-75 аскердик-транспорттук учагынын кулап түшкөнгө чейинки Белгород облусунун Яблоново кыштагынын үстүндөгү траекториясы, 24-январь, 2024-жыл.
Ил-75 аскердик-транспорттук учагынын кулап түшкөнгө чейинки Белгород облусунун Яблоново кыштагынын үстүндөгү траекториясы, 24-январь, 2024-жыл.

Киев эл аралык иликтөөнү талап кылды

Киев расмий билдирүүсүндө пландалгандай согуш туткундарын алмашуу болбой калганын ырастап, бирок кырсыкка кабылган учак тууралуу так эч нерсе айткан жок.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 24-январдын кечинде жасаган видеокайрылуусунда окуяга эл аралык иликтөө талап кылынарын айтты:

“Учак Орусиянын аймагында кулады. Ал жак биздин көзөмөлүбүздө эмес. Факт деген сөз азыр негизги болууда. Мен Башкы командачынын жана Башкы штабдын маалыматын уктум. Башкы чалгын кызматы туткундардын тагдырын тактап жатат. Мен Тышкы иштер министрлигине биздин өнөктөштөргө болгон маалыматтын баарын берүүнү тапшырдым. Биздин мамлекет эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылат”.

Кремль мындай иликтөө жүргүзүүгө зарылдык жоктугун, териштирүү жүрүп жатканын айтты.

Орусиянын учак кырсыгы тууралуу маалыматы чыкканга чейин бир катар украин басылмалары Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып, аскердик учакты украин аскерлери "атып түшүргөнүн", бул учак менен Орусия С-300 ракеталарын ташып бараткан болушу ыктымал деп боолголошконун жазып жиберишкен. Кийин "атып түшүргөн" деген сөзүн өчүрүп коюшкан.

Андан мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери ошол аймакта учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдаган.

Кремлдин таанымал үгүтчүсү Маргарита Симоньян учакта каза болгон туткундар деп 65 кишинин тизмесин жарыялады. Бирок андагы кеминде бир киши мурда эле айырбашталган туткун экени социалдык түйүндөрдө айтылып, тизменин аныктыгынан күмөн жаратты.

Фронтто орус армиясы Украинанын Авдеевка аймагын курчоого алуу аракетин улантууда. Украин аскерлеринин маалыматында, соңку бир суткада 58 жерде кагылышуу болду. Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына 14 жолу дрон менен чабуул койгону, анын 11и атып түшүрүлгөнү, Одессада турак жайлар талкаланып, он чакты киши жараат алганы маалымдалды.

Харьков шаары бүгүн Аза күтүп жатат. Орусиянын шейшембидеги ракеталык чабуулунан шаарда он кишинин өмүрү кыйылып, бир бала жараат алган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. Өзү муну "атайын аскердик операция" деп атоодо.

Украина: Давостогу “тынчтык формуласы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG