Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:02

Түндөгү жер титирөөнүн кесепетин аныктоо иштери жүрүүдө


Жер титирөөдө жарака кеткен үйлөр. Ысык-Көл
Жер титирөөдө жарака кеткен үйлөр. Ысык-Көл

23-январга караган түнү Кыргызстандын бир нече облусунда жер силкинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаланын очогу Кытайдын чек арага жакын аймагында жайгашып, күчү 8 баллга жеткенин билдирди. Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январга караган түндө болгон жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында жарандык коргонуу комиссиясын түздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарандык коргонуу комиссиясы силкинүү катталган аймактарда, анын ичинде жер титирөөнүн күчү жогору болгон Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунда жабыркаган имараттарды иликтеп жатат.

Ошондой эле Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жер титирөөнүн зыянын аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө.

“Мамкурулуш агенттиги курулуш объектилериндеги табыгый кырсыктан улам пайда болгон деффектилерди аныктоо иштерин күчөтүү режимде алып барат. Кандайдыр бир объекттерде деффектилерди байкаган жарандарыбыз түз байланыш номуруна сүрөт же видеоматериалдар менен кайрылсаңыздар болот”, деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун 23-январда эртең менен берген маалыматына ылайык, 23-январь күнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Кыргызстанда да сезилген.

"Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген" деп айтылат расмий маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүүнүн очогу Каракол шаарынан 137, Кажы-Сай айылынан 150 чакырым, Нарын шаарынан 275, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгышта болгонун билдирди.

Министрлик алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганыy кабарлады.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да жабыркагандар жок экенин жазды.

ӨКМ кыргызстандыктарга кайрылып, жер кайрадан силкиниши ыктымал деген маалыматты четке какты.

"Социалдык түйүндөрдө жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз", - деп белгиленген билдирүүдө.

23-январга караган түнү, саат 00:09да болгон жер титирөөнүн очогу Кыргызстан-Кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткени кабарланды.

Ысык-Көл: жер титирөөдөн Ак-Шыйрак айылындагы сегиз үйдөн жарака кетти

Жердин силкинүүсүнөн Ысык-Көлдө үйлөргө зыян келгени тууралуу маалыматтар айтылууда. Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылында сегиз турак жайдан жарака кеткенин айыл өкмөт башчысы Таалайбек Баякунов билдирди.

“Ак-Шыйрак Кытайдын чек арасына жакын жайгашкандыктан, жер титирөө катуу эле болуптур. Эртең менен аныкталгандай, сегиз үйдөн ар кандай жаракалар кетиптир. Азыр айыл башчы айылды кыдырып дагы тактап жатат. Мен облустук администрацияга маалымат бердим. Айылдагы жашоочулар сүрөт, видео салып жатышат”, - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев түндө видео кайрылуу жолдоп, жер титирөө айрыкча Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда сезилгенин, Бишкек шаарында силкинүүнүн күчү 4-5 баллды түзгөнүн айткан. Ал аталган райондордо жана Бишкекте жер титирөөдөн жабыркагандар же кыйроолор катталбаганын белгиледи.

"Дүрбөлөңгө түшпөңүздөрдү суранам", - деген Ажикеев.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинген. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлгөн. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болгон.

Бишкекте да жер катуу силкингенин тургундар айтып жатышат. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар сыртка чыгып турганы, айрымдары жер үйү бар туугандарына кетип жатканы кабарланды.

Алматыда силкинүүнүн күчү 5 баллга жетти

Алматынын тургундары, 23-январь 2024-жыл.
Алматынын тургундары, 23-январь 2024-жыл.

23-январга караган түнү Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандан тышкары Казакстанда да сезилди. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, жер титирегенден кийин дагы бир нече жолу силкинүү болду.

Алматынын өзгөчө кырдаалдар мекемеси саат 00:09дагы жер титирөөнүн очогу бул шаардан 264 чакырым түштүк-чыгыш жакта күчү 6,7 балл болуп катталганын маалымдады.

Алматынын өзүндө 5 баллга жетти, Чымкентте 2 балл болду.

Алматынын тургундары, айрыкча кабат үйдө жашагандар, көчөгө чыгып, жолдордо машиналардын тыгыны байкалууда.

Өзгөчө кырдаалдар мекемеси алматылыктарды дүрбөлөң түшпөөгө, ар кандай так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, "атайын буйрук болгончо эшикте боло турууну" эскертти.

Алгачкы силкинүүдөн кийин болжол менен жарым саат өткөндө күчү 2-3 баллга жеткен титирөө болгону кабарланды.

Жер титирөөнүн очогу Шинжаңда жайгашкан

Кытайдын "Циньхуа" мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, жер титирөөнүн очогу Шинжаңдагы Аксу жана Кызыл-Суу кыргыз автоном облустары чектешкен аймактарда кеминде 22 чакырым тереңдикте жайгашкан. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 7,1 баллга жеткен.

Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы зилзаланын кесепети тууралуу маалымат бере элек.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтындагы картага ылайык, 23-январга караган түнү болгон беш жер титирөөнүн баары Кыргызстандын түштүк-батышында, Ысык-Көл жана Нарын облустары менен Кытайдын Шинжаң районунун Айкөл аттуу аймагы менен чектешкен тараптагы тоо кыркаларында болгон.

Баштапкы зилзала кубаттуу болгону менен кийинки силкинүүлөрдүн күчү басаңдаганын картадан көрүүгө болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG