Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Ли Цяндын сапары: Соода, темир жол жана тышкы карыз


Кыргыз-кытай делегацияларынын жолугушуусу, Бишкек, 24-октябрь, 2023-жыл
Кыргыз-кытай делегацияларынын жолугушуусу, Бишкек, 24-октябрь, 2023-жыл

24-октябрда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын расмий сапары башталды. Ал кыргыз бийлик башчылары менен жолуккандан сырткары Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) премьерлеринин саммитине да катышат. Бишкек соңку жылдары Бээжин менен ар тараптуу карым-катнашын арттыра баштады.

25-27-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары да өтөт.

Ли Цяндын сапары

24-октябрдын кечинде Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цянды "Манас"аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салтанаттуу азем менен тосуп алды. Ушул эле күнү Жапаров менен Ли Цян баштаган делегациялардын эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Кытай менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн жолугушуусу.
Кытай менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн жолугушуусу.

Жапаров быйылкы жылы эки тараптуу мамилелер "абдан активдүү" ыргакта жүргөнүн белгиледи. "Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот”, – деди Жапаров.

Ли Цян Бишкекке болгон сапыры эки тараптуу кызматташтыкты жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Ли Цян президент Садыр Жапаров менен да кездешет. 26-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

64 жаштагы Цян Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери – өкмөт башчы кызматына быйыл 11-мартта, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин кайра шайланган соң дайындалган. Ал мурда Коммунисттик партиянын Шанхай шаардык комитетин башкарган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров май айында Бээжинде өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммитинин алкагында Си Цзинпин менен жолугуп, андан соң Ли Цян менен да кездешкен. Жапаровдун ал сапарынын алкагында эки тараптуу 26 документке кол коюлган.

Мындагы жолугушууларда Кытай тарап Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант бере турганы маалымдалган. Кийин Кыргызстандын Президенттик администрациясы кенен билдирүү таратып, коюлган келишимдер жалпы 1 миллиард долларлык сумманы камтый турганын кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров августта жумушчу сапар менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна барып, Кытай Компартиясынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы катчысы Ма Синжуй менен жолуккан. Анда эки тараптуу алты документ кабыл алынган. Мындан сырткары 1 млрд долларлык сумманы камтыган бизнес келишимдерге кол коюлганы айтылган.

Дипломатия боюнча адистер Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери ат тезегин кургатпай кездешип жатканын жакшы жакка жоруп, муну кызматташтыктын жаңы деңгээли деп сыпатташат. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Данияр Сыдыков “Биринчи радиого” курган маегинде Кыргызстан Бээжиндин сырткы соодасында дарбаза болуп бере алат деген көз карашы менен бөлүштү:

Данияр Сыдыков
Данияр Сыдыков

“Негизгиси, бүгүнкү күнү Кытай менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай саясий талаш-тартыш маселе жок. Бул жакшы көрсөткүч. Башка жагдай, биз Кытай мамлекети менен чектешкен өлкөбүз. Бул - биздин артыкчылыгыбыз. Кытайга башка өлкөлөрдөн кандайдыр мамиле, кызматташ алаканы биз аркылуу өткөргөнгө аракет кылып, Кыргызстан өзүнчө дарбаза сыяктуу милдет аткарса болот. Же тескерисинче Кытайдан башка өлкөлөргө экономикалык-соода алакалар үчүн да Кыргызстан транзит болсок болот. Муну үчүн Кыргызстанда толук шарт бар жана бул биздин өлкөбүздүн тарыхый ролу деп эсептейм”.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешине Кыргызстан менен Кытай премьерлеринен сырткары Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышат.

Бишкекте буга удаа эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары да өтөт. Анда аймактык кызматташтыкты арттыруу маселелери каралып, бир катар документтерге кол коюлат.

Кыргызстан 2023-жылы КМШга төрагалык кылып жатат. Он күн мурдараак Бишкек бул уюмдагы өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитин өткөргөн.

Бишкек-Бээжин: Соодадагы секирик, визалык жүрүш

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы соңку жылдары кескин өстү. Муну талдоо үчүн төрт-беш жылдагы көрсөткүчтөрдү мисалга алалы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2018-жылы эки өлкөнүн соодасы 2 млрд доллардан ашса, 2019-жылы 1,8 млрд доллардын тегерегинде болгон. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу соода солгундап, алып-сатуу 781 млн долларга чейин төмөндөгөн.

2021-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,5 млрд доллар болсо, 2022-жылы 4,1 млрд долларга жетти. 2023-жылдын январь-августунда эки өлкөнүн соодасы 3 млрд 176 млн долларды түзүп, 2022-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 33% көбөйгөн.

Адистер мунун себебин Кыргызстан Орусияга реэкспортту көбөйткөнү менен байланыштырууда. Орус аскерлери былтыр Украинага кол салган соң Батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларын күчөтүп, көп товарга тыюу салган. Натыйжада Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да башка өлкөлөрдөн товар алып, орус рыногуна ташууну күчөткөн.

Экономист Расул Түлеев мындай көрүнүштү "реэкспорттун гана жетишкендиги" деп сыпаттады.

Расул Түлеев
Расул Түлеев

"Европадан, Кытайдан көп товар сатып алып, кайра Орусияга көбүрөөк жөнөтүп жатканыбыз түшүнүктүү эле болуп турат. Андан да өтө көп суммалар расмий сандарга кирбей калып жатканын белгилеп коёлу. Айталы, Кыргызстан менен Кытайдын соодасы боюнча биздин Улуттук статистика комитети бир сумма келтирсе, Кытай андан да чоң товар кетти деп маалымат берип жатат. Демек, азыр биздин экономикада биз кылып жаткандан да чоң товарлардын көлөмү айланууда. Кээ бир товарлар бажыдан айланып өтүп жатат, айрым нерселер керек болсо бизге жазылып, бирок өлкөбүздүн аймагына да келбей эле реэкспорт болуп кетип жаткан болушу ыктымал. Же болбосо бизге ташылып келип, бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн товар катары кайра экспортко чыгып кетип жаткан болушу мүмкүн".

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ары-бери каттоо да өрүш алганы турат. Анткени ушул эле иш-сапарды утурлай Бишкек Кытайга Индиянын жана Кытайдын жарандарына белгилүү шарт менен жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти.

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз кире алары жазылган. Кыргызстандан чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кайра кирсе болот.

Ошондой эле Кытайдын Гонконг жана Макао аймактарынын тургундарына 30 күндүк визасыз режим берилет, бирок кайра учуп кетүүгө авиа билети болушу шарт. Кайра келүүнү каалагандар болсо Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин 30 күндөн соң кире алат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мурдараак "Азаттыкка" берген интервьюсунда муну туристтик агымды көбөйтүү жана Кыргызстандын инвестициялык, ишкердик багытын жакшыртуу максаты менен түшүндүргөн.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Кооптонууга эч кандай негиз жок. Кытай жөнүндө ар кандай түшүнүктөр акыркы 5-10 жылдын ичинде кескин өзгөрдү. Кытай азыр - өтө бай, жашоо деңгээли да жогору өлкө. Ошондуктан кандайдыр бир миграция болот, отурукташып калат дегенге негиз жок. Биринчи кезекте Кытай өздөрү да коопсуздукту түзүп берип атышат. Ар бирөөнө жети күндүк визасыз режим киргизип атабыз. Алар келип эле кетишет. Биздин тиешелүү органдар ар бирин көзөмөлгө алып турат”.

Темир жол жана башка долбоорлор

Алдыңкы жылдары Бишкек менен Бээжиндин кызматташуусундагы негизги долбоор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу болгону турат.

Узак жылдан бери асылып турган долбоорго иш жүзүндө былтыр сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Самарканд шаарында жолуккан учурда старт берилген. Анда бул долбоорго байланыштуу Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын расмийлери үч тараптуу макулдашууга жетишкен.

Сентябрдын аягында бул долбоор белгисиз мөөнөткө токтогону тууралуу кабар чыккан. Бирок өкмөт өкүлдөрү октябрдын башында билдирүү таратып, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөнүн маалымдап, долбоорду каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирген. Бирок анын булагы боюнча так маалымат бере элек. Кантсе да, маселе каражатка келип такалганы түшүнүктүү болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев буга чейин “Азаттыкка” долбоорду каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын айткан:

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча Бишкекте үч мамлекеттин биргелешкен кеңсеси бар. Бүгүнкү күндө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөн жана азыр каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Биздин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жумушчу топ түзүп, Кытайга барат. Алар Кытайдын Транспорт министрлиги менен бирге каржылоо моделин карап чыгышат. Бул боюнча иш жүрүп жатат”.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун баасы 3-5 млрд доллардын тегерегинде болот деп айтылып келсе, эми так сумма чыгып, долбоор 4 млрд 700 млн долларга бааланып жатканы анык болду. Мунун ичинен Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү темир жолго 1 млрд доллардан ашуун керектелиши мүмкүн.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун түшүндүргөн карта. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун түшүндүргөн карта. Иллюстрациялык сүрөт.

Бирок иш жүзүндө Кытайдын жардамы менен ишке ашкан ар бир долбоордун каражаты Кыргызстандын мойнуна карыз болуп илине берет. Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборун, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн, Бишкек шаарынын жолдорун, Түндүк-түштүк облустарын байланыштырган альтернативдүү жол сыяктуу бир катар ири долбоорлорго салынган каражаттын баары Кыргызстандын тышкы карызына кошулду.

Майдын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сомду) түзсө, анын 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз болгон. Ал сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары - Кытайга төлөнчү карыз. Эгер темир жолго салына турган каражат карыз катары алынса, анда ушул сумма дагы өсөрү турган иш.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев Бээжин менен кызматташууда көңүл бурчу факторлорго токтолду:

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

“Биз СССРдин мурда курамында болуп, андан кийин эгемендик алсак да, Кытай менен кызматташуубузду өзүбүздүн кызыкчылыгыбыздын негизинде бийигирээк деңгээлге көтөрө албай жүрөбүз. Анткени Кытай менен болгон биздин чек арабызды мурда Москва өзүнүкү деп эсептеп, бизди Кытайдан алыстатып турган. Биз дале ошол нукта, Кытайды түшүнбөй, алар менен кызматташууга үйрөнбөй, рыногуна ыңгайлаша албай келатабыз. Эмдигиче алардан көрсөк болгудай пайданы ала албай келебиз. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, Кытай менен кызматташканда сөзсүз түрдө акыл-эстүү күмөн санаш керек. Анткени Кытайдын ар кайсы өлкөлөрдө, Түштүк Азияда, Африкада болгон тажрыйбасынын бардыгы эле ал жердеги элдер үчүн ийгиликтүү болуп бүткөн жок. Тажикстандын да терс тажрыйбасы бар. Кытай өзүнүн кызыкчылыгын катуу коргойт, бирок чакан өлкөлөр уттуруп койгон мисалдар бар. Кандайча уттуруп коюшат? Эгерде ал өлкөлөрдө коррупция тизгинделбесе, Кытайдан алынган каражат ар кандай иштетилип кетип, ордун жаба албай, айрым мамлекеттер карызга салынган инфраструктуралык объектилерди же портторду Кытайдын өзүнө алдырып коюп жатышат. 50 жылга, же 100 жылга да алдырып койгон учурлары бар. Бизде да ошондой болуп калуудан сак болушубуз керек”.

Жогорку деңгээлдеги соңку жолугушууларда “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолду куруу, чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын кызматташтыгын кеңейтүү жана жогорку окуу жайларда билим алуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашуулар кабыл алынган.

Мындан сырткары Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын Tebian Electric Apparatus же кыскартып айтканда ТВЕА компаниясы менен Сары-Жаз ГЭСтер каскадын курууда кызматташуу боюнча жана 500 кВ “Кемин-Торугарт” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу жөнүндө меморандумдар бар.

Ошондой эле Кыргызстанда жакынкы жылдары 1000 мегаваттык күн электр станциясын, жер семирткич чыгаруучу завод, таштанды өрттөөчү завод, оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод жана башка багыттар боюнча инвестиция салынары айтылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG