Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

"Пикирим үчүн камалдым". Эки активистке өкүм чыкты


Сурак берип, айрымдары камалган активист, блогер, пенсионер жана студенттердин сүрөтү.
Сурак берип, айрымдары камалган активист, блогер, пенсионер жана студенттердин сүрөтү.

Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазганы үчүн эки жаран соттолду. Мындан тышкары активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча экспертиза дайындалды. Ал эми камактагы жазуучу Олжобай Шакирдин соту уланууда. Айрым укук коргоочулар муну басым деп атаса, бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын баса белгилейт.

19-августта камактагы публицист жана жазуучу Олжобай Шакирдин ишин кароо уланды. Аламүдүн райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет, укук институтунун илимий кызматкери Азамат Жанышбек уулу суроолорго жооп берди. Ал 2023-жылы август айында жазуучунун социалдык тармактарына чыккан видео жана текст түрүндөгү билдирүүлөрүнө тергөөчүнүн өтүнүчү менен экспертиза жүргүзүп, анда массалык башаламандыктарга чакырыктар бар деген бүтүм чыгарып берген. Жанышбек уулу корутунду тууралуу буларды айтты:

Азамат Жанышбек уулу
Азамат Жанышбек уулу

"Илимий политологиялык экспертизалык жүргүзүү боюнча биздин уставда жазылган. Бизге өткөн жылдын август айында тергөөчүдөн токтом түшүп, биздин жетекчи бул иш боюнча тапшырманы мага берген. Эгембердиев Олжобайдын (Олжобай Шакир) 19 барактан турган фейсбуктагы билдирүүсү, андан тышкары Тик Ток, YouTube каналындагы кайрылуулары, видеолору DVD дискке жазылып келген бизге. Ошол материалдардын негизинде биз политология илиминин методдоруна таянып экспертиза жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында бул жарандын сөздөрүндө бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга чакырыктар бар деп жыйынтыкка келгенбиз. Тактап айтканда, ал өткөн жылы 31-августта элди бийликке чакырган жана азыркы болуп жаткан саясий процесттер боюнча кайрылуу жасаган. Айта кетчү нерсе, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга мыйзамсыз берилген деп, такталбаган маалымат тараткан. Андан сырткары ал 31-августта мыйзамсыз митингге келип берүүгө чакырган. Эмне себептен биз мыйзамсыз деп атабыз? Себеби ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жыйындарды өткөрүүгө тыюу салган жана аны жарандар аткарууга милдеттүү. Соттук отурумда адвокат Олжобай Шакир онлайн митинг тууралуу айтып атты. Бирок биз толук материалдардын негизинде экспертиза жүргүзгөнбүз. Анда онлайн эмес, "келип бергиле" деген чакырыктар камтылган. Соттук отурум учурунда да Олжобай Шакир "Мен онлайн митингге чакыргам" деп айтып атат. Бирок бизге келген материалдар боюнча, контексттен жулбай толук караганда, материалдар андай мүнөздө эмес болчу".

Сотто Олжобай Шакирдин адвокаты Акмат Алагушев Азамат Жанышбек уулуна суроолорду берип, бирок канааттандыраарлык жооп ала албаганын айтты. Ал ошондой эле Азамат Жанышбек уулу эксперттердин реестринде катталбагандыктан, мындай корутунду берүүгө укугу жоктугун белгиледи.

Соттук отурумдун жүрүшүндө илимий кызматкерге суроо берип жатып, адвокат ал бир күндүн ичинде бардык видео материалдарды, Фейсбуктагы 19 барактан турган билдирүүлөрдү окуп, таанышып көрүүдөн сырткары бүтүм чыгарып берүүгө да жетишкенине таң калганын айтты:

Акмат Алагушев
Акмат Алагушев

"Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери бүгүн берген жооптор канааттандыраарлык эмес. Аны эксперт деп да атоого болбойт, себеби анын мындай атайы макамы жок. Маселен, Жанышбек уулу тергөөчү талдап берүүгө алып келген материалдарды же анын көчүрмөсүн алып калган эмес. Ошондуктан судья эмки отурумда тергөөчүнү чакыралы деп айтты. Ал келери же келбеси тууралуу мен айта албайм, бирок биз муну толугу менен колдодук. Келээрки процесс 24-январга жылдырылды".

“РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакирден сырткары интернетте пикир жазып же айрым билдирүүлөрдү бөлүшкөнү үчүн 2 киши жоопко тартылды.

Кочкор-Ата шаарынын тургуну, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркуловага Жалал-Абад шаардык соту 14-декабрда өкүм чыгарып, аны үч жылга абакка кесип, бирок жашы 14кө чыга элек кызы бар болгондуктан жаза мөөнөтү жылдырылган. Шеркулова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөлүү деп табылган. Адвокаты Токтосун Жоробеков ал партия мүчөсү катары депутат Адахан Мадумаровду колдоп келгенин жана "Алтын-Мазардын айланасында сөз чыгарып, элге чакырык жасады" деген айып менен кармалганын мурда белгилеген.

Ал эми 16-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага үч жылдык пробация мөөнөтүн берип, сот залынан бошоткон. УКМК социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюп, 11-сентябрда кармаган Төрөкулова Фейсбукка бирөөнүн билдирүүсүн бөлүшкөн.

Ал эми активист Өндүрүш Токтонасыровдун сентябрдан бери Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан иши убактылуу токтотулду. Прокуратура өкүлдөрү соттон укук коргоочунун иши боюнча комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү өтүндү. Сот ал өтүнүчтү канааттандырды.

Адвокат Агзам Дүйшөналиев мындай чечимди "сотту создуктуруу аракети" деп түшүндүрдү. "Комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү биз тергөө учурунда өтүнгөнбүз, бирок тергөөчү баш тартып койгон. Комиссиялык экспертиза жүргүзүүнүн эч кандай кажети жок болчу. Бул жөн эле сотту создуктурат", - деди адвокат.

Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен иш козголуп, буга анын Фейсбукка жазгандары негиз болгону айтылган.

65 жаштагы жарандык актвист буга чейин адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Фейсбукка пикир жазып, айрым билдирүүлөрдү бөлүшкөн блогер, активисттердин камалышын, соттун чечимдерин басым катары баалап жатат:

"Камай турган болсо, оппозициялык блогерлерди гана эмес, бийликтин

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

блогерлерин да камасын. Оппозицияны да каралап аткан блогерлер бар, экөөнө бирдей мамиле кылуу керек. А негизинен алып караганда, аларды чакырып, түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүү менен гана коё бериши керек. Аларды камоонун өзү туура эмес, себеби бул Адам укугунун эл аралык декларациясына жана Баш мыйзамга туура келбейт. Бул жакшылыкка алып келбейт, муну депутаттар өзүлөрү деле айтууда".

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесин жүйө тартып келет. Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев айрымдар демократия менен анархияны чаташтырып, "чакырык" менен "өз пикирин айтуунун" айырмасын билбей жатат деп белгилөөдө:

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Бийлик мыйзамдуулукту сактоону гана талап кылып атат. Бизде демократия менен анархияны чаташтырып алышты көбү. Мыйзам деген эмне экенин түшүнбөй, "чакырык" менен "өз пикирин айтуу" дегендин айырмасын билишпейт. Эки күндүн биринде эле митингге чыгалы, революция жасайлы деген кыйкырык менен чыгышат. Андан сырткары адамдын аброюна шек келтирген макалаларды жарыялашат. Билими жок. Аларды мыйзамдуулукка чакырса, сөз эркиндигине кысым болуп атат дешет. Ошондуктан биз биринчи кезекте мыйзамды толук сактоо, мыйзамды бузбоо дегенге үйрөнүшүбүз керек. Көбү блогермин деп эле чектен чыгып кетишти, ошолорду мыйзамды бузбоого үйрөтүп атышат".

"Азаттык" былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар.

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:04 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG