Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Газа: Жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу күч алды


Хан Юнис лагери. Газа тилкеси, 22-ноябрь 2023-жыл
Хан Юнис лагери. Газа тилкеси, 22-ноябрь 2023-жыл

Бириккен Улуттар Уюму жана жергиликтүү дарыгерлер Газада жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн деп эскертүүдө. Ок атуу 1-декабрда да токтоп турмакчы. Ал маалда тилкеге буга чейинки жети күндөй эле гуманитардык жардам жеткирилет.

Газадагы гуманитардык абал

“Ийгилик Газага бет алган машиналардын саны же канча тонна жардам жеткирилгени менен ченелбейт. Албетте, ал да керек. Сактап калган өмүрлөр канчалык көп болсо, азап чегүү токтосо, үмүт жана татыктуу жашоо-шарттары калыбына келтирилсе, ошондо ийгилик жөнүндө сөз кылса болот. Газанын эли бүтүндөй дүйнөнүн көз алдында болуп көрбөгөндөй гуманитардык апаатка батты. Биз башка жакты карап отурбашыбыз керек”.

29-ноябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешинин жыйынында Газада согушту биротоло токтотууга чакырып, жаңжалды эки мамлекет принцибинин негизинде чечүүнүн маанисин белгиледи.

Газа тилкеси, 24-ноябрь 2023-жыл
Газа тилкеси, 24-ноябрь 2023-жыл

Баш катчы Газада жашаган 2,2 миллиондой калктын 80% там-ташын таштап кетүүгө мажбур болгонун, ушунча киши тилкенин түтүгүндөгү чакан жерге сүрүлүп чыкканын, ал жерде коопсуз аймак калбаганын билдирди. Уюмдун шейшембиде тараткан маалыматына караганда, Газа тилкесинде бери дегенде 1,8 млн киши жан сактап, качып жер которду.

29-ноябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина эли менен тилектештик күнүнө арналган жыйында 78-сессиянын төрагасы Дэнис Фрэнсис Улуттар Уюму акыркы 7 жумада жана 70 жылда кыйылган өмүрлөрдү эскерерин, палестиналыктарды колдорун айтты.

Газаны оорулардын коркунучу тооруду

Бейшембиде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) директору Тедрос Адханом Гебрейсус гуманитардык тыныгуунун дагы бир күнгө узартылышын кубаттап, согуштук аракеттер токтоп турган кезде анклавга медициналык каражаттарды, дары-дармек жеткирүү, Аш-Шифадагы бейтаптарды түштүктөгү башка ооруканаларга эвакуациялоого өбөлгө түзүлгөнүн блидирди.

Бирок, Гебрейсустун айтымында, Газанын саламаттык сактоо системасы талкалангандыктан, калкка күнүмдүк медициналык кызмат көрсөтүү дээрлик мүмкүн болбой калды.

Газада жугуштуу оорулардын, ич өткөк, гепатит, котурдун жайылуу коркунучун жериндеги адистер, анын ичинде Палестинанын медициналык жардам коомунун дарыгери Бассам Закут эскертишүүдө:

Биз медициналык пунктта күнүгө иштейбиз, болжол менен 200дөй бейтапка жардам беребиз. Алар ар кандай оорулар менен кайрылышат. Бирок көбү тазалык сакталбагандан, кир суудан, самындын, гигиеналык башка каражаттардын тартыштыгынан пайда болгон ангина, ичеги-карын илдеттери. Таза эмес сууну ичкенде ич өткөккө алып келет”.

Аш-Шифа ооруканасы, 19-ноябрь 2023-жыл
Аш-Шифа ооруканасы, 19-ноябрь 2023-жыл

Дарыгерлер суук түшкөнү пневмония же атүгүл менингит өңдүү кооптуу оорулар жайылышы мүмкүн деп чочулашат.

ДССУнун маалыматына караганда, Газада 36 оорукананын 15и гана иштеп атса бардыгы тең бейтаптарга толуп калган.

Уюмдун адистери жергиликтүү тургундар жарааттарын дарылоого гана эмес, психологиялык жардамга муктаж экенин белгилешет.

24-ноябрда киргизилген ок атпоону убактылуу токтотуу режими учурунда анклавга гуманитардык жардам жеткирип туруу каралган. Палестинанын Кызыл жарым ай уюму ошондон бери шейшембинин кечине чейин 1 миң 132 жүк ташыган машина гуманитардык жардам жеткиргенин маалымдаган.

Rueters агенттиги 30-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, ок атпоо режими учурунда Египет менен чек арадагы Рафах бекетинен Газага гуманитардык жүк ташыган машиналардын күндөлүк саны дээрлик эки эсеге көбөйүп, 200гө чейин жетти.

Бирок БУУнун палестиналык качкындар боюнча агенттиги элдин муктаждыктарына жооп берүү үчүн күнүнө 500 машина жардам жеткирүү зарыл деп эсептейт.

Ок атпоону узартуу макулдашуусу

Бейшембиде Катардын Тышкы иштер министрлиги Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу ортосунда түзүлгөн ок атпоо келишими 1-декабарга чейин ырастаган. Маалыматка караганда, тараптар гуманитардык тыныгууну буга чейинки шартта узартууга макул болду. Макулдашууга Катар, Египет жана АКШнын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында жетишилди.

Барымтадан юошотулган израилдик 9 жаштагы кыз атасы менен. 26-ноябрь 2023-жыл. Израиль армиясынын видеосунан алынган сүрөт
Барымтадан юошотулган израилдик 9 жаштагы кыз атасы менен. 26-ноябрь 2023-жыл. Израиль армиясынын видеосунан алынган сүрөт

Шаршембинин кечинде хамасчылар барымтадагы дагы 16 кишини, Израил өз абактарында отурган палестиналык 30 туткунду бошотту.

Ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан 51 кишини кое берди. Израилдин түрмөлөрүнөн азат кылынган палестиндердин саны 350гө жетти.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен уруштагы тыныгууну узартуу маселесин талкуулоо үчүн 30-ноябрда Израилге барды. Анын айтымында, убактылуу жарашуу “жемишин берип жатканын”, барымтадагыларга үйлөрүнө кайтууга, экинчи жагынан тилкенин жайкын тургундарына жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

“Жараян жемиш берип жатат. Бул абдан маанилүү, ушундай нукта уланат деп үмүмттөнөбүз”, - деп билдирди Блинкен Тель-Авивде Израилдин президенти Исхак Герцог менен жолугушууда.

ХАМАСтын согушкерлери 7-октябрда Израилге кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240 чакты адамды барымтага алган. Израил радикал топко каршы согуш ачып, курчоого алынган Газаны бомбалап, жерде операция жүргүзгөн.

Тилкенин саламаттыкты сактоо министрлиги ошондон бери 15 миңдей палестиналык каза тапканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG