Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Газа: ХАМАСтын согушкерлеринин барымтасынан 12 киши бошотулду


ХАМАС радикал тобунун барымтасынан бошотулган өспүрүм.
ХАМАС радикал тобунун барымтасынан бошотулган өспүрүм.

28-ноябрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун барымтасынан дагы 12 киши бошотулду. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси билдирди. Маалыматка караганда, бошотулгандардын баары аялдар. Арасында Таиланддын эки жараны бар. Израил ушул эле күнү түрмөдөгү отуздай палестинди бошотору кабарланган. Эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Чет элдиктерди алардын мамлекеттеринин бийлиги өз дипломатиялык каналдары аркылуу туткундан чыгууда.

АКШнын, Египеттин жана Катардын арачылыгы менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти кое бермек, ал эми Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотмок. Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам, анын ичинде күйүүчү май киргизилмек. 27-ноябрда макулдашуу эки күнгө узартылган.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп , 240тай адамды барымтага алган. Израил армиясы Газа тилкесинде радикал топтун согушкерлерине согуш жарыялаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо министрлиги 15 миңдей киши набыт болгонун билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG