Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушу талаш-талкуу жаратты


Ала-Тоо аянтына мамлекеттик тууну көтөрүп келаткан аскерлер. 31-август, 2018-жыл.
Ала-Тоо аянтына мамлекеттик тууну көтөрүп келаткан аскерлер. 31-август, 2018-жыл.

Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси коомчулукта кызуу талкууланууда. Мамлекеттик символиканы өзгөртө берүүгө каршы болгондор арбын. Президент Садыр Жапаров да бул демилгени колдой турганын билдирди.

Буга чейин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов тууга түшүрүлгөн күн нурларын өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштаган. Демилгечилер мыйзам долбоору өлкөнүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин жакшыртууга багытталып жатканын белгилешкен.

Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күнкараманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат”.

"Эртең эл кечирбейт"

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сындады. Ал желекти өзгөртүүгө көпчүлүк эл каршы экенин белгилеп, 30 жылдан берки мамлекеттик символду өзгөртүүгө зарылчылык жоктугун айтты. Ошондой эле эл өкүлү башка орчундуу иштер турганда парламент туу менен алектенсе, "эртең эл кечирбейт" деди:

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

"Коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүк эл каршы болуп жатканын айтып коёюн. Эртең бизге келгенде да маселе болуп кетпесин. Биз желектен башка нерселерди эле жасайлычы, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коёлучу. 30 жылдан бери мамлекеттин эн тамгасы болгон желегибиз - бул күндүн нуру. Дагы бир мааниси коломтону түшүндүрөт. Бул деген оттун, жалындын, нурдун белгиси го. Эгер биз арбайтып-тарбайтып койсок, анда ал уйгак болуп калат”.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттын сөзүнө мындайча жооп узатты:

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

“Ал жерде туу өзгөрбөйт, эч кандай жаңы элементтер болбойт. Кечээ туунун авторлору менен жолукканда өздөрү дагы “биз баштагы тууну тааныбай калдык, мындай эмес болчу” деп айтып жатат. Түндүктүн кандай турганын өзүңүз көрүңүз азыр. Таптакыр башкача. Ошону биз баштапкы калыбына түздөп алып келип коёлу деген эле максат”.

Ал арада президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин билдирди:

"Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күнкарамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күнкарама болуп келатат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур. Эми ушул вариант кудай буюруп кабыл алынып калса, күнкарама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот".

"Кабар" агенттиги жарыялаган эскиздин варианты
"Кабар" агенттиги жарыялаган эскиздин варианты

Төмөнкү сүрөттө: сол жакта азыркы мамлекеттик туу, оң жакта төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуш кылган туунун эскизи.

"Күнкарама болуп калган"

24-октябрда төрага Шакиев мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана мамлекеттик ишмер, экс-спикер Медеткан Шеримкулов менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин уккан. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда Шакиев туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүү керектигин айткан.

Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин белгилеген. Маалыматта ошондой эле ал алгачкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эместигин билдиргени айтылган.

Жайчыбеков “Азаттыкка” муну ырастап, 30 жылда туунун кайсы элементтери өзгөрүүгө учураганына токтолду:

Бекбосун Жайчыбеков.
Бекбосун Жайчыбеков.

“Бизде алгачкы эскиздер толук сакталбаганы менен, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун жеке архивинде бар экен. Аны карасак, чындыгында күн нуру күн карамага деле окшобойт. Кадимкидей эле нурлары чачырап, кыймылдап тургандай көрүнөт. А кийин чынында эле улам өзгөрүүгө учурап келди. Маселен, туудагы түндүк такыр эле тескери айланып калды, күндүн нурлары жоонойгон учурлар да бар, а кээ бир жерде күндүн нурлары улам кыйшайып отуруп, нагыз эле күнкарама болуп калган. Принциптүү өзгөрбөгөнү менен акырындап ушул абалга жетти. Биз буга чейин эле ушул маселе менен Жогорку Кеңешке далай ирет кайрылганбыз. “Ой, туу бузулуп жатат, биз көзөмөл болуп берели” деп. Бирок убада берилгени менен, эч ким көңүл бурган жок. Жадагалса биз али күнгө чейин автор катары документ да ала элекпиз”.

Жайчыбеков эскизде туудагы күн нуру бир аз түзөлөрүн, бирок буга чейин Шакиев менен Примов сунуштагандай да болбой турганын айтты:

“Өткөн айдагы туунун үлгүсү катары эң начар вариант тандап алыныптыр. Мен Жогорку Кеңешке кечээ барганда да “бул таптакыр күн нуруна окшобой эле тикенек болуп калыптыр, болбойт” деп айттым. Анан бир аз жумшартып көргүлө деди. Биз туудагы күн нурларынын жалынынын иймектерин гана бир аз түзөтүшүбүз мүмкүн. Анан биз аз узартышыбыз мүмкүн. Бирок баштапкы калып бузулбайт. Тууну кабыл алгандардын бири Медеткан Шеримкулов да биз менен бирге кеңешип, иштемей болду”.

Авторлор 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишет.

"Туудан башка маселе көп"

Демилгечилер сунуштаган туунун түзөтүлгөн вариантын коомчулук кызуу талкуулады. Көпчүлүлүк азыркы желектин өзгөрүшүнө каршы пикирин билдирип, эл өкүлдөрү башка маселелер менен алектениши керек деп сындашты.

Парламенттин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошеванын пикиринде мамлекеттик символикаларга өзгөртүү киргизүү ыксыз чыгымга гана алып келет:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Тууну өзгөртүп коюу менен эле бардык маселе чечиле бербейт. Аны алмаштырсак эле өнүгүп-өсөбүз деген туура эмес. Азыр тууну алмаштырсак, эбегейсиз материалдык чыгым кетет. Ал канчалаган мамлекеттик мекемеде илинип турат. Жаңырган тууну кайрадан дүйнөлүк коомчулукка таанытуу маселеси да бар. Негизи биз ушул желекке эле көнүп калганбыз. Андыктан тийбеш керек. Андан көрө пайдалуу мыйзамдар чыксын, салык кодекстери оңдолсун, өнөр жайга көңүл буруп, эмгек миграциясын токтотушсун. Ошону менен катар саясий куугунтук көрүп жаткандарды бошотушсун. Өлкөгө стабилдүүлүк орнотушсун. Бизде ушундай маселелер толтура".

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси өткөн айда көтөрүлүп, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев желектеги күндүн нурун "күнкарамага" окшоштургандар да бар экенин белгилеп, “чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура” деп айткан.

Гимн кыскартылып, эстеликтер алмашкан

Тууну өзгөртүү демилгеси мамлекеттик символикалардын айланасындагы алгачкы эле талаштуу кадам эмес.

2012-жылы 70тен ашык депутаттын колдоосу менен Мамлекеттик гимндин экинчи куплети толугу менен кыскартылган болчу. Ага негизинен “бейкуттук” деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон. Комиссия мүчөлөрү “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келишкен эле.

Депутаттык комиссия гимнди өзгөрткөн соң тууга коомдук талкуудан кийин кайрылып келмей болгон. Бирок ал маалда колдоо тапкан эмес.

Буга чейин Кыргызстандын жакшы өнүгө албай, бир эмес эки ыңкылапты башынан өткөргөнүн Ала-Тоо аянтындагы түндүк кармаган канаттуу периштенин элесин берген “Эркиндик” эстелиги менен байланыштыргандар болгон. Бир катар тарыхчы, айкелчи, коомдук ишмерлер кыргыз элинде түндүктү аял киши дегеле көтөрбөгөнүн айтышып, бийликтен эстеликти алмаштырууну да талып кылышкан.

2011-жылы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас баатырдын, анын маңдайына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулган.

2021-жылы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жаткан жердеги түндүк менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк алынганы социалдык тармактарда талкуу жараткан.

Өз учурунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түндүктөр оңдолуп, бийик көтөрүлүп жатканын билдирген. Буга түндүктүн жерде турганын "жакшы жышаан эмес" деп кабыл алгандар көп болгону себеп экени айтылган.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин ошол учурдагы директору Гүлнара Турсунбекова оңдоп-түзөө иштерин президенттик аппарат өзү колго алганын, бул иштер "кыргыз эли аза күтүп бүттү, эми түндүктөй болуп көтөрүлүп жашасын" деген ниетте жасалып жатканын маалымдаган.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. 5-мартта биринчи жолу өкмөт үйүнүн үстүндө желбирген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.

Кызыл түстөгү туунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдөгү кырк нурлуу күн түшүрүлгөн. Анын ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган.
Желектин кызыл түсү эрдикти жана тайманбастыктын символу катары тандалган. Ал эми түндүк - үйдүн кутунун символу, күндүн кырк нуру кыргыздын кырк уруусунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.
  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG