Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Үч адамдын өлтүрүлүшү: маркумдардын жакындары бийликке кайрылды


Бишкекте уул-кызы менен чогуу киши колдуу болгон аялдын жакындары соттук териштирүү создугуп, айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатканын айтып чыкты.

Маркумдун 82 жаштагы апасы бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ишти калыс карап, адилет чечим чыгарып берүүнү өтүндү. Айыпталуучунун жактоочусу сот мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өтүп жатканын айтууда.

Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуя өлкөнү нес кылган. Кылмышка шектүү катары УКМКда 15 жыл иштеп кеткен, Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон, 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Кылмыш иши июнь айында тергелип бүтүп, сотко өткөн. Маркум Алтынай Канзаманованын жакындары шектүү жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракеттенип, алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жатканын айтып чыгышты.

Киши колдуу болгон аялдын 82 жаштагы апасы Үрү Дүйшөбаева сот жараяны түрдүү шылтоолор менен улам создуктурулуп жатканын айтууда:

Маркум Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дүйшөбаева.
Маркум Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дүйшөбаева.

"Соту созулуп жатат. Жалган-жашыкты айтып, мунун арты менен чыгып кетеби деген ойдо болуп жатам. Баарын танып атат. Бетме-бет отуруп, анын айтканына жооп бергенге мүмкүн болбой жатат. Мага угузуп туруп, ушундай жалган сөздөрдү айтканына мен дагы кыжалат болуп жатам. Өзүм Чынтемирден эмне сөз чыгат экен деп сотуна катышып жатам, айылга кетпей. Акыркы сөзү жанга тийди, мен дагы айтып чыктым. Сот эртерээк болсун, бизди дагы сарсанаа кылбай чечимди чыгарсын. Миң чакырымдан келиш дагы оңой эмес, мени дагы неберелерим сагынып чакырып жатат. Балдарыма дагы келип-кетишке жол узак, биздин үй-бүлөгө дагы аябай кыйын, баары санаада отурат. Үч адамды бир жоготуш оңойбу?"

Жергиликтүү басылмалар Октябрь райондук сотунун 16-октябрдагы отурумунда үч кишини өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев биринчи берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартканын жазды. Ал "ошол учурда өзүмдү жаман сезип, милиция кызматкерлери кыйнап, басым көрсөтүшкөн, ошондой эле кармалган күнү эртең менен арак ичип алгам" деп билдирген. Аширалиев күнөөнү мойнуна алган эмес. Ошондой эле сотто айыпталуучу "кимдир бирөөнү өлтүрүп же өлтүрбөгөнүн эстей албай турганын" билдирген. Ал "эч кимди өлтүрө алмак эмесмин" деп айткан.

"Айыптоо корутундагылардын баары жомок. Ал жакта мени кесипкөй эмес деп айыптап жатышат. Эгер өлтүргүм келсе, бул тууралуу эч ким билмек эмес, алар менин кесипкөйлүгүмө доо кетирип жатышат. Мен жардам бергени келгем, андан ары эмне болуп кеткенин билбейм. Эч кандай жаман оюм болгон эмес, жөн гана сүйлөшүп жардам берейин деп келгем", - деп билдирген ал сот отурумда.

18-октябрда Жогорку Кеңештин айым депутаттар форуму кезексиз жыйын өткөрүп, маркумдун жакындарынын үнүн уккан. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Үрү Дүйшөбаева депутат айымдарга адилеттик издеп кайрылып, соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразылыгын билдирди. Депутат Нилуфар Алимжанова зомбулукту айыптап, иш боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылуу даярдалып жатканын билдирди.

Маркумдун бир тууганы Аширбек Канзаманов шектүү маркумдан акча алып жүргөнү тууралуу адио жазуулар бар экенин айтты:

Маркум Алтынай Канзаманованын бир тууганы.
Маркум Алтынай Канзаманованын бир тууганы.

"Акыркы сотто карыз эмесмин деп айткандары дагы жалган. Бизде маркум эжем менен Аширалиев экөөнүн сүйлөшкөн аудиолору, даталары менен бар. Чындыгында ал үй-бүлөсүн эжемден карыз алып, ошонун эсебинен багып жүргөн. Кызы өлтүрдү дегени дагы калп. Соттук-медициналык экспертизада эжемдин канынан эч нерсе чыккан эмес. Жээнибиз Сайкалды өлтүргөндөн кийин кан тамырын кесип атайын сценарий түзүп, жалганды айтып жатат. Бардыгы акыйкат каралат деп ишенем. Маркум эжем аны Салимдин атасы деп айтчу. Салимдин атасы кайра-кайра чалып жатат деп айтып калчу. Эжем жакшы адам эле, көп адамдарга жардам берип, өзүнүн акчасын өзү табат эле. Кайрымдуулук кылат эле. Кандай ушундай болуп, ага кантип жолугуп калганын билбейм. Ошондон бери бизге абдан оор болуп жатат, дагы эле өзүбүзгө келе элекпиз. Тезирээк сот бүтүп, кылмышкерге жазасын берсе, апам жеңилдеп калат беле деп ойлойбуз. Күбөлөр келбей калат, кээде өзү ооруп калдым деп атат, өздөрүнүн жактоочусу келбей калган себебинен сот создугуп жатат".

Шектүүнүн адвокаты Алия Сагитова Чынтемир Аширалиевдин көрсөтмөсүнүн өзгөрткөнү тууралуу комментарий берген жок. Бул анын укугу деген гана жооп узатты. Ал эми сот көрсөтүлгөн тартипте гана өтүп жатканын айтты:

"Айыптоочу тараптын күбөлөрү келбей калды. Ошондуктан сот жылдырылды. Ал эми сот жана биз тараптан сотту создуктуруу аракеттери болгон жок".

Өлкөнү нес кылган кылмыш

Бул үрөй учурган кылмыштуу окуя 16-февралга караган түнү Бишкекте катталган эле. Анда бир үй-бүлөдө апасы, 17 жаштагы кызы жана тестиер уулу өз батиринде киши колдуу болгону белгилүү болгон. Милиция "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев кармалган.

Окуядан көп өтпөй социалдык тармактарга окуя болгон үйдүн видео байкоосуна тартылып калган тасма тараган. Анда көп кабаттуу үйдөн бирөө кулап түшкөнү, аны бир киши кайра үйгө көтөрүп киргени тартылган. Интернет колдонуучулар шектүүнүн сүрөтү тарагандан кийин ал мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгонун жазып чыгышкан. УКМК бул маалыматты ырастап, кармалган 36 жаштагы жаран атайын кызматта 15 жыл иштеп, пенсияга чыгып кеткенин билдирген эле.

Чынтемир Аширалиев Баткендин Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылында туулган. Эки жогорку билими бар. Ал буга чейин коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, спорттун да чебери болгон. Аскердик чини - майор. 2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, утулуп калган.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Кийинки отурум 27-октябрга белгиленди. Маркумдун апасынын айткандары боюнча сот мекемеси азырынча комментарий бере элек.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, өлкөдө акыркы эки жылда жыйырмага жакын аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишисинин колунан мерт болгон. Жыл сайын он миңдей аял күйөөсү, же чогуу жашаган эркектен зомбулук көрүп, укук коргоо органдарына кайрылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG