Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

"Аялды кордогонду Кудай кечирбейт". Ажырашкандан кийин аңдуу оорубу?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмнеге кыргыз коомунда ажырашкандан кийин дагы мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей кол салып же таарынычын балдарынан чыгарган окуялар көп кездешүүдө? Мунун аягы зобмулукка, кылмышка айланганына эмне себеп?

"Сергек жашоо" подкастыбызда бул маселени психолог, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман менен талкуулайбыз.

"Пробация жазадан кутулуу эмес"

- Бүбүсара айым, сиз көп жылдан бери кыз-келиндердин укугу, үй-бүлө зомбулугу боюнча иштеп келе жатасыз. Эркектердин ажырашып кеткенден кийин мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей, зомбулук көрсөтүп, кол салууга чейин барышынын себеби эмнеде? Муну эмнеден көрөсүз? Бул кыргыз коомундагы канчалык жайылган көрүнүш?

Бүбүсара Рыскулова: Мунун бир нече себеби бар. Жада калса коомдо болуп жаткан азыркы жагдайлар да адамдын акыл-эсине, мээсине таасир этет. Башкача айтканда, агрессия күчөп кетти. Экинчиден, айрым эркектер аялды буюмдай кабыл алат. Кулак-мурду кесилген келинди мурдагы күйөөсү буга чейин эки жолу зордуктаган экен. Аны жазалоо ордуна пробация менен бошотуп коюшуптур.

Албетте, гуманизм керек, бирок пробация мыйзамдар сааттай так иштеген өлкөдө болушу керек да. Пробациянын негизинде абактан чыккан киши менен мыкты психологдор, юристтер иш алып барышы керек эле. Бизде пробация менен абактан чыккан кишини көзөмөлдөбөй коюшуп, ушундай кырсык болду.

Өткөн айда Бишкекте үрөй учурган окуя катталды. Эки балалуу келинге беш жыл мурда ажырашкан күйөөсү кол салып, кулак-мурдун кесип салды. Былтыр Каракол шаарында ажырашууну чечкен отуз жаштагы келинди күйөөсү коомдук жайда бычактап өлтүргөн. Ага чейин Ош облусунда мурдагы аялын бычактап кеткен киши кармалган. Мындай кылмыштар мурда да болгон. Баарын санай берсек үрөй учат.

- Эржан мырза, сиз юрист катары пробация маселесине кандай карайсыз? Бүбүсара айым айткандай, бул ыкмага өтүү биздин коом үчүн эрте эмеспи?

Эржан Сулайман: Тутум ийгиликтүүрөөк иштеген өлкөлөрдө пробация учурунда үй-бүлөлүк зомбулук кылган адам атайын түзөтүүчү программадан өтүүгө милдеттендирилет. Мындайча айтканда, атайын психологдор иштеп чыккан программаны милдеттүү түрдө окуп-үйрөнөт. Эгерде "мен туура эмес кылдым, оңолушум керек" деп, киши өзү умтулса, андай программалар майнаптуу болот. Ал жерде психологдор кишинин мүнөзүн, чечим кабыл алуусун, агрессиясын, сабырдуулугун ж.б.у.с. бардык касиет-сапаттарын талдап чыгып, жүрүм-турумдун түрлөрүн окутушат. Адам өзүнө убакыт бөлүп, ойлонуп иш кылыш керек дегендей.

Ошол программадан өтүп, окугандан кийин ал адамга адистер тарабынан баа берилет. Өз агрессиясын кантип жөнгө салса болорун өзү да байкайт, адистер да байкайт. Ошентип, алардын берген баасы, көрсөткөн жолу менен адам түзөлүшү ыктымал. Бирок бизде пробация аркылуу бошонгондоргө көзөмөл болбойт. Алар да кутулдум дегендей түшүнүк менен чыгат. Бизде аны түзөтүү, анын аракеттерине байкоо жүргүзүү, талдоо, ошого жараша чара көрүү иштери жүргүзүлбөйт. Ушундай кайдыгер мамиле болуп жатат.

Аялды уруу Кудайды урууга барабарбы?

- Ажырашуудан кийин айрым аялдар деле таарынычын ортодогу балдардан чыгарганын угуп калып жатабыз. Же болбосо күйөөсүнүн жаңы алган аялына СМС жазып, коркутуп же үйүнө барып чыр чыгарып кеткен учурлар тууралуу да айтылып жүрөт. Бүбүсара айым, сиздин тажрыйбаңызда ажырашып кеткен аялдардын мурдагы күйөөсүнө кол салып же кайсы бир мыйзам бузууга барган учурлары болду беле?

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

Бүбүсара Рыскулова: Ажырашкан аялдын мурдагы күйөөсүнө кол көтөргөн же тынчтык бербеген учурлары биздин тажрыйбада кездешкен эмес. Бирок жубайлар бири-бирин жек көрүп, отурган жерден эле урушуп турса, мындай психологиялык оор жагдай экөөнө эле эмес, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө да таасир этет.

Бизде мыйзам боюнча көп аял алууга жол берилбейт. Бирок андайлар толтура. Бир эркек сегиз бала төрөгөн аялынын үстүнө аял алган экен. Сотто ал киши "Чоңдорго болот, мага эмне үчүн болбойт?!" деп ачык эле айтты. Ал жергиликтүү бай экен. Ошондой учурда чырылдап бизге кайрылган аялдар бар. Аял жаштыгын ошол эркекке арнаса, бардык кыйынчылыкка чыдаса, анан улгайып калганда басынтып атса ыза болот да. Ажырашкандан кийин аялдын СМС жазып же чыр чыгарганы ошол ызадан улам болсо керек.

- Эржан мырза, мына сиз дин жаатында да эксперт болуп жүрөсүз. Бул маселеге ислам кандай карайт?

Эржан Сулайман: Коом кандай баалуулуктар менен жашайт, ошого көңүл буруу зарыл. Коомдун жалпы сабаттуулугу, дүйнө таанымы жагынан аксап жатканын биз жокко чыгара албайбыз. Тил илиминде өз эне тилин 60% билген киши бөлөк тилди 60% ашык үйрөнө албайт деген түшүнүк бар. Чала жетилген адам илим-билимде да, маданият, салт-санаа, дин таанууда да чаласабат бойдон калат экен.

Үй-бүлө куруу сыноосуна ар бир адам туш келет. Элдик салт менен тарбияланган үй-бүлөлөрдө аял киши ажырашкан учурда кайра турмушка чыгышына же балдары менен өз алдынча тиричилигин улантып кетишине көп учурда жол берилбейт. Күйөөсү кайтыш болсо, келин ошол үй-бүлөдө кала берет. Кетем десе кайын-журту балдарын бербей коет, балдары менен кетсе үй-жайын алып койгондор толтура. Үй-бүлө жалпы тапкан мүлктү күйөөсүнүн туугандары келип тартып алып, аял байкуш көчөдө калган учурлар бар.

Ушул жерде кандай салттуу баалуулукка таянуу керек? Эмне, биздин ата-бабалар ушинтип жашады беле деген суроо келип чыгат.

Эгерде мунун жообун учурда калктын көпчүлүк бөлүгү кайрылып жаткан ислам баалуулуктарынан издесек, ар бир эркек аялы анын аялы болгондон мунун, өз ата-энесинин кызы болгондон мурун ал Кудайга таандык инсан экенин билиши шарт. Муну күйөөсү да, аялы да билиш керек. Мисалы, Мухаммед пайгамбардын: "Аялдарыңарга кылган мамиледе Жараткандан корккула, себеби бул үчүн жооп бересиңер!", - дегени бар. Ушул негизде коомду оңдоп-түзөөдө, алдын алууда диндин ролу чоң болушу мүмкүн. Анүчүн албетте, Муфтият, дин аалымдары, динди изилдеп жаткан кишилер өздөрүнө ыңгайлуу нерселерди гана үгүттөбөй, ушундай түшүнүктөрдү да жайылтууга аракет кылышы абзел.

Андай аракеттер такыр жок дегенге да болбойт. Мындай маалыматтарды кээде социалдык тармактардан мен да бөлүшөм, башкалар дагы бөлүшөт. Бирок мындай маалыматтар да карама-каршылыкка туш болууда. Жакшы нерсени айтайын десең да, кескин сындагандар чыгат. Анткени кээ бирөөлөр динди, башкалары салт-санааны, үчүнчүлөрү бөлөк жыныстагыларды жактырбайт. Эркек же аял сүйлөп жатат, анын эмнесин укмак элек деп коюшат. Коом жалпы сабаттуулук, дүйнө тааным, психологиялык жетилүү, сабырдуулук жактан аксап атат.

- Толеранттуулук жетишпейт дейсизби?

- Эмоционалдык интеллект жана рухий интеллект деген түшүнүк бар. Толеранттуу болуштун өзү өтө бийик интеллекти талап кылат. Гарвардды бүтсөң эле интеллектуалдуу же толеранттуу болуп калбайсың. Адамдын көөдөнүндө, дээринде да сөзсүз бир нерсе болуш керек.

Ажырашуудан кийинки чатак

- Эмнеге кыргыз коомунда көбүнчө түгөйлөр ажырашып кеткенден кийин ортодо сыйды сактап, жакшы мамиледе калбайт? Өткөн турмушуна биротоло чекит коюп, жашоону жаңы барактан баштап кетүү татаал? Психологияда бул абал кандай аталат?

Бүбүсара Рыскулова: Жалаң эле үй-бүлөдөгү мамиле эмес, коомдогу болуп жаткан нерселер да ар бир инсандын жүрөгү аркылуу өтүп, үй-бүлөгө таасирин тийгизет экен. Сиз балдардан өч алгандар тууралуу айтып кетпедиңизби. Мына Аламүдүн районунда сот процесси жүрүп жатат. Күйөөсү колунда бар киши экен. Келин "кайнатам тирүү кезде кичине теңсалмактуулук сакталып турчу, жолдошум экөөбүз жакшы эле жашачубуз. Кайнатам каза болгондон жарым жыл өтпөй кайненем басмырлай баштады" дейт. Кыскасы, уруп, үйдөн кууп чыгышыптыр. Төрт баласын көрсөтүшпөйт экен. Зарлап ыйлап жүрөт. Эми соттошуп жатабыз. Алдаса болот жаш башты дегендей, балдарга энесин жамандап коюшуптур. Апасын көрсө эле "Келатат!" деп качат экен. Эртең ал балдардын психологиясы кандай болот?

Балдар ошондой өксүк психология менен турмушка аттанып жатат. Үй-бүлөлүк модель деп коёт. Кыргызда уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат дейт эмеспи. Мында бир эле киши күнөөлүү эмес, мамлекет, жалпы коомчулук дагы күнөөлүү.

- Кырдаалды оңдоо үчүн эмне кылыш керек?

Бүбүсара Рыскулова: Элүү жылда эл жаңы дейт, балким, элүү жылдан кийин башкача болуп калар. Ааламдашуунун чакырыктарына жооп кыла албай жатабыз. Үй-бүлөдөгү мамилени иштеп чыкпасак, психологдордун кеңешин укпасак болбойт. Биз жаңы иш баштап жатканда психолог таппай кыйналганбыз. Ал кезде Кыргызстан психологдорду даярдачу эмес. Мугалимдерди чакырып, өзүбүз окутканбыз. Азыр ар бир ЖОЖ психологдорду даярдап жатышат. Бизге практикага келишет. Бирок билим, тажрыйба жагынан аксашууда. Мугалимдикке жана психолог адистигине көбүнчө окууга өтпөй калгандар тапшырат экен. "Контрагы аз экен, тапшырып койдук" дешет.

Бийлик дагы, Билим берүү министрлиги дагы ушул маселеге өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Эртеңки күнүбүз жарык болсун дешсе, жаш муундар, жалпы эле адамдар менен көп иштеген адистерди көбөйтүш зарыл. Башкача айтканда, мыкты мугалимдерди, психологдорду даярдаш керек. Коомдун акыл-эсин, инсандын акыл-эсин өзгөрүү өтө кыйын тура.


Азыр деле кыргыз тилдүү тажрыйбалуу психологдор аз. Бирок ошондой болсо да кандайдыр бир көйгөйгө туш болгондор аларга кайрылып, кеңеш алышы шарт. Себеби, жан дүйнөсү жабыркаган адам унчукпай жүрө берсе, бир бир күн болбосо бир күн бир жерден чыгарат, т.а. жарылуу болот. Көөдөнүндөгү бук көмүскөдө сакталып кала берет, кичине түрткү болсо эле чыга берет.

- Канча жыл өтүп кетсе дагыбы?

Бүбүсара Рыскулова: Ооба, ошондуктан сөзсүз психологиялык терапиядан өтүшү керек. Үч-төрт жыл болду, биздин уюмдун кызматкерлери Польшага барып окуп келип, түзөтүүчү программа дегенди баштаганбыз. Ушуну зордук-зомбулук жасап, түрмөлөрдө отурган адамдарга адистер барып үйрөтүш керек. Бир нерсеге (аракка, маңзатка же кумар оюндарына) көз каранды болуп калган адамдар көп учурда зордукчул болушат. Бул жакшы программа, бирок аны чыныгы адискөйлөр өтүшү керек. Психологияны үстүрт окуп алгандар тескерисинче, бүлүндүрүшү да мүмкүн.

"Үй-бүлө күтөм десең билим ал"

- Эржан мырза, балким кыргыз коомуна үй-бүлө күтүүнү үйрөткөн мектептер керектир?

Элдин басымдуу бөлүгү эч кимди басынтпай, өзүн да басынтпай жашаса, ошондо коомдо агрессия, зомбулук азаят.

Эржан Сулайман: Психологиялык жана диний жааттан алып караганда да кызыктуу жооптор бар. Мисалы, исламда аялга же эркекке турмуш куруу милдет эмес. Кимдир бирөө жалгыз жашагысы келсе – бул анын өз эрки. Бирок үйлөнөм деген киши үйлөнүш үчүн билим алышы, окушу - милдет. Көрдүңүзбү, үй-бүлө куруу милдет эмес, бирок үй-бүлө курганды үйрөнүү – милдет. Үй-бүлө курганды үйрөнүү, ага даяр болуу, жетилүү үй-бүлө кургандан да маанилүү болуп жатат. Тагыраагы, үйлөнбөй же күйөөгө чыкпай койсоңуз болот экен, бирок даярдыктан өтпөсөңүз, тийиштүү илим-билим албасаңыз болбойт экен. Мына ушул жерде да олуттуу жооп жатат.

Биз үй-бүлөлүк зомбулукка барган жарандарга түзөтүүчү программаларды өткөрөбүз. Бардык чыр-чатактар болор-болбос нерседен башталып, зомбулукка чейин жетет. Психологияда, конфликтологияда чыр-чатактар дайыма курчуй берери айтылат. Ушуну азыр жаштар билбейт. Үй-бүлөдө чыр-чатак кантип башталат? Жубайлар жакшы эле сүйлөшүп жүрөт. Бири-бирин сүйөт, урматтайт дегендей. Бир күнү бирөө үнүн көтөрүп сүйлөйт. Кийинки чыр-чатак чыкканда сөгүнөт же дагы башка катуу сөз айтат. Андан кийин кыйкырат. Андан соң колуна тийген нерсе менен урат да аягы өлтүрүүгө чейин жетет.


Психологияда жүрүм-турумдун үч түрү бар. Бул үй-бүлөдө же жалпы коомдо гана эмес, кишилер менен мамиле түзүүдө, же аял менен эркектин мамилесинде да байкалат. Алсак, бирөө үстөмдүк кылган (эркин таңуулаган) мамиле болот жана өзүнүн эркине, каалоосуна каршы бирөөнүн эркине моюн сунуп жашаган да турум болот. Башкача айтканда, коомдо бирөөлөр басмырланып жашап жүрөт, дагы бирөө өзүнүн эркин башкаларга таңуулап жашаса, үчүнчү бирөө тең ата жашайт.

Демек, туура жашоо - бул өзүңдү башка бирөөнүн басмырлоосуна жол бербөө. Бирок өзүң да бөлөктөрдү басынтпашың керек. Кээде бирөөлөрдүн укугун коргойм деп, бөлөктөрдүн укугун чектеген учурлар да кездешет. Коомдо деле, үй-бүлөдө деле көп нерсени жакшы сөз менен түшүндүрсө болот. Эч кимди басынтпай, ошол эле учурда өзүн да басынтууга жол бербей жашаган адамдарды да жактырбагандар көп болот экен. Себеби, басынтуучулар "бул моюн сунбай жатат" деп жаман көрсө, басынгандар "бул эмне эле кыйын болуп өз эркин таңуулап жатат" деп жек көрөт турбайбы. Элдин басымдуу бөлүгү эч кимди басынтпай, өзүн да басынтпай жашаса, ошондо коомдо агрессия, зомбулук азаят.

- Муну кантип жеткирүү керек?

Адам укугун бузган адамды Кудай эч качан кечирбейт экен. Сен канча жолу намаз окуба, канча жолу орозо кармаба, канча жолу ажылык кылба, бирок бирөөгө азап тартууласаң, күнөөң эч качан кечирилбейт экен.

Эржан Сулайман: Мен интеллектиси абдан бийик, илим-билимдүү, көп тил билген, бирок эмоционалдык интеллекти жактан бала бойдон калган көп адамдарды байкап жүрөм. Андайлар илимпоз дагы болушу мүмкүн, мамлекеттин өнүгүшүнүн багытын аныктаган мен деген инсан болушу да мүмкүн. Ал эми эмоциялык жактан жаш бала. Алар өч алышы, болор-болбос нерселер үчүн таарынып калышы ыктымал. Же кайсы бир нерсени туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Алардын рухий интеллектиси тууралуу айтпай эле коёюн. Негизги көйгөй ошол.

Мындай учурда баалуулуктарды бардык жактап издеп таап, элге жайылтуу зарыл.

Мисалы, ошол эле исламда адамдын жаны Кудайга таандык дешет. Андай болгондон кийин адам акысы (укугу) бузулбашы керек. Мисалы, кайсы бир ата-эне баласына кийим алып берүү же курсагын тойгузуу ордуна өзү барып сыра ичип алса же акчаны көңүл ачууга коротуп койсо, баланын акысын жеп койгон болот экен. Муну укук дагы жөнгө салбайт, муну башка эч нерсе жөнгө салбайт. Бирок диний баалуулуктардан буга жооп таап жатабыз.

Адам акысы деген – бул Адам укугу. Адам укугун бузган адамды Кудай эч качан кечирбейт экен. Сен канча жолу намаз окуба, канча жолу орозо кармаба, канча жолу ажылык кылба, бирок бирөөгө азап тартууласаң, күнөөң эч качан кечирилбейт. Мисалы, Кудай деп жашаган киши жубайын Кудайдын жакшы көргөн пендеси деп түшүнүшү керек. Көчөдөгү ар бир адам, ит, мышык ж.б.у.с. нерселердин баарын Кудай жараткан, мен аларды басмырласам, демек, Кудайга таандык нерселерди басмырлап жатам деп ойлошу керек. Ушул түшүнүктөр төрөлгөндөн баштап адамдын канына сиңсе, абдан жакшы болмок.

Бүбүсара Рыскулова: Эржан, мен сага суроо берейинчи. Азыр мектептен мечиттер көп, анда эмне үчүн ушундай сөздөрдү жума намаздарда же мечитке баргандарга айтышпайт? Чыныгы аалымдар бар болсо эмне үчүн "беш парзыңды аткар, калп сүйлөбө" деп исламдын негизги баалуулуктары тууралуу кеп кылышпайт?

Эржан Сулайман.
Эржан Сулайман.

Эржан Сулайман: Бул тууралуу мен социалдык тармактарда, жолугушууларда айтып жүрөм. Үч нерсени айтып жатам. Биринчиси - адеп. Сакал коюп алып көчөдө түкүргөн, чемичке чаккан - такыр акылы жоктун иши. Дин тутунгандар ушундай экен деп, адамдар айтат да. Адеп-ахлак, жүрүм-турум, адам акысы тууралуу көбүрөөк баян кылыш керек. Мектептерде да ушундай баалуулуктарды жайылтыш зарыл. Мамлекеттик радио, телеканалдардан ушундай баалуулуктарды үгүттөө шарт.

Негизги көйгөй – бул адамдын психологиялык жактан өсүп-жетилбегендиги. Бүгүнкү күндө кишинин аң-сезимине чакырыктар көп болуп жатпайбы. Азыр технология өнүгүп, соцтармактардагы баары эле бактылуу, аларды көргөндөр бактысыз, сторисин тынбай чыгаргандар бактылуу, стористи көргөндөр бактысыз заман болуп калды. Психологиялык сыноо көп. Өзгөчө жаштар үчүн. Алар Инстаграмдан үйлөнгөндөрдүн тим эле жыргап, бактылуу болуп жаткандарын көрүп жатышат. Анан эмне үчүн менин үйүмдө бир болор-болбос нерселер үчүн чыр-чатак чыгат деп ойлошот. Бирок бардык үй-бүлөдө келишпестиктер болот да.

Мындай учурда анализ кылган, окуган, ой жүгүрткөн катмар социалдык тармактар аркылуу үй-бүлө куруу, туура мамиле түзүүнү жайылтса жакшы болмок.

Ажырашкан аялын аңдуу оорубу?

- Кээде эркек жакындарынын басымы менен үйлөнүп алып, анан аялын жактырбай кордогон учурлар кездешет. Кызыгы ал эркек кийин ажырашып кеткенден кийин да "болду, эми жаңы жашоо баштайм" деп кубануу ордуна "сүйкүмсүз аялынын", нервин бузуп, баласын талашып, тартып алып же жанагыдай уруп-согуп кеткен учурлар бар. Муну кандай түшүндүрсө болот? Өзүмчүлдүкпү же оорубу?

Бүбүсара Рыскулова: Бизге жанагындай жабыр тартып келген келиндерден сурасак, сүйүп-күйүп деле үйлөнгөндөр бар. Бирок көпчүлүгү ала качып кеткен же өз эркине каршы күйөөгө бергендер. Кыз баланы көп учурда "Эрге барбаганда жерге бармак белең?" деп күйөөгө узатат. Анан балалуу болот. Бир-эки жыл өткөндөн кийин күйөөсү "Сен мени жактырбайсың, тиякта сүйгөнүң бар болчу!" деп басмырлай баштайт. Же аялы тың чыгып, табышкер болуп калса, "Мен балдар үчүн эле жашап атам, болбосо жаныңа жоломок эмесмин!" деп күйөөсүн кемсинтет. Мындай учурда эркек кол көтөрөт же чөгүп, ичип кетет. Бизге үй-бүлөдө психологиялык басым болду деген эркектер деле кайрылат.

Үй-бүлө мамлекеттин башаты дейт. Минтип бактысыз үй-бүлөлөр көп болсо, анан кантип Мекенибиз бактылуу болот?

Ал эми нике бузулгандан кийин (ажырашкандан кийин), ал сага таптакыр бейтааныш адам болуп калат. Эми сенин ага эч кандай тиешең жок. Эгерде ал адамдын алдынан өтүп баратып бутун тебелеп алсаң, ал өзү кечирмейинче, кечирилгис күнөө болуп эсептелет.

Эржан Сулайман: Менин өзүмдүн баамымда баары эле Кудайга келип такалат. Улутуна, жынысына, билимине, байлыгына, ден соолугунун мыкты же мыкты эместигине карабай ар бир адамдын жаны ооруйт, баары сонун болуп турганда да эч себепсиз эле жабыркашы да мүмкүн.

Адамда дайыма жан менен эгонун күрөшү жүрүп турат. Жан Кудайга, ибадат кылууга, поэзияга ж.б.у.с түбөлүктүү нерселерге умтулат. Эң көп окулган фарсы акыны Жалалиддин Руми Кудайга арнап "Кудай сүйгөнүм" деп ыр жазган. Башкача айтканда, Жаратканды сүйгөнүндөй кабыл алган.

Ал эми эго (дене) баарын ээлеп алгысы келет. Мисалы, көбүрөөк кийим алгысы келет, боёнгусу келет, сырткы көрүнүшүн өзгөртүп, сулуу болгусу келет, көп тамак жегиси келет. Ал денени гана канааттандырууга умтулуп, акыр-аягында аны өлтүрүп тынат. Бул ар бир адамдын канында бар. Муну кээ бирөөлөр аңдап-билет, бирөөлөр билбейт же аларды кызыктырбайт. Адамдын напсиси же эгосу бийлик, байлык, мындайча айтканда, дүйнөнүн баары меники гана болсо дейт.

Эгерде бизге эч нерсе тиешелүү эмес экенин билгенибизде, ушул маселе толук чечилмек. Ислам баалуулуктарында сага сенин денең дагы, жубайың дагы, ата-энең дагы, балдарың дагы таандык эмес, сенин ээлигиңде эч нерсе жок деп айтылат. Нике болгон учурда да (ырас, нике деген бул укуктук, рухий байланыш жана нике болгон учурдагы адам акысына байланышкан таандыктык бар. Мисалы, күйөөсү аялынан бөлөк менен мамиле кылбашы керек, аялы башка мырзалар менен мамиле кылбашы керек деген мыйзам бар) жубайың жеке буюмуңдай нерсе эмес экени динде жазылган.

Ал эми нике бузулгандан кийин (ажырашкандан кийин), ал сага таптакыр бейтааныш адам болуп калат. Эми сенин ага эч кандай тиешең жок. Эгерде ал адамдын алдынан өтүп баратып бутун тебелеп алсаң, ал өзү кечирмейинче, кечирилгис күнөө болуп эсептелет. Мен үчүн адам укугу - ички жан дүйнөм менен ишенген баалуулук. Адам укугу менен диний баалуулуктагы адам акысы экөө бир.

Никенин ичинде да чек бар, ошол чектен өткөндө аялыңдын акысына киресиң, балаңдын акысына киресиң. Мисалы, жубайыңды күнүмдүк тиричиликте керектүү нерселер менен милдетүү камсыздоодон тышкары да исламда романтиканын орду бар. Үй-бүлөдө сөзсүз романтика болуш керек. Эркек өмүр шеригине жылуу сөз айтып, сөзсүз белек берип туруш керек деп айтылат. Алардын сүйүүсү бул ибадат, Кудайга жаккан нерселерди аткаруу дейт.

- Ата-эненин ажырашуусу, "сенин атаң мындай же апаң тигиндей" дей берген да балага тескери таасир этет, туурабы? Ал жаман жолго барып же апасынын (атасынын) атайын ачуусуна тийип, өч алышы мүмкүнбү?

Бүбүсара Рыскулова: Ооба, өч алышы мүмкүн. Психологияда бул нерсе бар. Бала үй-бүлөдө кичинесинен эмнени көрсө, ошондой болуп өсөт. Жапонияда жети жашка чейин курактык психология сабагын өтүшөт. Аларда жан бала жана тең бала деп коюшат. Жаныңдай жакшы көрүп өстүрсөң жан бала болот. Бул баарына жол коё берүү, уруксат бере берүү дегенди билдирбейт.

Ички дүйнөсүнө өзгөчө көңүл буруу абзел. Ичиндирип-кийиндирип, тиякка окуттум, биякка окуттум деп эле койсо, карамүртөз болуп чоңоюшу ыктымал. "Сен ажырашпай, чыдап жашай берсең мындай болмок эмес, ал башка адам менен укмуш жашап жатыптыр" деп катачылыкты атасынан же энесинен издей баштайт. Бирок ага жакшылап түшүндүрүү керек.

Талкуунун аудиосун бул жерден уга аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG