Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

УКМКнын мурдагы офицери үрөй учурган кылмышка шек саналууда


Кылмышка шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон
Кылмышка шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон

Бишкек шаарында эки балалуу аялды мыкаачылык менен өлтүргөн үрөй учурган кылмышка шектүү деп 36 жаштагы жаран кармалды. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгону да маалым болду.

Түн жарымдан ооганда киши колдуу болгон 51 жаштагы аялдын, анын 17 жаштагы кызынын жана жети жаштагы уулунун сөөгүн туугандары Лейлек районуна алып кетти.

Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 16-февралга караган түнү Бишкектин бешинчи кичи районунда жайгашкан көп кабат үйдөгү өз батиринде киши колдуу болгон.

Маркум аялдын туугандарынын бири “Азаттыкка” буларды айтып берди:

“Карындашыбыз интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойгон билимдүү, тарбия көргөн кыз эле. Атасы укук коргоо органдарында райондук, облустук, республикалык деңгээлге чейин көтөрүлүп иштеген. Жалгыз кыз болчу. Бөпөлөп баккан. Карындашыбыз банкта иштеп, өз жашоосуна тың болчу. Бирөөгө жамандык кылайын деген ою да жок эле”.

Туугандарынын айтымында, жалгыз бой аял жети жаштагы уулун кылмышка шектүү эркек менен чогуу тарбиялап жаткан.

Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, чыр ортодогу баладан улам чыкканын жазышты. Бирок муну укук коргоо органдары ырастай элек.

“Шектүү өз колу менен өлтүргөн эркек баланын атасы, кыз болсо карындашыбыздын биринчи турмушунан. Эми жашы жете элек кызда, кенедей балада эмне күнөө? 4-кабаттан ыргытып, буту сынып калса кайра көтөрүп кирип өлтүргөнгө чейин барганын актап болбойт. Карындашыбыз менен мейли урушса да балдардын аралаштырып кереги жок эле. Жашагысы келбесе жашоосунан чийип салса деле болмок. Азыр каныбыз кайнап турат. Эмне себептен мындай жолго барганын биз билбейбиз”.

17 жаштагы кыз өзү жашаган ушул үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн
17 жаштагы кыз өзү жашаган ушул үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн

Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөр энеси, кызы жана уулу экенин, алардын денесине оор залал келтирилгенин аныктаган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милиция "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Үч киши өлтүрүлгөн үйдүн эшигине мөөр басылып, жабык турат
Үч киши өлтүрүлгөн үйдүн эшигине мөөр басылып, жабык турат

Расмий маалыматта ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалганы айтылат. Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.

Социалдык тармактарда окуя болгон үйдүн подъездинен жана короосунан тартылган делген видеодо кыз жогорудан кулап түшкөнү, аны бир эркек ийнине чалкасынан салып алып кайра үйгө көтөрүп киргени түшүп калган. Алдын ала маалыматта аял бычакталып, кыз менен жети жаштагы бала муунтуп өлтүрүлгөнү айтылууда.

Интернет колдонуучулар шектүүнүн сүрөтү тарагандан кийин ал мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгонун жазып чыгышты.

УКМК бул маалыматты ырастап, кармалган 36 жаштагы жаран атайын кызматта 15 жыл иштеп, пенсияга чыгып кеткенин билдирди.

“1986-жылы туулган шектүү А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажысына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулуп, пенсияга чыккан”.

Кылмышка шектүү А.Ч.К.
Кылмышка шектүү А.Ч.К.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүүнү Чынтемир Аширалиев деп жазышууда. Милициянын издөө салган баракчасында да анын аты-жөнү сүрөтү менен жарыяланган.

Чынтемир Аширалиев Баткендин Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылында туулган. Эки жогорку билими бар. Ал буга чейин коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, спорттун да чебери болгон. Аскердик чини - майор.

2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Шайлоо жыйынтыгына макул болбой, башка талапкерлер менен бирге президент Садыр Жапаровго жана БШКга арыз менен кайрылган. Алар Баткендеги шайлоо таза өтпөгөнүн, добуштар бурмаланганын билдирип чыккан.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө акыркы эки жылда жыйырмага жакын аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишинин колунан мерт болгон. Жыл сайын он миңдей аял күйөөсү, же чогуу жашаган эркектен зомбулук көрүп, укук коргоо органдарына кайрылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG