Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

"Бензин кымбаттаса баары кымбаттайт"


Бишкектеги май куйуучу жайлардын бири. 22-сентябрь, 2023-жыл.
Бишкектеги май куйуучу жайлардын бири. 22-сентябрь, 2023-жыл.

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алып, бирок бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө таасир этпейт деп маалымдады. Кымбаттоолор Санкт-Петербург биржасында күйүүчү майдын дүң баасы көтөрүлгөнүнө байланыштырылууда.

Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри бир аптадай убакыт мурда 61.90 сом болсо, азыр 65 сом болду. АИ-95 бензини 65-67 сом болсо, азыр 70 сомго чыкты.

"Орус өкмөтүнүн токтому ЕАЭБдеги өлкөлөргө тиешеси жок"

Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алды. Кыргызстанга күйүүчү майдын көпчүлүк бөлүгү Орусиядан келет. Кыргызстандагы мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов орус өкмөтүнүн бул токтому Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө таасир этпесин айтып, күйүүчү майдын баасы Орусиядагы дүң баага жараша аныкталарын белгилейт:

Канат Эшатов
Канат Эшатов

"Токтом менен биз дагы таанышып чыктык. Ал жерде Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө тиешеси жок деп турат. Эң көйгөйлүү маселе мунайзаттын кымбатташы болуп жатат. Өзүңөр билгендей, күйүүчү майды биз толугу менен Орусиядан алып келебиз. Ошого жараша, ал жакта жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдор бизге коюп берген дүн бааларга жараша Кыргызстандын ичиндеги чекене баалар калыптанат. Жыл башынан бери бензиндин дүң баасы 50%га жогорулады. Ал эми Кыргызстан ичиндеги чекене баалар 20% гана көтөрүлдү".

Кыргызстан жылына 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин күйүүчү май керектейт. Бул сумма ар кандай жагдайларга карап өйдө-ылдый өзгөрүшү мүмкүн.

Соңку эки жылда Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү майдын индикативдик планы 1 млн 200 миң тонна мунайды түзгөн. Бул аталган көлөмдөгү күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ташып келүүгө болот дегенди билдирет.

Ал эми 2023-жылы индикативдик план боюнча 945 миң тонна гана күйүүчү майга келишим түзүлгөн.

"Орусияга көз карандыбыз"

Кошумча күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алуу үчүн учурда эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшүп жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев билдирди:

"Эгер сүйлөшүү менен маселе чечилип калса, анда дагы 255 миң тонна күйүүчү майды эч кандай төлөмдөрү жок алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул баанын арзандашына таасир этет. Дагы кымбатташы мүмкүнбү? Мүмкүн. Себеби Кыргызстан өзүбүздү камсыздай албайбыз. Биз Орусияга көз карандыбыз. Ал эми Орусия биржалык товар катары ал жердеги баасын айтат. Азыр тенденция өсүп жатат. Муну бир ай мурун болжолдоп айтуу болбойт. Бирок бүгүнкү күндө абал туруктуу - бир айга чейинки запастар бар".

Бишкектеги май куйуучу жайлардын бири. 22-сентябрь, 2023-жыл.
Бишкектеги май куйуучу жайлардын бири. 22-сентябрь, 2023-жыл.

Азырынча дизель майынын баасы 67-69 сомдун айланасында өзгөрүүсүз турат.

"Бензин кымбаттаса - базар кымбаттайт"

Шаарда эл ташыган таксисттер май кымбаттагандан бери иши акталбай жатканын айтып нааразы. Алардын бири Токтосун Жакыпов мындай деди:

"Ушундай маалда элди колдоп дизелди арзандатып берсе, эл түшүмүн жыйнап алса, бизге да жакшы да. Арзанчылык болот. Күйүүчү май канча кымбаттаса, элге ошончо кыйын болуп жатпайбы. АИ-95 көтөрүлүп 71 сом 50 тыйын болуп калыптыр. Кесепети баардык нерсеге тийип жатат. Бензин кымбаттаса, базардагы баалар өсүп жатат. Биз такси кызматын кымбаттатып жатабыз".

Ал эми Марат аттуу айдоочу буларга токтолду:

"Бензинди 65 сомдон куюп жатабыз. Бул кымбат да. Мунун залакасы аябай эле тийип жатат. Баары эле кымбат болуп жатат. Азык-түлүк да кымбат. Анткени баары ташып жүрүү менен байланыштуу. Бизге деле такси айдаш өзүн актабай калды. Айла жок, башка жумуш жок. Тыгында турабыз. 50 сом өйдөрөөк айтсак, кардарлар урушат. Кыйын эле болуп жатат".

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларынан кийин Орусияда мунай казуу солгундаганын, бул мунайзат көлөмүнүн азайышын шарттап, заводдордо анын баасынын көтөрүлүшүнө алып келгенин билдирген. Кыргызстандагы соңку мезгилдеги кымбаттоолордун себеби ушул жагдай менен да байланыштырылып жатат.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы жайында да билдирүү таратып, өлкөдө бензиндин бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбаттай турганын маалымдаган. Ишкерлердин уюму мунун себебин дүйнөлүк рынокто мунай баасы кымбаттап баратканы менен түшүндүргөн. Ушундан кийин, 5-августта Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматтарынын, атамекендик нефтетрейдерлердин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу май жогорулатылган баада сатылып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын карманууну сунуштап, бааларды төмөндөтүү зарылдыгын, мындан ары майдын бир литринин баасын 63-64 сомдон ашырбоо зарылдыгын белгиледи. Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизел майынын баасын төмөндөтүүгө байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын мунай рыногунда "Газром Нефть Азия", "Роснефть" ("Кыргызнефтепродукт" ЖЧКсы) жана "Ред Петролеум" ("Альфа Ойл" ЖЧКсы) компаниялары үстөмдүк кылат. Үчөө биригип рыноктун 60% жогору үлүшүн ээлейт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG