Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Энергетика: өкмөт кышында жарык өчүрүлөрүн эскертти


"Токтогул" гидроэлектр станциясында быйыл суу аз чогулду.
"Токтогул" гидроэлектр станциясында быйыл суу аз чогулду.

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык абал калкты өзгөчө кооптондуруп турат. Суунун тартыштыгы тармактагы каатчылыкты курчутуп, өкмөт бул кырдаалдан чыгуунун айла-амалын издеп жатат. Бирок кыргыз бийлигинин энергетикадагы абал боюнча маалыматтары бири-бирине каршы келип, чечимдерин улам өзгөртүүдө.

Буга чейин энергетика министри кышында электр энергияны берүүдө маселеси болбойт деп келсе, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыш оор болорун эскертти. Ал энергетикадагы абалды жөнгө салуу үчүн жарандарды дагы үч жыл чыдоого чакырды.

Кыш мезгили жакындаган сайын кыргыз өкмөтүн энергетика тутумундагы абал бушайманга салууда. Бул жаатта утур-утур билдирүүлөр жасалып, кырдаалдан чыгуунун айла-амалы каралып жатканын көрсөтүп жатат.

Кышында жарык өчөбү?

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда курган маалымат жыйында быйылкы кышта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой турганын билдирди. Бирок эгер калктын жарыкты колдонуусу көбөйүп кетсе, көмөк чордондор менен чубалгылардагы чыңалууну азайтуу үчүн эртели-кеч 1-2 сааттан өчүрүүгө мажбур болорун эскертти:

“5 КВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Эч ким 10 КВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Анткени биздеги бир фазалуу линиялар 5 КВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары күйүп кетет. Союз убагында саатына 3 КВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 КВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлардын техникалык шарттары бар, ошого жараша колдонушат, аларды эч ким чектей албайт. Анткени анын колунда документ турат. Кышында чектөөлөр болбойт, эң көп колдонулган учурда гана ошол көмөк чордондо чыңалуу өсүп кетсе, аны башка фидерге которуу үчүн 1,5-2 саатка өчүрүлөт. Бул жөнгө салуучу чара. Биз жашырбайбыз, былтыр да ошондой кылганбыз. Биз эгер антпесек, ошол көчөдөгү трансформатор өчөт дагы, аны кайра кошуп, жаңылатканга 3-4 күн керек болуп калат. Биз ошол убакыттан өтүп кетишибиз керек. 1,5-2 сааттын ичинде эч ким үшүп калбайт”.

Ал эми үч фазалуу абоненттер чарбалык керектөөгө 10 КВт/саат жана жылытууга 7 КВт/саат электр энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Бирок алар дагы электр көп колдонулган эрте мененки жана кечки мезгилдерде керектөөсүн өзү чектөөгө милдеттүү болот. Антпесе, энергетиктер анын уруксат кагазын жокко чыгарат же тартиптик чара көрөт.

Жакында энергетика министрлиги күз-кыш мезгилинде калкка электр энергияны 5 КВт/сааттык чектөө киргизилип, үйдү жылытууда электр мештерин колдонууга тыюу салынарын билдирген. Бул эл арасында кызуу талкууну жаратты.

Энергетика министринин соңку билдирүүлөрү бир ай мурдагы убадаларына коошпой жатат. Маселен, Ибраев 31-июлда "Азаттыкка" курган маегинде аймактардагы өчүрүүлөр ремонт иштерине байланыштуу экенин айтып, кышында өчүрүүлөр болбой турганын убада кылган.

"1-ноябрдан тартып ремонт иштери таптакыр токтойт, анан өчүрүүлөр болбойт. Биз анан кайсы убакта ремонт жумуштарын жүргүзүшүбүз керек?" - деген эле министр.

Арийне, аймактарда жарыктын өчүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда күн алыс жазылып келет.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы ГЭСтери. Аталган ГЭСтер өлкөдөгү электр энергиясынын 86% жакынын өндүрөт.

Министр учурдагы каатчылыкты жалпы тармактагы эмес, электр энергиясын өндүрүүдөгү таңкыстык деп атады. Мекеме мындай каатчылыктан чыгуу үчүн алдыдагы үч жыл ичинде бир катар ири ГЭСтерди куруп, жетишпей жаткан 3 млрд КВт/саттан ашуун жарыкты өндүрүүнү жана 2027-жылдан тарта экспортко чыгууну максат кылууда.

Жапаров: 30 жыл чыдаганбыз, үч жыл да чыдайлы

Мындан эки күн мурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетикадагы абал боюнча билдирүү жасап, быйыл абал оор болорун эскертти. Ал кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын болушунча үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

“Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыкты өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак. Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек. ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Орусиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем”, - деп жазды Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы кайрылуусунда жакынкы жылдары курула турган энергетикалык кубаттуулуктар боюнча бир кыйла оптимисттик маалымат берген. Ага ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын соңуна чейин жалпысынан 4ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 ГЭС жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат. Мындан тышкары, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 курулуп бүтсө, экөө биригип 2 ГВттан ашуун электр энергиясын өндүрө баштайт.

Акылбек Жапаров кайрылуусунда мурунку президенттердин кышында коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын накталай акчага сатып алуу тажрыйбасын азыркы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын пайдасына өзгөрткөнүн белгилеген. Анын сөзүнө ылайык, жайында Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн агызган суудан электр энергиясы өндүрүлүп, ал кышында карызга алган жарыкка алмаштырылып жатат.

11-сентябрга карата Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн3 бир аз ашат. 2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд3 көп болчу.

Суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Көп өтпөй энерготармакта абал туруктуу экенин, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Эксперттер өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдык ишинде бири-бирине коошпогон жагдайлар орун алууда деп эсептешет. Буга Бишкекте Кара-Кече көмүрүн жагуу, үйлөрдү электр мештер менен жылытуу боюнча расмий бийликтегилердин ар башка пикирлерин мисал келтиришет.

"Кырдаал чынында оор"

Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков кырдаал оор экенин, элге ачык айтып, абалды түшүндүрүү керек экенин белгиледи.

Эрнест Карыбеков
Эрнест Карыбеков

"Импорт дагы жетпейт, ошондуктан маал-маалы менен аргасыз өчүрүүлөр болот. Ошондуктан баарын ачык айтыш керек. Эки күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров ачык эле айтты. Электр жарыгы аз болуп жатат деп маселенин учун чыгарды. Абал оор экени чындык. Жакшылык эле болсун деп тилек кылалы. Ушул абалга алып келген аткаруу бийлигинин дагы күнөөсү бар. Эми мындай абалдан эптеп чыгышыбыз керек", - деди Карыбеков.

Энергетика тармагындагы кырдаал, кышка даярдык маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. 7-сентябрдагы сессияда бир катар депутаттар тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырып, маалымат алуу керектигин айткан.

"Өкмөт быйыл сууну ашкере көп агызды"

Министрлер кабинети быйыл күз-кыш мезгилине карата Түркмөнстан менен Орусиядан 3,4 млрд КВт электр энергиясын импорттогону турат. Былтыр да ушундай эле көлөмдөгү жарыкты Түркмөнстан менен Казакстандан сатып алган. Бирок Өзбекстандагы каатчылыктын курчушунан улам, өзбек энергетиктери транзиттик милдетин аткара албай, Түркмөнстандын электр энергиясы Кыргызстанга белгиленген мөөнөттөн бир кыйла кеч келген.

Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев өкмөттүн кышка даярдык иштерин өтө начар деп баалады. Ал Түркмөнстан менен Орусиядан келүүчү импорттук электр энергиянын куткарарына көп ишенбей турат. Анткени транзиттик Казакстан менен Өзбекстандын өздөрүндө энергокаатчылык курч болуп турган чакта, алардын жогорку чыңалууда иштеп жаткан чубалгылары Кыргызстанга зарыл болгон кубаттуулукту өткөрүп бере алары күмөн.

Эксперт Өзбекстан жана Казакстан менен жайында электр энергиясын экспорттоо боюнча түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн пайдасыз болгон деп эсептейт. Анын пикиринде, талаа иштери үчүн сугат сууга кызыкдар болгон коңшулар жайдын күнү жарыкка муктаждыгы болбосо дагы, Токтогул суу сактагычыныдагы суунун көп агышына шарт түзүп алышкан:

“Жайкы мезгилде Кыргызстан бир күндө 24-26 млн КВт электр энергиясын колдонот. Быйыл өзгөчө ысык болду, кондиционерлер менен насостор тынымсыз иштеп атты. Мындан улам керектөөчүлөр 28-30 млн КВт пайдаланды. Аны өндүрүү үчүн 190-210 куб/секунда суу кетиши керек эле. Электр энергиясынын коңшуларга экспорту суткасына 6-8 млн КВт болсо, болжол менен 70-80 куб/секунда суу кошумча агат. Жалпылап, орто эсеп менен алсак, 280-320 куб/секунда суу кетиши керек эле. Бирок быйыл жайкы мезгилде – июндан сентябрга чейинки үч айда секундасына 380-460 куб суу агып атпадыбы. 10-120 куб/секунда суу ашыкча кетип атты. Эгерде биз үнөмдөсөк, былтыркыдай болуп 13,8 млрд3 суу топтой алмакпыз. Тилекке каршы, андай болгон жок, агызып жиберишти. Анан майнинг компаниялар дагы иштеди. Алар дагы өтө көп, 200-300 МВт электр энергия колдонуп, алар дагы жеп койду”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылы энергетикалык станциялар 13,9 млрд КВт электр энергиясы өндүргөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3% аз. Ал эми калктын керектөөсү 16,1 млрд КВт болгон, жетпеген 3 млрд КВттан ашуун кубаттуулук Түркмөнстан менен Казакстандан сатып алынган. Статистикалык маалыматтар өткөн жылы электр жарыгынын жалпы коромжусу 17% болгонун көрсөтөт. Бул болжол менен 2,4 млрд кВт , анын 95,2% техникалык жоготууларга туура келет.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы статистикалык маалыматтарды карай турган болсок, Кыргызстан жалпысынан 2,1 млрд КВт же былтыркы жылдын алты айына караганда 32% көп электр энергиясын импорттоду. Анын 48% Түркмөнстандан, 32% Казакстандан, 13% Орусиядан жана 7% Өзбекстандан алынган. Мынча көлөмдөгү кубаттуулукту сатып алууга 57 млн доллардан ашуун каражат сарпталган.

Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айларында энергетика тармагына 24 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын ичинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө берилген каражат 4,3 млрд сомду түзөт.

Бишкекте Кара-Кече көмүрү кайрадан сатылмай болду

Бишкекте кышта Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынды. Беш күн мурда энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкек Казакстандын гана көмүрүн колдонорун, Кара-Кеченикине тыюу салынганын жар салган.

11-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев бул боюнча Бишкек мэриясы менен калаадагы ышты азайтуу боюнча талкууда гана сөз болгонун белгиледи. Ал Кара-кече көмүрүнө тыюу салынбастыгын, баасы 5000 сомдун тегерегинде болорун айтты.

Бишкек: Ыш көйгөйү жана Кара-Кеченин көмүрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
  • 16x9 Image

    Кубатбек Айбашов

    "Азаттыктын" кабарчысы.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG