Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

Акылбек Жапаров электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал өз кайрылуусун 9-сентябрь күнү Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак. Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек. ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Орусиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем”, - деп жазды Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын соңу чейин жалпысынан 4ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 ГЭС жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат. Мындан тышкары, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 курулуп бүтүп 2000 МВттан ашуун электр энергиясы өндүрүлө баштайт.

Акылбек Жапаров мурунку президенттердин кышында коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын накталай акчага сатып алуу тажрыйбасын азыркы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын пайдасына өзгөрткөнүн белгилеген. Анын билдирүүсүндө, жайында Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн агызган суудан электр энергиясы өндүрүлүп, ал кышында карызга алган жарыкка алмаштырылып жатат.

Быйыл Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн кубдан бир аз ашат. 2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд кубга көп болчу.

Суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Министрлер кабинети быйыл күз-кыш мезгилине карата Түркмөнстан менен Орусиядан 3 млрд КВттан ашуун электр энергиясын импорттогону турат.

Өкмөт өлкө боюнча кышында электр мештерин колдонууга тыюу салды. Жарык ар бир абонентке 5 КВт/саттык чектөө менен бериле турган болду. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG