Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:31

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети энергетикалык ишканалар 2022-жылы 13,9 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3% аз экенин билдирди. Былтыр Кыргызстан 16,1 млрд кВт/саат электр жарыгын керектеп, 550,0 млн кВт/саат электр энергиясын сыртка экспорттоду.

Статистика комитети өткөн жылы электр жарыгынын жалпы жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат болгонун, анын 95,2% техникалык жоготууларга туура келерин кошумчалады.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 86% жакынын өндүрөт.

Энергетика министрлиги быйыл кышында үйлөрдү электр жарыгы менен жылытууга тыюу салынарын билдирди. Мекеме муну “Токтогул” гидроэлектр станциясында (ГЭС) суу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд куб метр аз топтолгону менен байланыштырууда.

Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилинде Орусия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG