Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Кыргыз-өзбек мамилеси: суу, темир жол жана соода


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Чолпон-Ата, 16-август, 2023-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Чолпон-Ата, 16-август, 2023-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык саясий талаш жаратып келаткан чек аралары такталып, чечилгенден кийин жандана баштады.

Эки тарапты дагы кайсы кызыкчылыктар бириктирип, биргелешкен кандай долбоорлор мерчемделип жатат?

16-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү.

Ага катышуу үчүн бир күн мурда коңшу мамлекеттин премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Кыргызстанга келген.

Чолпон-Атада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен премьер-министр Абдулла Арипов баштаган делегация эки мамлекет ортосундагы кызматташуу “мурда болуп көрбөгөндөй” ыргакта жүрүп жатканын белгилешти:

“Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өз ара товар жүгүртүүнүн өлчөмү 32 пайызга көбөйүп, рекорддук 1 млрд 260 млн долларга жетти. Тилекке каршы, биздин статистика боюнча, быйылкы жарым жылда динамика бир аз басаңдап, азайды. Ошого карабай бизде азырынча пайдаланыла элек зор потенциал бар”.

Абдулла Арипов Садыр Жапаров менен кечээги жолугушуусун эске алып, "президент мырза кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, милдеттерди койду. Биз сиздер менен бирге, урматтуу Акылбек Үсөнбекович, бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн иштерди жүргүзүүгө даярбыз", - деди.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү артып, өкмөттөрү бир катар биргелешкен долбоорлорду мерчемдеп жатканын айтты:

“Биздин алдыбызда президенттерибиз койгон товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү милдети турат. Бизде ага жетүү үчүн бардык шарттар бар. Аймакка маанилүү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип куруу боюнча жумуштар жүрүүдө. Кыргызстан суу-энергетикалык комплекстүү маселелер боюнча ар тараптуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен дайыма ачык бойдон калат. Биздин бардык мамлекеттердин өнүгүүсү сууну иштетүүдөн көз каранды, бул Борбор Азияны бириктирүүгө кудуреттүү жана бириктире да ала турган фактор деп эсептейбиз”.

Эки мамлекеттин алдыга койгон долбоорлорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлгөн, анын алгачкы капиталы 50 млн доллар.

Акылбек Жапаровдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда Өзбекстандын капиталы салынган 60 ишкана жумушун баштап, азыр иштеп жатат. Анын 22си биргелешкен ишкана, калган 38и өзбек капиталы менен иш алып барууда.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун пикиринде, ар кайсы форматтагы кездешүүлөрдө товар айлантууну 1 млрд долларга жеткирүүнү, кийинчерээк аны 2 млрд долларга чыгарууну макулдашкан учурлар көп болгон.

Ибрагим Жунусов.
Ибрагим Жунусов.

“Эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү мурда 270-300 млн эле доллар болчу. Алгач бизге аны 500 млн долларга жеткирүү тапшырмасы коюлган. Кийин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү, анан 2 млрд долларга көтөрүү керек деп айтылды. Былтыр ошол бир миллиарддык чектен өттүк. Мына акыркы эки жылда мамиле жакшырды. 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында эң көп гуманитардык жардамды Өзбекстан, өзбек эли берди. Буга ыраазы болуп, унутпашыбыз керек. “Камбар-Ата -1 ГЭСи” боюнча пикиримди дайыма ачык айтып келем, элчи болуп иштеп турганда да ачык айткам – колдон келсе суунун башын, суу ресурстарыбызды өзүбүз башкарышыбыз зарыл”.

Быйыл январдын башында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов аталган гидроэлектростанцияны куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Ага ылайык Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Эмил Узакбаев ар кандай жагдай, себептерден улам мамиле курчуп кеткен да учурлар болгонун, келечекте андай болбосуна кепилдик жок экенин белгилеп, сууну пайдалануу жаатында Кыргызстан эске алчу жагдайларды атады.

“Эки мамлекеттин мамилесинде оор учурлар да болгон. Мисалы, мен элчи болуп турган жылдарда чек ара такталбай, газ берүү үзгүлтүккө учурап, Ислам Абдуганиевич менен биздин президенттин мамилеси салкындаган. Ушундай жагдайлар эки өлкөнүн кызматташуусуна, соода-экономикалык, илимий-маданий-гуманитардык алакаларга терс таасирин тийгизген. Азыр эми мамиле жакшырып жаткан маал. Шавкат Миромоновичти жакындан тааныйм. Ал киши бийликке келип, биздин бийлик жаңыланып, кызматташтык жакшы жолго түштү. Эми “Камбар-Ата-1" долбоору тууралуу айтсак, Кыргызстандын негизги байлыгы - бул суу. Мындан бир канча жылдар мурда “бир убакыт келет, суу сатылат, суу бензинден кымбат болот" десе “кантип ошондой болсун” деп күлчүбүз да. Мына ошол заман азыр келди. Дүйнөлүк эксперттердин баамында, суунун барк-баасы ченемсиз болгон заманга жеттик. Кыргыздын жараны, уулу катары айтарым, мүмкүнчүлүк таап, ГЭСти өзүбүз курсак жакшы болмок. Бүгүн эми мамилебиз жакшы болуп турат. Бирок ар кандай жагдайларга, геосаясий абалга жараша өзгөрүп турат да. Келечекте суу биздин белдүү рычагыбыз болмок, анын баасын дүйнөлүк рынокко карап өзүбүз бычмакпыз. Биздин улуттук кызыкчылыкка, биздин улуттук саясатка тууралап соодалашканга, сүйлөшкөнгө, сатып алганга жакшы шарт түзүлмөк. Эгер Өзбекстан дагы, Казакстан дагы “Камбар-Ата-1" ГЭСине уюштуруучу болуп кирсе, албетте, алар өз кызыкчылыгына жараша сөзүн айтат. Бизге кышында электр кубаты үчүн суу агызган пайда, аларга тескерисинче, суу пахтасын, жер-жемишин, айыл чарба продукциясын сугарыш үчүн жайкысын керек”.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дагы бир ири долбоор - бул Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу. Былтыр сентябрда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити маалында бул долбоор боюнча макулдашууга кол коюлган.

Кийин 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга жетишилген.

Чолпон-Атадагы өкмөттөр аралык жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты 49 жылга башкарууга берип жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Канатбек Тургунбеков билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан “Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана “Бустон” пансионаттарынын ар бирине 15-20 миллиондон доллар инвестиция жумшоону көздөп жатат.

Канат Тургунбековдун маалыматында, мындан тышкары Азербайжан менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу долбоору пландалууда. Казакстан дагы төрт пансионатка инвестиция салууну көздөп жатат.

Чолпон-Атада өткөн жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык жана билим-илим байланыштарын арттыруу зарылдыгы да белгиленди. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында ноябрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө пландалууда. Абдулла Арипов 7-10-сентябрда Өзбекстанда өтө турган этноспорт фестивалына кыргызстандык спортчуларды чакырды.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун жыйынтыгы менен протоколго кол коюлду.

Ага чейин...

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл 26-27-январда Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында өз ара алака-катышты чыңдап, өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

Мирзиёевдин эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында бизнес форум уюштурулуп, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өткөн.

Кол коюлган документтер:

  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтарын алмашып туруу жаатында иштешүү тартиби жөнүндөгү протокол;
  • Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз-өзбек өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы кыргыз өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протокол;
  • 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол;
  • 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
  • Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • 2023-2025-жылдарга карата Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Наманган облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Анжиян облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму;
  • “Дастан ТНК” ААКсы менен TOSHELECTRAPPARAT ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);
  • Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы Baxodir Log'on Tekstil (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, президенттер кол койгон келишимдерди аткаруу маселесин талкуулаган. Ал бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Анда эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу "жол картасы" кабыл алынган. Ага бир катар долбоорлор кирген:

  • Ташкент жана Бишкек шаарларында "Made in Kyrgyzstan" жана "Made in Uzbekistan" дүң жана чекене соода жүгүртүү борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү жөнүндөгү "жол картасы";
  • Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү “жол картасы”;
  • "ДТ Техник" (Кыргызстан), "НУР" (Кыргызстан) жана "Узавтосаноат" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (SKD) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • ""ДАСТАН" Трансулуттук корпорациясы" (Кыргызстан) менен “Тошэлектроаппарат” (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда акылдуу эсептегичтерди даярдоо, чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" жана "Узкимеимпекс" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосундагы көмүрдү жеткирүү (экспорт) боюнча 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү келишим;
  • "Бишкек машина куруу заводу" жана "ЧирчикМашАгро" ишканаларынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;
  • Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өзбек-кыргыз жумушчу тобунун биринчи отурумунун протоколу;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти менен Өзбекстанстандын "Агросервис оператору" мамлекеттик унитарлык ишканасынын ортосунда жашылча жана мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитетинин алдындагы Балык чарба илим-изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти менен Өзбекстанстандын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо агенттигинин Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо илимий-изилдөө институтунун ортосунда органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Ак-Моюн, Кара-Моюн, Эмгек-Талаа, Сары-Ой, Учкун, Ак-Кудук жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы “Baxodir Log`on Tekstil” жоопкерчилиги чектелген коому менен (Өзбекстан) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү үчүн (8 миллион долларлык келишим);
  • Ат-Башы акимчилиги менен Baxodir Log`on Tekstil ишканасынын (Өзбекстан) ортосундагы биргелешкен топоз өстүрүү (багуу) жөнүндө меморандум;
  • Vision Group (Кыргызстан) менен Mega Farm Service (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (10 миллион долларлык келишим);
  • Halmion Prom (Кыргызстан) менен Child Toys Corporation (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда эмеректерди жана желим куурларды жана буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (3 миллион долларлык келишим);
  • "Тооке ЖТ" (Кыргызстан) менен SAYQAL (Өзбекстан) ишканаларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (500 миң долларлык келишим).

Июнда президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэл Темиралиевдин Өзбекстанга сапарынын алкагында коңшулардын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн доллар инвестиция салууга даяр экени маалым болгон. Аталган агенттиктен 5-июнда билдиришкендей, Темиралиев Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугуп, жыл аягына чейин ишке ашырыла турган келишимдердин аткарылышын талкуулаган.

Коңшулар Кыргызстанда базальт буласын өндүрүү, кальций карбидин чыгаруу, текстил ишканаларын куруу жана кварцты байытуучу завод ачууну да пландап жатышканы айтылган маалыматта.

Отуз жылга жакын убакыт чек араларын тактай албай келген Кыргызстан менен Өзбекстан быйыл жыл башында бул жаатта тил табышкан.

Ага ылайык эки мамлекет өз ара пайдалуу деген мунасага келип, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди коңшусуна өткөрүп, анын ордуна чек араны бойлогон айрым аймактардан жер алганын билдирген.

Буга каршы болгон отузга жакын активисттер, саясатчылар жана блогерлер Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде жыйын өткөрүп, анын аркасынан былтыр, октябрь айында камакка алынган. Учурда алардын он төртү тергөө абагында жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы же 85 пайызы такталган, андан берки убакытта калган 13 пайызга жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда Бишкекке иш сапары менен келгенде эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө башкы документке кол коюлган.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG