Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Екатеринбургда 1930-жылдары өлтүрүлгөн эки миң адамдын сөөгү табылды


Екатеринбург. 1930-50-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориал.
Екатеринбург. 1930-50-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориал.

Екатеринбургда археологдор НКВДнын мурдагы ок атуучу полигонунда акыркы 30 жылдагы алгачкы ири изилдөө иштерин жүргүзүштү. Ал жерден 1930-жылдары өлүм жазасына тартылган эки миңге жакын адамдын сөөгү жапырт көмүлгөн 52 көрүстөн табылган.

It’s My City басылмасы билдиргендей, Московский трактындагы сөөктөр биринчи жолу 1960-жылдардын аягында курулуш иштери учурунда аныкталган. Тарыхчылар анын мүмкүн болгон аянтын 75 гектарга жакын деп эсептешкен. Ири изилдөө иштери жаңы эле башталды.

Окумуштуулардын айтымында, сөөктөр казып алынган жок. Алардын мындан аркы тагдырын жергиликтүү бийлик чечиши керек.

Тарыхчылар сөөктөрдү казып алып, тек-жайын аныктоо жана зыйнаты менен кайра көмүү керек деп эсептешет. Ошондой эле полигондун аймагына коргоого алынган жер макамын берүү, тегерегиндеги курулуш иштерин археологиялык көзөмөл астында жүргүзүү керектигин белгилешүүдө.

1936–1940-жылдардагы жапырт репрессиядан СССРдин Куралдуу күчтөрүндөгү жогорку аскердик билими бар офицерлердин саны эки эсе кыскарган.

Башында репрессия курмандыктары коомдук-саясий ишмерлер, маданий жааттагы мыктылар, экономикалык чарбалык тармакта эмгектенгендер, билим берүү, агартуу тармагын жөнгө салгандар болсо, 30-жылдардын аягында узун тизмеге жарандык согушта жана контрреволюциялык кыймылды жоюуда эрдик көрсөткөн Кызыл армиянын аскер жетекчилери кошулган. Кыргызстандын бир топ илимдүү-билимдүү кишилери ошол жылдары өлтүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG