Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Тарыхта калган репрессиялар


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Репрессия сабактары

Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча съездге 100 жыл толду. 1922-жылы июнда Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев баштаган кыргыз саясатчылары, илимпоздору, кызматкерлери Тоолуу Кыргыз облусун түзөбүз, өз алдынча мамлекет болобуз, биз байыркы улутпуз, жаңы, социалисттик мамлекетке тарыхый, саясий, этникалык, географиялык, экономикалык ж.б., эң негизгиси моралдык укугубуз бар деп шымалана киришет.

Ошол кезде төбөсү көрүнгөн кыргыз ишмерлеринин баары эле бул демилгени колдоп жиберген эмес. Айталы, Жетисуу облустук бийликтин өкүлү Рахманкул Худайкулов баштаган топ буга караманча каршы болгон. Ар кандай ачык жана тымызын тоскоолдуктарды жараткан, чагым, кутумдарды уюштурушкан.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938).
Абдыкерим Сыдыков (1889-1938).

Ошентип өтө кооптуу жана кыйын кырдаалда уюштуруу съезди өтөт. Абдыкерим Сыдыков съездин 4-күнү гана доклад жасап, ал сунуштаган долбоорду делегаттардын көбү колдойт. Съезд чагымчылардын аракетинин натыйжасында ызы-чуу менен коштолот. Акыры борбордук бийлик тарабынан съезд таркатылат, чечим ошол бойдон ишке ашпай калат.

Бирок ошол Тоолуу Кыргыз областын түзүү аракети ошол жылы ишке ашпай калганы менен текке кеткени жок. Бул эки жылдан кийин Кара-кыргыз Автоном облусун, 1926-жылы Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасын, 1936-жылы Кыргыз ССРин түзүүгө саясий, укуктук жана идеологиялык өбөлгө болгон.

Съездин демилгечилери жана ушул идеяны колдогон, ишке катышкандардын баары акыры жазаланат. Адегенде кызматтан алынат, кийинчерээк камалат, сүргүнгө айдалат, акыры атылат. Өз алдынча кыргыз мамлекетин түзөм дегендердин бири калбай репрессиянын улам бир толкунуна кабылат.

Репрессия дегенде биз адегенде ар кандай айып менен жазаланган адамдарга карата 1933-1937-жылдарда туу чокусуна жеткен саясий кыргын-сүргүндү түшүнөбүз.

Кыргыз Республикасынын 1994-жылы 27-майда кабыл алынган “Саясий жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жабыркап, реабилитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” N 1538-XII мыйзамында саясий репрессияга ушундай аныктама берилген.

Мыйзамдын 1-беренесинде "Саясий репрессиялар деп соттордун жана сот функциясына ээ башка органдарынын чечимдери менен же аткаруу бийлиги жана кызмат адамдары тарабынан административдик тартипте таптык, социалдык, улуттук, диний жана башка белгилери боюнча мамлекет же саясий түзүлүш үчүн социалдык жактан кооптуу деп таанылган, саясий жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча эркинен же өмүрүнөн ажыратуу, психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоо, жарандыгынан ажыратуу, сүргүнгө айдоо, атайын жайларга жиберүү, эркиндиги чектелген шартта зордоп иштетүү, калктын тобун жашаган жеринен күч менен көчүрүү сыяктуу мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралар эсептелет”, - деген татаал аныктама жазылган.

Репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо процесси 1953-1954-жылдары башталып, 1958-жылы уланган, 60-жылдары басандап барып, 80-жылдардын аягында адегенде Компартиянын Борбордук комитетинин токтому, 1989-жылы СССР Жогорку Советинин указы менен ишке ашкан. Кийин эгемендик калыбына келген соң Кыргыз Республикасынын расмий бийлиги өз мыйзамы менен реабилитациялады.

Айтылуу акын Казыбек казалчы быйыл эле Жогорку Соттун чечими менен акталды. Бирок биз ошол репрессиялардын масштабын, категориясын, процесстин жүрүшүн, этаптарын, курмандыктардын тагдырын али толук тактай элекпиз. Кесепетин аныктап, сабактарын алууга тийишпиз.

Кыргыз коомчулугун бул маселе ойлонтуп, түйшөлтүп келет. Атайы изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, жүздөгөн макалалар жарыяланды, жеке иликтөөлөр, документалдык баяндар, долбоорлор бар. 1930-жылдардагы репрессия курмандыктары тизмеленген китеп да чыкты.

“Эсимде” теледолбоору да бир топ иш кылып жүрөт. ЖМКлар өз платформаларында иликтөөлөрдү, конкреттүү тагдырларды, баяндарды жарыялап келет. Баарына кайрандардын арбагы ыраазы болсун. Абдан керек иш. Ошентсе да маалыматтын аздыгынанбы же кызыгуу зарылдыгынын жетишсиздигиненби, айтор көпчүлүк репрессияны саясий процесстер менен чектелген 30-жылдардагы окуялар катары кабылдайт.

Ал тургай 20-жылдардын башындагы трагедиялуу окуялар, согуштан кийинки жазалоо, куугунтук иштери репрессия менен байланышы жоктой сезилет. Маселен, 1930-жылдан 1953-жылга чейин 3 миллион 800 миң киши контрреволюцияга айыпталып, репрессияланган. Анын ичинен 750 миң чамалуу киши атылыптыр. Бул антисоветтик кылмыштардын көрүнүктүүсү, эң кеңири тараган айыптоолордун бири.

Ал эми ондогон башка айып беренелери, жогорудагы мыйзамда белгиленген соттук эмес жол аркылуу жазалангандар канча, жазаланган же жазаланбаганы белгисиз, кеткен бойдон дайынсызы канча?

Изилдөөчүлөр Кыргыз Республикасында 40 миңден ашык адам репрессияланган деп эсептесе, документтерде 17 миң гана көрсөтүлөт. Айырма абдан чоң. Ар бир сандын артында адамдын тагдыры жатат. Канчасы соттолбой-тергелбей эле жок кылынган, айдалган, зордоп ишке чегерилген. Алар кимдер? Неге айыпталды, кантип жазаланды, кандай айыбы үчүн куугунтукталып, кайда сүрүлдү, кайсы жиндиканага тыгылды, каяктагы лагерде жүрдү же кай шахтада сөөгү калды?

Чындыгында репрессиянын тарыхы узак, түрү көп, формасы арбын. Мыйзамда белгиленген чаралар менен чектелбейт. Мамлекетти зордоп башкаруунун, бекем тартипти күчкө салып орнотуунун, душмандар менен аларга жан тарткандардан кутулуунун, башкача ойлонууга жол бербөөнүн формасы катары репрессия СССРге гана мүнөздүү эмес. Императорлор, мамлекет башчылары, саясий күчтөр жана дин ишмерлери, диний уюмдар ар кайсы доордо репрессиянын түрдүү ыкмаларын колдонушкан.

Маселен, Рим императору Луций Корнелий Сулла б.з.ч. 82-жылы бир кездеги устаты Гай Марийди талкалап, Римди басып алат. Бул Рим армиясы Римди ээлеп алган эң биринчи учур катары тарыхта белгилүү. Атаганат, бийлик үчүн устатына каршы чыкты, бийлик үчүн өз мекенине кол салды!

Сулла адегенде Марийдин тарапташтарын жана шек санаган сенаторлорду, айрым патрицийлерди кыра баштайт. Римде мүлк же кул сатуу үчүн базарда колдонулган кадимки кулактандыруу болгон проскрипция эми коркунучтуу актыга айланат. Ал репрессияланып, өзү зынданга салынып, мал-мүлкүнөн ажырай тургандардын тизмесине айланат. Бара-бара репрессия саясий душмандар гана эмес, колунда бар байларга да жайылат. Башкача айтканда, бийликтегилер үчүн баюунун эң кыска, тез жана оңой жолуна айланат.

Проскрипцияны мурда Сулла чыгарса, эми анын жакындары, аскер башчылары да чыгарып, же Сулланын тизмесине өзү каалаган, жек көргөн байларды кошо коюп, аябай туйтунушат. Бирок кийин өздөрү ошол проскрипцияга илинет, акыры репрессияланат. Репрессияны байлыгы мол, таасири күч тамплиер орденинин байлыгын тартып алыш үчүн Франциянын королу Чырайлуу Филипп да колдонгон. Диний маселелер жөн гана шылтоо болгон. Байлыкка баары умтулуп, эмнени гана кылбайт экен го, чиркин. Рим папасы да тамплиерлер талкаланган соң өз жарлыгы менен болгон мүлктү Ватикандын менчиги деп жарыялаган...

Византия империясында VII-IХ кылымдарда чиркөө башчылары ыйык жазууларда иконага сыйынууга тыюу салынган деп шылтоолоп (“Не сотвори себе кумира” деген насаатты ушинтип бурмалашкан), иконаларды талкалап, болгон жерден алдырып, өрттөтүп, каршы чыккандарды, иконаларды сактап калууга аракеттенген дин кызматкерлеринин башын алып турушкан.

Францияда 1572-жылы 24-августа, ыйык Варфоломей түнүндө католиктер 30 миңден ашык протестант гугенотторду кырып салган. Бул бир түндө ишке ашкан диний репрессиянын жана эч кандай соту жок эле ырайымсыз кандуу жазалоонун мисалы. Ал эми христиан чиркөөлөрү үстөмдүк кылган өлкөлөрдө бир нече кылым бою уланган еретиктер менен кандуу күрөштүн мисалы – инкивизиция узак убакыт бою башкача ойлонууга, эркин ой жүгүртүүгө каршы массалык жазалоонун классикалык үлгүсү.

Висконсин штатынан шайланган катардагы сенатор Жозеф Рэймонд Маккарти коммунисттерге каршы күрөш жарыялап, мөөнөтү аяктап бараткан Трумэн, андан кийин шайланган Эйзенхауэр ээ боо албай, маккартизмдин кысымы астында жүздөгөн саясий, мамлекеттик, маданий ишмерлер куугунтукка алынат, тышка чыгып кетүүгө аргасыз болот. Америкада үстөмдүк кылган маккартизмдин тизгини 1954-жылы гана тартыла баштайт.

Бул демократия жана адам укугу эң башкы баалуулук деген АКШнын тарыхындагы абдан ыпылас барактарынын бири. Маккартизм жогорку бийлик органы эле эмес, бийлик бутактарынын бир жөнөкөй популист өкүлү чоң мамлекетти, бүтүндөй улутту массалык психозго айлантып, саясий репрессияга кептеп коерун тастыктаган мисалдарынын бири.

Кытайда 1956-жылы Мао Цзедун бийликке келген соң башталган “маданий революция” аталган репрессия дээрлик он жылдан ашык уланган. Натыйжада 100 миллион адам жабыр тарткан, 5 миллион кытай коммунисти репрессияланган, 1 миллион адам курман болгон.

“Бунтчулар” деп аталган бандиттер менен хунвэйбиндер кытай элинин байыркы мурастарын кыйратып, баалуу тарыхый эстеликтерди, жүздөгөн храмдарды, монастрларды талкалап, эсепсиз байыркы кол жазмаларды, миңдеген китептерди, картиналарды өрттөп, жок кылышкан. Бул маданиятка жамынган репрессиянын үлгүсү.

Ал эми 1975-жылы бийликти басып алган “кызыл кхмерлер” он жыл бою Камбоджанын калкын азапка салып турду. Саясий репрессиясы, геноциди баары аралаш жүрүп, 3 млн. адам – шаардыктар, дыйкандар, окумуштуулар, сабатсыздар, интеллигенция, оокаттуулар, жардылар, карылар, жаштар, буддисттер, кытайлар, вьетнамдар, чамдар кырылган. Каршы чыккан, “кызыл кхмерлердин” идеологиясынан бир айырмалуу ою, ыңгайсыз суроосу үчүн адамдар дарга асылган же түрмөдө чириген. Эркин жашоонун деле түрмөдөн айырмасы аз болчу, 17-18 саат бекер иштеген, ал тургай коммунанын урксаты жок үйлөнгөнгө, балалуу болгонго тыюу салынган. Бул туташ репрессиянын үлгүсү.

Аргентинада 1976-жылы Хорке Видела деген генерал аскерий төңкөрүш кылып, бийликти басып алат. 1983-жылга чейин аскер хунтасы массалык террор уюштурган. Сурак-соту жок миңдеген адамдар атылып же дайынсыз жок кылынган. Англия менен Фолкленд согушунда Аргентина жеңилгенде гана аскер хунтасы кулатылган. Бул аскерий хунтанын репрессиясынын мисалы.

Эми кайрадан СССРге келели. Октябрь революциясынан кийин кызылдар (большевиктер) да, актар да (падышалык режимдин жактоочулары) бирдей террор уюштурган. Жарандык согуш өз элине каршы кандуу террорго айланган. Азап чеккен эл-журтун таштай качкан эмигранттар, ич ара кырылышкан мекендештер.

Ага удаа кулакка тартуу башталат. “Кулак” термини тээ 17-кылымда “кулатчик” (алып-сатар, алдым-жуттум) пайда болуп, октябрь революциясына чейин сейрек колдонулган. Адабий чыгармаларда гана, мисалы, Гоголь менен Салтыков-Щедриндин айрым чыгармаларында кездешчү. Мунун юридикалык аныктамасы жок, туруктуу экономикалык категория эмес. Бирок массалык түрдө оокаттуулардын жерин, мал-мүлкүн тартып алып, өзүн башка жерге айдап жиберүү практикасы.

1918-жылы кедейлер комитеттери жер-жерлерде түзүлүп, дээрлик он жыл бою борбордон тартып аймактарга чейин зор территорияда түркүн формада кулакка тартуу процесси жүргөн. Миллиондогон оокаттуу жана орто дыйкандар, алардын капшабы менен кошо каратамандар да ушул кулакка тартуунун курмандыгы. Жеринен, мал-мүлкүнөн ажыраганы аз келгенсип, айылынан алыс куулганы эсепсиз.

Менин тагаларым Төрөгелди тукуму болгондуктан адегенде контрреволюциялык аракеттерге шек саналып камалып, кудай жалгап анысы далилденбей калып, бирок белен статья менен кулакка тартылып, Украинага айдалышат. Бир жылдан соң анын койчусу да кулакка тартылып, жанына келген экен.

“Мен го мен, манаптын тукуму деп айдалдым, сен байкуш неге айдалып келдиң” деп сураганында сабатсыз койчусу чөнтөгүнөн алакандай кагазды алып чыгат. “Сочувствующий элемент” катары айдалган экен көрсө бечара. Баарынан жаманы, айдалгандар да, айгак чыгып айдаткандар да түбү бир, алты муун барып бир атага кошулат экен кийин аста иликтесем. Кимге айтам, айтканда не муратка жетем, качанкы кекти козгогондон башка не натыйжа чыкмак.

НКВДнын 1937-жылы чыккан №00447 буйругунда органдарга бардык антисоветтик элементтерди жазалоо милдети коюлат. Ал элементтер төмөнкүлөр кирет: кулакка тартуу негизинен 1925-жылга чейин аяктаса да, кулактарды жазалоонун экинчи толкуну башталып, баарын, тартыла электерин, алтургай эмгек лагериндегилерди кайра карап чыгуу милдети тапшырылат; диний ишмерлер жана динге ишенгендер; антисоветтик аракеттердин катышуучулары, аларга жан тарткандар, совет бийлигин чын дилинен колдобогондор; антисоветтик саясий ишмерлер (большевиктер партиясына берилбегендер ушул категорияга кирчү), алардын туугандары, жакындары; ак гвардиячылардын жакындары, туугандары; мурда соттолгондор, алардын туугандары; жат элементтер (бул категорияга каалаган кишини киргизсе боло турган абстрактуу статья), жат элементтер атууга көбүрөөк кетчү.

Бирок антисоветтик элементтер кас душмандар жана пассивдүү элементтер деп да бөлүнчү. Ачык аракеттенбей, бирок тымызын кастык ниетте жүргөндөр жеңилирээк статья менен лагерлерге айдала турган.

Ниети бар экенин камалган адам кыйноодон улам тез эле мойнуна алчу. Большевиктик юриспруденцияда “моюнга алуу – далилдердин төрөсү” деген догма үстөмдүк кылчу. Албетте, НКВД системасы репрессиялангандарды илимге, өндүрүшкө активдүү пайдаланган. Бекеринен ГУЛАГ системасында атом бомбасы ойлоп табылып, курал-жарактардын жаңы түрлөрү, не бир ачылыштар, жогорку технологиялар жасалбагандыр. Репрессиялангандардын үй-бүлөсү кошо жазаланган, куугунтукталган. Жарандык укуктарынан ажыратылган.

Репрессия Улуу Ата Мекендик согуштан кийин да ургалдуу уланган. Партиялык ишмердин атынан “ждановщина” деп аталып, идеологиялык негизде интеллигенция өкүлдөрү буржуазиялык улутчулдукка, эскичилдикке, репрессияланат. Т. Байжиев, З. Бектенов жана Т. Саманчин сыяктуу акылгөйлөр, искусствонун, адабияттын, илимдин өкүлдөрү ошол 1949-1953-жылдардагы репрессиянын курмандыктары.

1949-жылы февралда Кыргызстан КП(б) V съездинде Кыргыз ССРинин Жазуучулар Союзу идеологиялык кемчиликтери үчүн сынга алынат. Цензура, курулай айыптоолор, куугунтук күч алат. 1952-жылы А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” ыр менен жазылган романы, К.Маликовдун “Балбай” романы буржуазиялык улутчулдукка, бай-манаптардын образын даңазалагандыгы үчүн айыпталат.

Ал тургай “Манас” эпосу, заманачыл ойчул акындардын чыгармалары ревизияланып, элдик фольклордун үлгүлөрүн “жат элементтерден”, буржуазиялык мотивдерден”, “улутчул образдардан” арылтуу аракети илимге, улуттук аң-сезимге, тарыхый эс-тутумга, элдик руханий маданиятка эбегейсиз сокку урат. 30-жылдардагы массалык репрессиянын айрым статьялары алмашып, “кылмыштардын” категориялары (мисалы контреволлюциялык, троцкисттик, оппортунисттик ж.б.у.с.) азайган менен антисоветтик элементтер, буржуазиялык улутчулдук, эскичилдик, кастык ниетиндегилер, саботажниктер, зыянкечтер сыяктуу жаңы статьялар колдонула баштайт.

Репрессиянын эпкини 90-жылдарга чейин кирип келген. Окумуштуу-тарыхчы С.Аттокуров “орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” деген ылакапты колдонгону үчүн улутчулдукка айыпталып, иштен куулган. Орустар жаңы калыптанган, пассионардуу, империя түзгөн эл экенин сезген кыргыздар “мына, орустарга кошулдук, эми булар согушса кошо согушат экенбиз” маанисинде айткан ылакапты тарых сабагында студенттерге мисал кыла коем деп репрессияга тушукту.

Кыргызстандагы репрессияларга келсек, ал бир нече этап менен жүргөн, узакка созулган жана биз мисал кылган, мисал кылынбаган, бирок тарыхта жакшы белгилүү репрессиянын бардык түрлөрү ар кандай формада жана масштабда колдонулган, туташ, калктын бардык катмарын кучагына алган массалык репрессия, кандуу террор. Татаал процесс. Кесепети эбегейсиз. Ар бир этабын, категориясын, формасын, масштабын илимий негизде, комплекстүү изилдеп, тактап коюу керек.

Репрессия бардык учурда саясий диктатуранын куралы. Бийликтин амалы, байлык тартып алуу жолу. Диктатура, жеке бийлик менен саясий репрессия киндиктеш. Репрессиялар динийби, маданийби, акыры келип бир топтун үстөмдүгүн орнотуунун, тез баюунун кандуу, каргашалуу жолу.

Репрессия тууралуу “Эс-тутум китебин”, башкача айтканда “каргаша эч качан кайталанбасын” маанисинде, сабак катары, эскертме катары жарыялоо, көкүрөгүнө түйүү, “бийик максаттар үчүн” бири-бирине кол салып, канына забын кылбаш үчүн кийинки муундардын кулагына куюу абзел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG