Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

"Күзүндө аймактык шайлоо өтүшү мүмкүн". Үгүтчүлөрдү азайтуу сунушталды


Бишкектин Ленин районундагы шайлоо бекети, 28-май, 2023-жыл
Бишкектин Ленин районундагы шайлоо бекети, 28-май, 2023-жыл

Жогорку Кеңештин тармактык комитети шайлоодогу үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу жобосу каралган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Анда талапкерлер 100гө чейин, ал эми партиялар 5 миңден ашпаган үгүтчү жалдай алат деген жобо жазылган. Азыркы мыйзамдын негизинде алардын саны алда канча көп.

Документтин авторлору мындай чектөө шайлоо жараянын ачык-айкын кылат, добуш сатып алуунун жаңы формаларына бөгөт коет деген жүйө келтирүүдө. Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө аракеттер аймактык реформадан улам дагы жанданды.

"Бийликке жакпаган талапкерлер чабылып кетиши мүмкүн"

Азыркы мыйзамдын негизинде, бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлер 500гө чейин, ал эми саясий партиялар 10 миңден ашпаган үгүтчү менен расмий келишим түзүп, иштей алат.

Мыйзам долбоорунун авторлору аларды бир канча эсе азайтууну сунуштап жатат. Депутат Замирбек Мамасадыков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин соңку жыйынында бул демилгени талапкерлерге бирдей шарт түзүү жүйөсү менен негиздеди.

Замирбек Мамасадыков.
Замирбек Мамасадыков.

"Үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу, шайлоо процессин тартипке келтирүү - аны ачык-айкын кылууга жардам берет. Ошондой эле шайлоо алдында уюштуруучулуктун, финансылык кыянатчылыктардын тобокелдигин азайтат. Үгүтчүлөрдүн азайышы шайлоо процессин ачык-айкын көзөмөлгө алгыдай кылат. Ошол эле учурда алардын санын кыскартуу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин каржылык жүгүн азайтууга өбөлгө түзөт. Бул акчасы саналуу талапкерлер үчүн маанилүү. Мыйзамды өзгөртүү шайлоону таза, ачык-айкын, атаандаштык шартта өткөрүүгө алып келет".

Тармактык комитеттин жыйынында депутат Дастан Жумабеков үгүтчүлөрдүн санын азайтууга тескерисинче шайлоодогу коррупцияга жол ачат деген кооптонуусун билдирди.

"Эгер үгүтчүлөрдүн саны 100гө түшсө анда кайра коррупция көбөйөт. Аларды тымызын жалдап алып, акча төлөп иштетет. Ошонун негизинде көптөгөн талапкерлер чабылып кетет, бийликке жакпаган талапкерлер чабылып кетиши мүмкүн. Азыр анан калса аймактык реформа жүрүп, округдар чоңоюп атат. Анан 100 үгүтчү менен 120, 100, же 80 миң шайлоочу бар аймакта талапкер кантип жетишет? Талапкердин ишин үгүтчү жүргүзөт да. Алар программасын элге жеткирет, материалдарына жардам берет. Мыйзамдуу каттоодон өтүп, салык кызматына, соцфондго акчасын төлөп иштетип жатат. Ошондуктан ачык-айкын болгону жакшы. Бир талапкердин 500 үгүтчү жалдаганга шарты келбейт, теңдүүлүк болбой калып жатат деп эле өзгөрткөн болбойт".

"740 шайлоочуга бир үгүтчү"

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы ноябрда өткөн. Анда жалпы шайлоочулардын саны 3,7 миллион деп саналган жана жалпы 3 миңдей добушкана ачылып, алардын 60тайы чет өлкөлөрдө уюштурулган.

Бул мыйзам долбооруна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) позициясын парламентте мекеменин мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди. Ал үгүтчүлөргө байланыштуу жобо өзгөрүүсүз калса жаман деле болбосун айтты:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

"Кээ бир эки район бир округду түзүп калышы мүмкүн. Ошондой учурда үгүтчүлөр узак аралыкка барууга аргасыз болот. Эгерде биз 10 миң үгүтчүнү 2994 шайлоо участкасына жана 3,7 миллион шайлоочунун санына бөлсөк, анда ар бир добушканага орточо эсеп менен төрт үгүтчү, 370 шайлоочуга бир үгүтчү туура келип жатат. Эгерде азыркы мыйзам долбоору колдоо таап, өтө турган болсо бир добушканага эки үгүтчү, 740 шайлоочуга бир үгүтчү туура келип калат. Бир мандаттуу шайлоо округдарында 80 миңден 120 миңге чейин шайлоочу бар. Шайлоо тилкелеринин саны 53төн 107ге чейин. Эгер мыйзам долбоор өтсө бир добушканага бирден гана үгүтчү болуп калат. Азыркы мыйзамга ылайык бешөө туура келет. Биз мыйзам азыркы редакцияда калса жаман эмес деп ойлойбуз. Эгер мыйзам кабыл алсаңар ага баш ийип, аны менен иштегенге даярбыз".

Натыйжада мыйзам долбоору биринчи окууда көпчүлүк добуш менен колдоо тапты. Ага бир гана комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова каршы добуш берди. Ал үгүтчүлөрдүн санын азайтууну талапкердин укугун, мүмкүнчүлүгүн чектөө деп атады.

Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

"Биз талапкерлерди чектөө менен эмне пайда табабыз? Бул биринчи маселе. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо болуп жатат. Шайлоочулардын келиши аябай төмөндөп, 15% жетип, жетпей калууда. Бир шайлоо учаскасында бир эле үгүтчүнүн болгону туура эмес. Биздин конституциялык укуктарыбыз бар да. Мыйзамда "ушунча үгүтчү аласың" деп жазылып турат. Жогорку Кеңеш өзүбүздүн, депутаттардын укугун чектөө менен эмнеге жетебиз деген маселе коюлуп жатат. Мыйзамда сөзсүз 500 үгүтчү аласың деген талап жок. Кайсы бир талапкерлер бар, аларга үгүтчүнүн деле кереги жок. Биз келерки чакырылышка келебизби же келбейбизби бул башка маселе. Бирок бизден кийинки, 8-чакырылышка шайлангысы келген талапкерлерге биз ушундай чектөөлөрдү коюп жатабыз".


Депутат Замирбек Мамасадыков аймактык реформага байланыштуу чыккан суроолорго жооп берди. Ал үгүтчүлөрдүн санын азайтуу кедергисин тийгизбейт деп айтты:

"Аймактык реформанын негизинде райондор чоңойгон жок. Реформа райондун ичинде жүрүп, айыл аймактары ирилешип жатат. Азыр заман, технология өнүккөн. Үгүттү социалдык тармактарда деле жүргүзсө болот. Шайлоого бир ай калганда 500 үгүтчүнү жалдап, мыйзамдуу добуш сатып алуу болуп жатат. Депутат беш жылга чейин үгүт жүргүзүп, эл менен иштесе болот. Мектеп, жол салса болот. Мүмкүнчүлүктөр толтура".

"Талапкерге көбүрөөк убакыт керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаарында бир мандаттуу шайлоо округдарынын биринен талапкер болгон Ыргал Кадыралиева шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө байланыштуу пикири менен бөлүштү.

Анын баамында үгүт өнөктүгүнө көбүрөөк убакыт берилип, талапкердин көбүрөөк шайлоочу менен жолугушуусуна шарт түзүлүшү керек.

Ыргал Кадыралиева.
Ыргал Кадыралиева.

"Дегеле ушул үгүт иштерине бир ай деген чектөөнү чоңойтуу керек экен. Шайлоо кодексинде незинен өзгөртө турган жагдайлар аябай көп. Мен буга шайлоого катышканда өзүм күбө болдум. Бул кодексте шайлоону аябай оорлотуп койгон. Мисалы талапкердин ар бир иштеткен акчасы банктан өтүп жатканда, же дагы башка болгондо оорчулуктары аябай көп. Анын үстүнө үгүткө берилген бир ай убакыт аябай аз. Эгер чындап эле эл арасынын суурулуп чыгып, элдик адамдар келсин десек, ушул мөөнөттү узагыраак кылыш керек. Себеби, деген бир ай ичинде талапкер программасы, максаты менен тааныштырып чыгууга таптакыр убакыт жетпейт. Ошондуктан мөөнөттү узартып, добуштарды акча менен сатып албагандай талаага алып келүү керек. Талапкерлердин өкүлдөрү, үгүтчүлөрү 100 же 500 болсун дегени коррупцияга жол ачат экен. Ошол 500 адам ондон адам алып келиш керек деп, эл арасында дагы атайын топтор иштейт экен. Кээ бир адамдар мен лидермин деп белгилүү бир сандагы адамдарды мен айткан гана адамга добуш бересиң деп "менчиктеп" алыптыр. Ошондуктан ушул өкүлдөр, үгүтчүлөр дегенди алып салыш керек. Талапкер качан гана өзү эл менен түздөн түз жолугуп иштегенде гана татыктуу шайлоо болмок. Эл талапкерлерди жакшы көрөт, бирок акча бербесең шайлоо күнү барбай коет экен. Аларга акчаны үгүтчү алып берет экен".

Добуш сатып алууга, шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында парламенттин азыркы чакырылыштын депутаттары Өмүрбек Бакиров, Шайлообек Атазовдун мандаты алынган.

Соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Талас округунан депутат болгон, добуш сатып алууга байланыштуу айыпталган Бактыбек Чойбековдун мандатына байланыштуу маселе турат. Өткөн айда соттун эки инстанциясы аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Эгер өкүм күчүнө кирсе, Чойбеков дагы мандатынан айрылышы мүмкүн.


Соңку парламенттик шайлоодо өлкөдөгү бай адамдардын бири саналган, жакында эле камалып, кайра үй камагына чыккан Камчыбек Жолдошбаев Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан талапкер болгон. Атайын кызмат ага добуш сатып алууга байланыштуу айып таккан жана анын негизинде БШК жарыштан четтеткен.

Былтыр май айында Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Анда добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, Ниязалиева менен дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо дайындалган.

Серепчи Бакыт Жумагулов бир мандаттуу округдардагы шайлоо маселелерине токтолду. Азыркы мыйзамдарда колунда бар гана талапкерлер катышууга көбүрөөк шарттар түзүлгөнүн айтты:

Бакыт Жумагулов.
Бакыт Жумагулов.

"Бир мандаттуу округдардагы шайлоолордо акчасы барлардын гана мүмкүнчүлүгү кеңейип калган. Азыркы мыйзамдарда участкалык комиссиялардын, жергиликтүү бийликтердин добуштардын бурмаланышына катышуусуна дээрлик толугу менен бөгөт коюлган. Үгүткө тартылган адамдар деп тууралап туруп, добуштарды сатып алууга байланыштуу коррупциялык схемалар да иштеп жатканы байкалган. Мыйзамда ушул жакка багытталган өзгөртүүлөр болуп жатат. Күрөө маселеси бар. Мисалы бир мандаттуу округдан талапкер күрөөгө 100 миң сом коет. Бул дагы акылдуу, билимдүү, бирок каражат жактан шарты жок адамдардын келишине тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан күрөөнүн суммасын азайтуу же алып коюу деген маселе дагы каралышы керек".

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күздө өтүшү мүмкүн

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, алымчалап-кошумчалоого байланыштуу атайын жумушчу топ такай иштейт. Ошол жумушчу топтун соңку жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо ноябрда өтүп калышы мүмкүн экенин билдирди.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бул Аймактык реформага байланыштуу Жогорку Кеңеште документтин кабыл алынышына жараша болушу ыктымалдыгын билдирди.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

"Быйыл аймактык реформа активдүү фазасына киргенине, ирилештирүү болуп жатканына байланыштуу жакында эле жумушчу топтун отуруму өттү. Ал жерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары кандай формада шайланат деген маселе коюлду. Мисалы, айылдык кеңештердин депутаттары көп мандаттуу округдардан шайланат, ал эми шаардык кеңештердин депутаттары пропорционалдык система менен, партиялык тизме менен шайланат. Биз жыйында бул ушу бойдон калабы, же шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого преференционалдык системаны киргизебизби деген сөз болду. Азыр айыл аймактарынын чектеринде өзгөрүү болуп жатат да. Аны Жогорку Кеңеш бекитет, эгер бекитсе ал жергиликтүү кеңештердин депутаттарын таркатууга негиз болот. Эгер мыйзам июнь ичи бекип калса, ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ошондуктан шайлоо күз айларына барып калабы деген божомол айтылды. Анан кайра эле шайлоону президент дайындайт. Ошондо октябрдын аягы, ноябрдын башына барып калабы деген божомол бар".

Азыр шайлоолордо жарандардын шайлоого солгун катышуусу дагы чоң маселеге айланды. Мындан улам парламент депутаты Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүү каралган мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда добуш берүүгө келбегендерге айып пул салуу, мамлекеттик органдар маалымат берүүнү токтотуу өңдүү жоболор жазылган жана бул талаш-талкуу жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG