Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

«Ата-Бейит» тууралуу жазган Регинанын керээзи


Регина Хелимская. (Сүрөт «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюмунан алынды).
Регина Хелимская. (Сүрөт «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюмунан алынды).

23-сентябрда сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерген иш-чара өттү. Регина Хелимская 2020-жылдын 1-сентябрь күнү, 73 жаш курагында Бишкекте дүйнөдөн кайткан.

Темир доордун чыгааны

Сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган жарандык активист, журналист жана киносынчы Регина Хелимскаяны эскерүү Чүйдөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде, ачык асман алдында өттү.

Анда Регина Хелимскаянын саясий куугунтуктун бетин ачууга кошкон салымы, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы кыргыз интеллигенциясынын репрессияланышы, анын курмандыктарын реабилитациялоо иштери алигүнчө аягына чыкпай жатканы тууралуу сөз болду.

Коомдук ишмер, репрессия курмандыктары тууралуу бир нече китептин автору Зайнидин Курманов коңшулаш Казакстанда жана Орусияда репрессия курмандыктарын иликтөөгө жана реабилитациялоого жол берилгенин айтып, Кыргызстанда бул материалдар жашыруун сыр боюнча калып жатканын сынга алды.

“1993-жылы мамлекеттик сыр тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзам менен архивди жаап салышты. Ким жапты? Албетте, чекисттер. Өздөрүнүн кандуу иштерин эл билбесин деп жапты. Көп өтпөй жалпы КМШ боюнча архив жабылды. Азыр эми репрессияланган адамдардын туугандары да архивден маалымат ала албайт. Тарыхы жабык өлкөнүн келечеги да болушу мүмкүн эмес”.

Зайнидин Курманов 80-жылдары “Советская Киргизия” басылмасынын редактору болуп турган Регина Хелимская менен чогуу репрессия тууралуу, ага тушуккан кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү жөнүндө макалаларын жарыялап турган.

Курманов Хелимскаяны совет доору гүлдөп, “коммунисттин” образы дүйнөдөгү эң жаркын адамды көрсөтүп турган чакта, Кыргызстан компартиясынын башкы органы болгон гезитке сталиндик репрессия тууралуу макалаларды басканынын өзү эрдик болгонун белгиледи.

18 миң адамды жайраган репрессия

Саясий куугунтуктун миңдеген курмандыктарынын бири, азыркы эгемен Кыргызстандын өз алдынча республика болуп түптөлүшүнө салым кошкон Абдыкерим Сыдыковдун кайсы жерге көмүлгөнү алигиче белгисиз.

Былтыр анын 130 жылдык мааракесин белгилөө алдында небереси, белгилүү юрист Нурлан Сыдыков чоң атасы тууралуу маалымат алуу үчүн УКМКга кайрылып, “жок” деген жооп алган:

“Чоң атам тууралуу дагы көбүрөөк маалымат алуу үчүн мен УКМКга кайрылгам. Бирок мага “учурда андай маалыматтар жабык экенин” айтып тим болушту. Менимче 90-жылдары архивдер жабылгандан бери эле андан маалымат алууга эч кимге уруксат берилбесе керек. Менин чоң атамдын кайда көмүлгөнү тууралуу УКМКнын өзүндө да маалыматтар жок болсо керек”.

Сталиндик доордо саясий куугунтук жок кылган адамдар тууралуу 1996-жылы Кыргызстанда атайын жыйнак чыккан. Ал китепте 4466, кийинки жылы чыккан экинчи жыйнакта 3814, жалпысынан 8280 адам репрессияланганы маалымдалган.

2013-жылдан тартып Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлер тобу менен Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулары биргелешип, үч жыл ичинде 13,5 миңден ашуун бейкүнөө репрессиялангандардын архивдик маалыматтарын чогултушту. Анын натыйжасында быйыл февралда Кыргызстанда 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка учураган 20 миң жарандын тизмесин камтыган 10 томдук китеп чыккан.

Китептин авторлорунун бири, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Болот Абдрахманов репрессия курмандыктарын иликтөө, аларды реабилитациялоодо журналист Регина Хелимскаянын эмгеги чоң болгонун белгиледи.

Анын айтуусунда, ырасында эле коопсуздук кызматынын өзүндө да репрессияланып, атууга кеткен жарандардын кайда көмүлгөнү тууралуу маалыматтар жок.

“1991-жылы Бүбүйра Кыдыралиева мага келип, бул жерге көмүлгөн көп адам тууралуу атасынан укканын айтпаганда биз 1938-жылы атылган 137 адамдын кайда көмүлгөнүн билбей кала бермекпиз. Анткени архивдик материалдарда “Фрунзе шаарынан 20 чакырым аралыкта” деген гана маалымат бар. Бүбүйра апа так ушул жерди көрсөтүп, биз каза баштаганда гана документтер чыгып, андан ары сөөктөр табылып, бул жерде саясий куугунтук курмандыктары жатканы аныкталган. Ошол окуядан кийин бизге Оштон, Таластан, Ысык-Көлдөн адамдар жазып, репрессиядан өлгөндөр көмүлгөн болсо керек деген маалыматтарды айтышты. Бирок Бүбүйра ападай болуп, так жерин көрсөткөн адам боло албады”.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эскерүү. Чоң-Таш айылы. Чүй облусу. 23-сентябрь, 2020-жыл.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эскерүү. Чоң-Таш айылы. Чүй облусу. 23-сентябрь, 2020-жыл.

75 жылга катылган сыр

Кыргызстанда сталиндик жана хрущевдик репрессиялардын бетин ачуу 80-жылдардагы кайра куруунун желаргысы менен кошо башталган. Бирок репрессия курмандыктарынын өлүү-тирүүсү, кандай, эмне айыптын негизинде атылганы тууралуу маалыматтар жабык болуп, алардын сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз болгон.

Репрессияга кабылып, 1938-жылы атылган 137 адам көмүлгөн жерди Бүбүйра Кыдыралиева көрсөтүп, ал жерден отузунчу жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын сөөктөрү чыккандан кийин, репрессиянын курмандыктарын иликтөө жана аларды реабилитациялоо иштери башталган. Көп өтпөй, 1994-жылы Коопсуздук кызматындагы бул маалыматтар 75 жылдык мөөнөткө жабылган.

Маркум журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерүү иш-чарасынын уюштуруучусу, “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова репрессия курмандыктарын иликтөө иши токтотулбай, улантылууга тийиштигин белгиледи.

“Коопсуздук кызматынын өкүлү айткандай, сталиндик репрессиянын курмандыктарынын кайда, качан көмүлгөнү тууралуу таптакыр маалымат жок экен. Чоң-Таш тууралуу Бүбүйра апа айтпаса, билинбей кала бермек. Регина Хелимская мурдагы НКВД имараты турган, азыркы “Эл ассамблеясы” жайгашкан жерге чоң кара ташты репрессиянын символу катары коюуну керээз катары айтып кеткен. Ошондой эле анын өтүнүчү менен 8-ноябрь - Кыргызстандагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп киргизилген. Бул күнү орто мектептерде окуучуларга, окуу жайларда студенттерге, жалпы эле коомчулукка өткөн кылымдагы сталиндик репрессияда кыргыздын кандай кыйындары кыйратылып, жок кылынганы тууралуу айтылып, кеңири маалымат берилиши керек. Бул биздин парзыбыз”.

Журналист, кино жана телесынчы Регина Хелимская “Ата-Бейитте” көмүлгөн 137 адам тууралуу архивдик маалыматтарды чогултуп, “Чоң-Таш сырлары” аттуу китеп жазган. Китеп 1994-жылы, 25 миң нуска менен чыгарылган.

Кыргызстан кинематографисттери союзунун мүчөсү Райхан Абдрайимованын айтуусунда, Регина Хелимская Чоң-Таштагы сөөктөр тууралуу даректүү тасма тартууну максат кылып, бирок аны ишке ашыра алган эмес:

“1985-жылы Регина Хелимская бизге “Кыргызфильм” студиясына келип, репрессия курмандыктары тууралуу даректүү тасма тартууну сунуш кылды. Бирок ал кезде заман башка болчу, архивдерге жетүү оор эле. Ошондуктан, бизге даректүү тасманы тартуу кыйынчылык жаратмак. Хелимская өз оюнан кайтпай, архивге кирип, бир топ маалыматтарды таап чыккан. Ошонун негизинде “Чоң-Таш сырлары” деген китеп жазган. Өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстандагы репрессия курмандыктары тууралуу даректүү тасма тартылышын, мектептерде балдарга тарыхтын жабык сырлары тууралуу сабак окутулушун каалап жүрүп өтүп кетти”.

Регина Хелимская 2020-жылдын 1-сентябрь күнү, 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Өткөн кылымдын отузунчу жылдары Кыргызстанда репрессияга учурагандардын арасында 50гө жакын ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, жүздөгөн жумушчулар, дыйкандар, чыгармачыл, педагогикалык, техникалык интеллигенция өкүлдөрү, эл чарбасынын адистери, партиялык, комсомолдук кызматкерлер болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG