Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Саипов: Эл ыплас шайлоонун куралына айланды


Шахрух Саипов.
Шахрух Саипов.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өтөт. Үгүт өнөктүгү мурдагыдай өтө кызуу жүрбөгөнү менен добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.

Журналист Шахрух Саипов улутташтарына кайрылып, шайлоодо саясатчылардын оюнчугуна айланбоону өтүндү.

- Шайлоонун үгүт иштери өтө ыплас жүрүп жатат. Добуш сатып алуу, акча таратуу, коркутуу же административдик ресурс колдонуу учурларына күбө болуп жүрөм.

- Кандай фактыларды мисал кылып бересиз?

- Көп кабаттуу үйлөрдүн комитет башчылары келип, кайсы бир партияга үгүттөгөн учурлары көп. “Бул партияга добуш бер, азыркы бийлик да өтөт, биз бийликке келгенде көрөсүңөр” деп коркуткандардын видеолору тарады. 1000-2000 сом үчүн адамдар тигил же бул саясатчынын таламын талашып, урушуп жүрүшөт.

- Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун сиз айтып жаткан көрүнүш токтобой келет. Жылдан жылга шайлоонун түркүн ыплас оюндарына күбө болуп атабыз. Бул адатты жок кылуунун кандай жолун көрүп турасыз?

- Менимче, элдин аң-сезими өсмөйүнчө бул көйгөй кала берет. Адамдар муктаждыктан улам акча алып жатат десек да туура болбой калат. 1000-2000 сом көп деле акча эмес. Жарандар түз эле мааниде абийирин жана келечегин сатып жатат. Аң-сезимге реформа жасаш керек.

- Ошол реформанын кандай жолдору бар? "Абийир сатылып атат, келечек сатылып атат, аң-сезимди өстүрүү керек деп" көп жылдан бери айтып келатпайбызбы.

- Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда мусулмандар көпчүлүктү түзөт. Жакшылык болобу же жамандыкпы, баарын ислам динине байланыштырып, ишеним менен маселени чечкенге аракет кылабыз. Шайлоодо да добуш сатуу “арам”, “күнөө” экенин элге түшүндүрүү керек.

Тилекке каршы, диний билими барлар деле партиялардан акча алган учурларды көрдүк. Себебин сурасак, “элге таандык акчаны алса болот” деп негиздешүүдө. Же болбосо, “жесир тууганым бар, ошондуктан акча алсам болот” дешет. Бул диний эреже кайдан чыкканын билбейм.

- Маселени минтип ишенимге такап, дин аркылуу чечүүнү көздөгөн туурабы? Мыйзамдуулук деген түшүнүк бар эмеспи.

- Ооба, мыйзамдуулук деген түшүнүк бар. Бирок мыйзамдар иштебей жатпайбы. Мыйзамды сактай турган укук коргоо органдары, бийликтегилер баш болуп мыйзамды бузуп жатса, карапайым калктан мыйзамдуулукту кантип талап кылабыз?

- Шайлоого катышып жаткан партиялар, талапкерлер үгүт учурунда мыйзам бузуп жатат деп ага күбө болуп жүргөнүңүздү айттыңыз. Чара көрүү үчүн сиз өзүңүз кандай мыйзамдуу кадамдарга бардыңыз?

- Буга 2017-жылдагы окуянын мисалында жооп берейин. Ошол жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун үгүтчүлөрү үймө-үй кыдырып, шайлоочуларга 1000 сомдон беришкен. Бир аял менен бир эркек Ошто менин үйүмө да келишкен. Колдорунда жашоочулардын аты-жөнү жазылган тизме бар болчу. Акча алгандарга кол койдуруп жүрүшүптүр. Видеого тартып, туура эмес иш кылып жатышканын айтсам, мени тоготушкан да эмес. Эртеси медиага чыгаргам, анан мени милицияга чакырып, көрсөтмө берүүмдү сурашкан.

Тергөөчү ошол үгүтчүлөрдүн үстүнөн арыз жазуу керектигин айткан. Талапкердин же партиянын үстүнөн даттана албайт экем. Себеби, акчаны үгүтчүлөр берип атпайбы. Үгүтчү жазага тартылат, бирок аны жумшаган партияга же талапкерге чара көрүлбөйт. Мыйзамда ушундай амалкөй жолдор бар тура. Кайсы партия бийликте болсо, күч органдары алардын камчысын чабат. Демократиялык көз караштагы кишилерге бийликтин адамдары басым жасап, алардын үмүтүн өчүрөт. Шайлоо мыйзамдарын бузгандарды адилеттүү жоопкерчиликке тарта турган орган жок. Ушундан улам шайлоолор дайыма ыплас оюндар менен коштолуп келатат.

- Жакында “Фейсбукка” пост жарыялап, Кыргызстандагы өзбек коомчулугуна кайрылдыңыз жана аларды шайлоодо саясий күчтөргө оюнчук болбоого чакырдыңыз. Ушунун себебине токтолсоңуз.

- Кыргызстандагы өзбек тектүү адамдардын саны статистикага ылайык миллионго жакын экени айтылат. Алар шайлоо сайын саясатчылардын колундагы курал болуп келатышат. Аларды билим же интеллигенция жагынан эмес, саясий соодалашууга колдонушат. Үгүтчү болуп иштешет, добуш сатып алууга көмөктөшөт. Натыйжада жөнөкөй адамдар жаат-жаатка бөлүнөт. Досторду, кошуналарды саясатчылар ушинтип уруштуруп жатат.

"Фейсбукка" жазган постумда жарандык милдетти, мыйзамдуулукту түшүндүргүм келди. Улут маселесине кайтсам, шайлоодогу мыйзамсыз аракеттер өзбек коомчулугунун колу менен жасалып жатат.

- Сиз көтөргөн маселе жалпы жарандарга таандык десек болот. Улутуна карабай, шайлоодо эки жаатка бөлүнүп, жаңжалдашып жүргөндөрдү көрүп жатабыз. Балким сиз өзбек коомчулугунун өкүлү болгонуңуз үчүн ошол чөйрөдөгү гана көйгөйдү көрүп жаткан чыгаарсыз?

- Жалпылап айтканда, Кыргызстандын эли буга чейин таза шайлоону көргөн эмес, жакын арада көрбөйт деле. Мен өзбек коомчулугунун өкүлү катары улутташтарыма кайрылып, маселени аларга жеткиргенге аракет кылып жатам.

Аң-сезимге реформа кылыш керек дебедимби, улутташтарымдын аң-сезимин өстүрүүгө салым кошуу – милдетим. Түшүндүрүү иштерин, мыйзамдуулуктун жол-жоболорун адатта лидерлер жасайт, бирок биздин элдин лидерлери бийликтегилердин коюн-колтугуна кирип, ыплас оюндарды ойноп атышат. Эл муну көрүп турат. Менин айткандарымда улутчулдук маанай жок, мен Кыргызстандагы өзбек коомчулугун өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошушун каалайм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG