Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Орусия Кыргызстанга көчмө лаборатория берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстанга 100 миң даана ПЧР тесттерин жана көчмө автономдуу лаборатория берет.

Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Келишим бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попованын жолугушуусунда түзүлдү.

Орусия жугуштуу ооруларды, анын ичинде коронавирустун британ жана башка штаммдарын дарылоо боюнча адистешкен медицина кызматкерлерин даярдоого көмөктөшмөкчү.

Тараптар Кыргызстандагы COVID-19 вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды чогуу иликтөөнү талкуулашты.
Алымкадыр Бейшеналиев Поповадан Орусиядагы кыргызстандыктарды жапырт эмдөөгө көмөктөшүүсүн өтүндү.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого жолуккан. Анда коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү жүргөн.

Кыргыз министри Бейшеналиев Москвага иш сапар менен 18-февралда кеткен.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» жана Оксфлорд университети өндүргөн вакцинаны тандап алган.

Эмдөө өлкөдө март айында башталып, алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге 504 миң доза сайылаары кабарланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары «Спутник V» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза таап, вирус 59 кишиден табылган. Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1452 адам көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG