Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Кыргызстанда 2144 мектепте окуучулар класстан окуп жатат


Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

Кыргызстанда 16-февралга карата 2 144 мектепте окуучулар класстын ичинде окуп жатат.

Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Талас облустарында жана Ош шаарында 1-класстан 11-класска чейин окуучулардын бардыгы мектепке барып билим алышууда.

Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарында окуучулар толугу менен окууга бара элек. Айрым аймактарда 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары мектептен окуп жатат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып, карантинге жабылган. Мектептер 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да аралыктан окуу менен уланткан.

Экинчи чейректен тартып айрым жашыл аймактагы мектептерге 1,5,9,11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат бериле баштаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 16-февралга карата коронавирус пандемиясы башталган былтыркы жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Оору жуккандардын жалпы саны - 85 564 адам. 82 391 киши оорудан айыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG