Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Коронавирустан үч адам каза болуп, 83 кишиге жукту


Бишкектеги коопсуздук чаралары
Бишкектеги коопсуздук чаралары

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч адам каза болду​. 83 кишиге вирус жуккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттен 1448 адам каза тапты.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 772 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны - 82 583.

Ооруканада вирустан 411 бейтап дарыланууда, алардын 115инин абалы оор, он жетиси өто оор акыбалда. Үйүнөн 386 бейтап дарыланып жатат.

19-февралда медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур катталган жок. (BCh)

XS
SM
MD
LG