Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:35

Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын аяктады


Улуу Британия менен Евробиримдиктин туулары. 2017-жылдын 25-марты.
Улуу Британия менен Евробиримдиктин туулары. 2017-жылдын 25-марты.

Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын - "Брекзитти" 2020-жылдын 31-декабрынын акыркы саатында аяктады. Падышалык 2020-жылдын январында Евробиримдиктен чыкканына карабастан, өткөн бир жыл бою өткөөл учур күчүндө турду.

25-декабрда эки тарап "Брекзиттен" кийинки соода жана кызматташтык боюнча келишимге жетишти. Ага ылайык, Евробиримдик менен Британиянын ортосундагы соодада төлөмдөр алынбайт, чектөөлөр болбойт. Эгер 2020-жылдын 31-декабрына чейин мунаса табылбаса, «катаал Брекзит» деп аталган шарт боюнча алака жүргүзүлмөк. Анда расмий Брюссел менен Лондондун ортосундагы алака-катышта Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелери боюнча бардык төлөмдөр алынмак.

Европалык маалымат каражаттары жазгандай, өткөн түнү Британия менен Франциянын чек арасында жүк ташуучу автоунаалар жаңы келишимдин негизинде керектүү документтерди көрсөтүп өтүштү.

Британия Европа Биримдигинин тарыхында уюмдан чыгып кеткен алгачкы өлкө болуп калды. Британдыктардын айрымдары бул чечимге нааразы болушууда. Бирок 2016-жылдагы референдумда британдык калктын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу сунушуна макул болушкан.

XS
SM
MD
LG