Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Брекзит күнү


Брюсселдин борбордук аянты. 30-январь, 2020-жыл.
Брюсселдин борбордук аянты. 30-январь, 2020-жыл.

Дээрлик үч жарым жылга созулган талаш-тартыштан кийин Улуу Британия Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүн токтотуп жатат. Эми Лондон менен Брюсселдин келечектеги алакасы кандай болоору алдыдагы 11 айда чечилмекчи.

30-январдын кечинде Брюссел шаарынын борбордук аянты эмоцияга толуп турду. Жүздөгөн адамдар «Британия менен коштошуу кечесине» чогулушту. Ал учурда Лондондун өзүндө да Брекзитке каршы болгондор топтолушуп, Европа менен коштошуп жатышты.

- Биз «уюмдан чыгабыз» дегендер менен талашып-тартышкыбыз келбейт. Бирок абдан өкүнүчтүү. Себеби биздин балдар, жоро-жолдошторубуз, англиялык досторубуз мурдагыдай ээн-эркин каттай албай калышат, - деп билдирди Британияда 40 жылдан бери жашаган, теги голландиялык Ирене.

Бирок Британияда Евробиримдикти жактагандар сыяктуу эле шаркеттен бөлүнүп чыгууну каалагандардын катары калың. Алардын башында турган премьер-министр Борис Жонсондун сүрөөнү менен Британия 31-январда түн жарымында Евробиримдиктеги мүчөлүгүн токтоткону жатат.

Европарламенттеги «Брекзит» партиясы. 31-январь, 2020-жыл.
Европарламенттеги «Брекзит» партиясы. 31-январь, 2020-жыл.

Жума күнү Европа парламентиндеги британ депутаттары шаан-шөкөт менен жумуш орундарын бошотуп беришти.

- Бул күндү 17,4 миллион британ жараны күтүп келген. Бул күнү Британия соңку 40 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу эркин болот, - деди Брюсселде «Брекзит» партиясынын Европарламенттеги депутаты Анн Уидекомб.

Айткандай эле, Еврошаркетке 47 жыл мүчө болгон Британия бул уюмдан бөлүнүп чыккан алгачкы мамлекет болуп калганы турат. Ишемби күндөн тартып 11 айлык өткөөл мезгил башталат. Бул мөөнөт ичинде Британияда Евробиримдиктин көп мыйзамдары иштей берет. Маселен, эки тараптын жарандары мурдагыдай эле эч тоскоолдуксуз эки жакка каттай алышат.

Бирок 2020-жылдын декабрь айына чейин Лондон менен Брюссел эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы боюнча туруктуу келишимге кол коюшу зарыл. Адистер убакыт аз экенин, бул мөөнөт ичинде Британия менен Евробиримдиктин ийри отуруп, түз чечиши керек болгон сансыз маселелери бар экенин белгилеп жатышат. Анын үстүнө премьер-министр Борис Жонсон убада берген Лондондун Еврошаркеттен башка мамлекеттер менен соода келишимдери канчалык тез арада түзүлөрү да так эмес.

Евробиримдикти жактагандардын Лондондогу акциясы. 30-январь, 2020-жыл.
Евробиримдикти жактагандардын Лондондогу акциясы. 30-январь, 2020-жыл.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын 52% Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон. Андан бери Британия саясий талкуудан башы чыккан жок.

Брекзит жараяны эки премьер-министрди, тактап айтканда референдум өткөрүү боюнча демилгени алгач көтөргөн Дэвид Кэмеронду, андан кийин Брекзит келишимин парламенттен бир нече жолу өткөрө албаган Тереза Мэйди кызматтан кетирди. Британиянын экономикасы солгундап, улуттук валюта - фунт стерлингдин куну түштү.

Эң маанилүүсү - Брекзит жараяны калкты эки жаатка бөлүп койгонун адистер белгилеп жатышат. Брекзитти колдогондор менен ага каршылардан тышкары Шотландия маселеси да турат. Бириккен падышалыктын бул аймагы 2016-жылкы референдумда Евробиримдикте калууну колдогон. Андыктан Шотландиянын жергиликтүү бийлиги аймактын Британиядан өз алдынчалыгы үчүн аракет улана берерин ишарат кылып жатат.

Айтор, «Брекзитти ишке ашырабыз!» деген ураан менен декабрдагы шайлоодо жеңишке жетишкен Борис Жонсондун алдында алда канча чоң маселелер турган кези.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG