Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Баткенде жана Жалал-Абадда сел жүрдү


Баткен.
Баткен.

5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү.

Сел Баткен облусунун Лейлек районунда, анын ичинде Сүлүктү шаарында жүрдү.

Сүлүктүдөгү Раззаков көчөсүндөгү ички чарбалык көпүрөдөн суу ашып, жолдорду каптаган.

Сел суулары Лейлек районунун Катраң, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарын да каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селдин кесепетинен Лейлекте бир дүкөнгө, жети үйдүн короосуна, алты жер төлөгө суу кирген жана беш убактылуу көпүрөнү агызган.

Балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган. Ошондой эле суу төрт бодо малды алып кеткен.

Баткен.
Баткен.

"Бактыга жараша табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда Ош — Раззаков жолун тазалап, каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда", - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Баткен.
Баткен.

Жалал-Абадда да сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 6-майга караган түнү саат 02:35 тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө да нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан.

Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан бир автожүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Жалал-Абад. 6-май, 2024-жыл
Жалал-Абад. 6-май, 2024-жыл

Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG