Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Евробиримдиктин лидерлери Британия менен келишимге кол коюшту


Урсула фон дер Ляйен
Урсула фон дер Ляйен

Евробиримдик жана Британиянын ортосунда Брекзиттен кийинки соода алака боюнча келишимге кол коюу башталды. Биримдиктин атынан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен келишимге кол коюшту. Бүгүн түштөн кийин британ аба күчтөрүнүн учагы менен документ Лондонго жеткирилип, премьер-министр Борис Жонсон кол коёру күтүлүүдө.

Расмий Брюссел менен Лондон бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн соң 25-декабрга мунасага келген. Жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлдү. Ал 2021-жылдын 1-январында күчүнө кириши керек. Бул документ эки тарап ортосундагы балык уулоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит койду.

Эгерде бул документ жаңы жылга чейин кабыл алынбаса, анда эки тарап Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык соода жүргүзмөк. Анда бардык төлөмдөр жана квоталар ишке кирип, мындай кырдаал Улуу Британиядагы ишкердикке зор сокку урушу мүмкүн болчу.

2016-жылы Улуу Британиянын жарандарынын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу боюнча демилгени жалпы референдумда колдогон. Бул өлкө Европа Биримдигинен кайра чыгып кеткен биринчи өлкө болуп калды. Аталган жүрүм «Брекзит» деп аталып калган (бул «Британия» жана «чыгуу» сөздөрүнөн куралган).

XS
SM
MD
LG