Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Иран генерал Сулейманини өлтүргөндөр жазадан кутула албай турганын эскертти


«Элдик аскерге чакыруу» («Хашид аш-шаъби») аскердешкен тобунун бир өкүлү көрнөктүн жанынан өтүүдө. Көрнөктө ирактык колбашчы, маркум Абу Махди ал-Мухандис (оңдо) жана ирандык колбашчы, маркум Касем Сулаймани тартылган. Багдад. 2020-жылдын 30-декабры.
«Элдик аскерге чакыруу» («Хашид аш-шаъби») аскердешкен тобунун бир өкүлү көрнөктүн жанынан өтүүдө. Көрнөктө ирактык колбашчы, маркум Абу Махди ал-Мухандис (оңдо) жана ирандык колбашчы, маркум Касем Сулаймани тартылган. Багдад. 2020-жылдын 30-декабры.

Ирандын сот бийлигинин башчысы Ибрагим Раиси өлкөнүн жогорку даражалуу генералы Касем Сулейманини өлтүргөндөр жазасын аларын билдирди. Тегеранда 1-январда сүйлөп жатып, Раиси АКШ президенти Дональд Трамп да соттун өкүмүнөн качып кутула албай турганын эскертти.

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани былтыр январда Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган.

Былтыр июнда болсо Ирандын бийлиги Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампты жана дагы 35 адамды камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган.

Сулеймани Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун тышкы саясий канаты болгон «Кудс» отрядын жетектечү. Ал өлтүрүлгөн учурда Трамп «Твиттердеги» баракчасына ирандык генерал жөнүндө «узак убакыт бою миңдеген америкалыктарды өлтүрүп, жарадар кылган, андан көбүн өлтүрүүнү пландаган» деп жазган болчу.

31-декабрда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШны «согуш башташ үчүн шылтоо издеп жатат» деп айыптаган.

Иран менен АКШнын ортосундагы мамиле 2018-жылдын кийин абдан курчуп кеткен. Ал учурда расмий Вашингтон Ирандын өзөктүк программасына байланышкан келишимден чыгып кеткен эле.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден бийликке расмий киришкен соң Иран менен дипломатиялык алакаларды кайра калыбына келтирүүгө аракет кыларын айткан.

XS
SM
MD
LG