Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Иран илимпоздун өлүмү үчүн Израилди айыптады


Мохсен Фахризаденин зыйнаты. Тегеран, 30-ноябрь, 2020-жыл.
Мохсен Фахризаденин зыйнаты. Тегеран, 30-ноябрь, 2020-жыл.

Иранда белгилүү окумуштуу-физик, бир нече күн мурун киши колдуу болуп өлгөн Мохсен Фахризаденин сөөгү жерге берилди. Тегеран кол салуу үчүн Израилди айыптап келатат. Тел-Авив окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ислам Республикасынын мамлекеттик телеканалы Коргоо министрлигинин короосунда бир катар расмий адамдардын катышуусунда өткөн тажыяны түз алып көргөздү. Фахризаденин сөөгү баш калаанын четиндеги көрүстөнгө коюлду.

Окумуштуунун машинеси 27-ноябрда башкалаанын жака-белинде буктурмага кабылган. Ирандын жетекчилигинин маалыматына караганда, жүк ташыган машинеге коюлган бомба жарылып, анын артынан куралчан адамдар Фахризадеге ок аткан. Аны менен кошо жанындагы бир нече киши да курман болду.

Тегеран кол салуу үчүн Израилди айыптап келатат. Тел-Авив окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Көп адамдар Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу амалы катары баалаган кылмыш үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Иран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн билдирип келатат.

Ирандын коргоо министри Амир Хатами Фахризаденин тажыясында.
Ирандын коргоо министри Амир Хатами Фахризаденин тажыясында.

Зыйнатка Ирандын коргоо министри Амир Хатами катышып, сөз сүйлөдү: «Мен аскер адамы катары бир да кылмышты, бир да террорду, акылсыз аракетти Иран эли жоопсуз калтырбай турганын айтам. Душман муну билет. Кылмышкерлерди жоопко тартабыз. Алар жазаланарын билүүгө тийиш».

Ушул эле күнү Ирандын англис тилиндеги «Press TV» телеканалы окумуштуунун көзүн тазалоодо колдонулган курал Израилде жасалганын кабарлады. Бул тууралуу каналга атын атабаган булак билдирди.

Өч алуу жөнүндө чакырыктарга карабай, Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы ортодогу маселелерди дипломатиялык жол менен чечүү дагы эле мүмкүн экенин билдирди. «Биз бул тузакка түшпөөгө аракет кылышыбыз керек», - деди Али Рабиеи 29-ноябрда.

Буга чейин Ирандын президенти Хасан Роухани өлкө «убакыт келгенде» Фахризаденин өлүмү үчүн өч аларын жана «тузакка» түшпөй турганын билдирген.

Президент Роухани 2015-жылкы өзөктүк келишимге кайтуунун жолдорун караштырган токтоо саясатчы катары мүнөздөлүп келет. Тегеран жана дүйнөлүк алты держава кол койгон документтен АКШ эки жыл мурун чыгып кеткен. Президент Дональд Трамп бул кадамды түшүндүрүп, «Иран дагы эле атомдук программасынын үстүнөн иштеп, чөлкөмдөгү экстремисттик уюмдарды каржылап жатат» деп билдирген. Тегеран бул дооматтарды четке кагууда.

Келишим Барак Обаманын тушунда түзүлгөн. Ал эми келаткан жылдын 20-январында ал кезде вице-президент болуп турган Жо Байден президенттик кызматка киришмекчи.

Фахризадеге кол салуу болгон жер. Иран, 27-ноябрь, 2020-жыл.
Фахризадеге кол салуу болгон жер. Иран, 27-ноябрь, 2020-жыл.

Жекшембиде ирандык консервативдүү «Кайхан» гезитиндеги макалада кол салууну Тел-Авив ишке ашырганы аныкталса, өлкө жетекчилигин Израилдин Хайфа портуна сокку урууга чакырган пикир жарык көрдү.

Андан мурдарак Ислам Республикасынын жогорку лидери Фахризаденин өлтүрүлүшү үчүн өч алууга үндөп, Тегерандын Израил же АКШ менен тирешүүсү курчуйт деген кооптонууларга жем таштады. Аятолла Али Хаменеи 28-ноябрда «кылмышты иликтөөгө жана ал үчүн жооптуу адамдарды жазалоого» чакырган.

Тел-Авивдин маалыматына ылайык, Фахризаде Ирандын атомдук программасынын жетекчиси болчу жана 2008-жылы Вашинтондун санкцияларына туш болгон.

Көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Тегерандын атаандаштары окумуштуунун киши колдуу болушун айыпташты.

Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб 29-ноябрда окумуштуунун өлүмүнөн кийин Ирандагы жана аймактагы кырдаалга тынчсызданганын билдирди. «Биз Иранда эмне болгонун аныкташ үчүн толук фактыларды күтүп жатабыз. Бирок карапайым адамдарга чабуул коюуга тыюу салган эл аралык гуманитардык укуктун принцибин карманарыбызды айтат элем», - деди Рааб «Sky News» телеканалына.

Бириккен Араб Эмираттары 29-ноябрда ал карасанатайлыкты «жийиркеничтүү кылмыш» деп атоо менен бирге чөлкөмдөгү туруктуулукту андан ары бузбаш үчүн тараптарды карманууга үндөдү.

Бир нече жума мурун Перс булуңундагы бул өлкө Израил менен мамилелерди жөнгө салуучу келишимге кол койгон эле.

XS
SM
MD
LG