Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:58

Байден командасынын мүчөлөрүн сунуш кылат


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден өлкөнүн кийинки мамлекеттик катчылыгына Энтони Блинкендин талапкерлигин көрсөткөн жатат.

Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемесинин жетекчилигине тажрыйбалуу дипломат, Байдендин мурдагы үзөңгүлөшү Энтони Блинкен көрсөтүлөрүн 22-ноябрда америкалык бир нече маалымат каражатты жазып чыкты.

Эгерде Блинкендин талапкерлиги расмий көрсөтүлүп жана аны Сенат жактырса, АКШнын соңку төрт жылдагы тышкы саясатынын багытын өзгөртүү милдети жүктөлөт.

Ириде президент Дональд Трамптын «Биринчи орунда Америка турат» деген дипломатиясын өзгөртүп, глобалдык иштерге жигердүү аралашууну камсыз кылышы керек.

Трамптын мындай саясатын эл аралык институттарды иренжитти жана бир эле учурда шериктери менен да, кастары менен да тирешүүгө кириптер кылды деп атаандаштары сындап келген.

58 жаштагы Энтони Блинкен Нью-Йоркто туулган. Ал 1984-жылы Гарвардды аяктап, Колумбия университетинде окуусун уланткан.

2009-2013-жылдары ал кездеги вице-президент Байдендин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси болгон. 2015-2017-жылдары болсо Блинкен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары болуп иштеген.

Энтони Блинкендин талапкерлиги тууралуу Жо Байден 24-ноябрда өзүнүн жалпы кабинетинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тааныштырып жатып жарыя кылмакчы.

Жо Байден.
Жо Байден.

Мындан сырткары Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилигине Жэйк Салливандын талапкерлиги көрсөтүлө тургандыгы кабарланды. Cалливан буга чейин АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун жардамчыларынын бири болгон.

Азыркы президент Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын четке кагууга аракеттенип жаткан учурда Жо Байдендин болочок кабинет мүчөлөрүн тааныштырышы 2021-жылдын 20-январында президент катары ант берер замат өз ишмердигин натыйжалуу баштоо ниети катары кабыл алынууда.

Болочок президент бир эле учурда АКШнын коронавируска каршы күрөшү менен да, эл аралык чөйрөдөгү саясатты жандантуу иштери менен да алектениши күтүлөт.

Байден кызматка киришкенден кийин климат боюнча Париж келишиминен АКШнын чыгышы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу тууралуу Вашингтондун чечимин жокко чыгарууга багытталган кадамдарга камынып жатат. Дал ушул иштерде Энтони Блинкен анын оң колу болуп, маанилүү ролду ойнойт.

Байдендин болочок өкмөтү Иран менен тирешүүнү да басаңдатуу, шериктер менен мамиледеги көйгөйлөрдү жоюу, Кытай менен салкындап кеткен карым-катнашты жөнгө салуу сыяктуу иштерди жүргүзүшү күтүлөт.

Пенсилвания: Трамптын командасынын арызы четке кагылды

Ал ортодо президент Дональд Трамптын командасы Пенсилванияда добуштарды кайра саноону четке каккан судьянын чечимине каршы апелляциялык арыз жазды.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

21-ноябрда сот Пенсилваниядагы почта аркылуу берилген миллиондогон добуштарды тастыктоого каршы жазылган арызды чекте каккан. Арызды караган округдук соттун судьясы Мэттю Брэнн Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлдөрүнүн жүйөлөрүн сынга алып, кат жазган. Анда Брэнн «негизсиз эле көбүртүлгөн укуктук жүйөлөрдү жана далилге таянбаган жоромолдук доолорду колдонушту», деп сыпаттаган болчу.

«Кошмо Штаттарда - бул өлкөнүн саны жагынан алтынчы орунда турган штатынын бардык шайлоочуларын айтпаганда да - мындай нерсе жалгыз гана шайлоочунун да шайлоо укугунан ажыратылышын эч актай албайт. Элибиз, мыйзамдарыбыз, мекемелерибиз мындан да чоң нерселерди талап кылып күтүшөт», деп айтылат соттун бүтүмүндө.

Бул чечим Дональд Трамптын шайлоо жыйынтыгын өз пайдасына бурсам деген үмүтүнө суу сепкендей болду.

Пенсилвания 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо Жо Байден жеңишке жетишкен эң ири арсар штаттардын бири болчу.

Эми Трамптын командасынын апелляциясы колдоо таппаса өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясы 14-декабрга чейин чогулуп, шайлоонун жеңүүчүсү катары Жо Байденди жарыялоого жол ачылат.

Буга чейин бир нече штаттагы добуш берүү боюнча 20дан ашык арыз жазылган, бирок алардын көпчүлүгү четке кагылды.

Бирок Дональд Трамп дагы эле жеңилгенин моюнга ала элек. Акыркы жолу «Твиттердеги» баракчасына: «Айрым арсар штаттарда добуш бергендердин санына караганда берилген добуштардын саны көп экен. Абдан көп. Бул мааниге ээ эмеспи? Байкоочуларды токтотуп, жасалма бюллетендер жана башка. Чектен чыккан иштер... Биз утабыз», деп жазды.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү көпчүлүк штаттарда Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден алдыга чыгып, америкалык кадыр-барктуу маалымат каражаттары аны жеңүүчү катары жарыялаган. АКШнын бир катар өнөктөштөрү жана Жорж Буш сыяктуу мурдагы президенттери 77 жаштагы Байденди жеңиши менен куттукташкан. Бир гана Орусиянын жетекчилиги АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай мамилесин билдире элек.

Орус президенти Владимир Путин өткөн жуманын соңунда Жо Байденди куттуктабай жатканынын себебин түшүндүрдү:

«Биз АКШ элинин ишенимине татыган адам ким болбосун иштешүүгө даярбыз. Бирок бул ишенимге ким татыганы бир тарап экинчисинин жеңишин тааныган саясий салттуу жол менен же шайлоонун легитимдүү, укуктук жол аркылуу соңку жыйынтыгы менен таанылышы керек».

Буга чейин Кытайдын бийлиги 13-ноябрда Жо Байденди жеңиши менен куттуктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG