Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Трамп Иранга кайра сөөмөй кезеди


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы Кошмо Штаттардын элчилигине коюлган чабуулдан кийин Иранга эскертүү берди. Бир нече күн мурда Ирандан колдоо тапкан козголоңчулар АКШ элчилиги жайгашкан Багдаддын катуу кайтарылган аймагын аткылашканы кабарланган. 

АКШнын президенти Дональд Трамптын эскертүүсү 23-декабрда жарыяланды. Анын алдында АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолугуп, Ирактагы АКШнын дипломатиялык мекемелерине коюлушу мүмкүн болгон чабуулдардын алдын алуу жолдорун президентке сунуш кылышты.

«Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, коргоо министринин милдетин аткаруучу Крис Миллер, мамлекеттик катчы Майк Помпео жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Браян Ак үйдө чогулушканын жазды.

Жолугушуудан кийин Трамп: «Жекшембиде биздин Багдаддагы элчилигибизге бир нече ракета менен сокку урулду. Алар кайдан экен дебейсиздерби? Ирандан. Эми биз Ирактагы америкалыктарга да жаңы кол салуу аракеттери тууралуу угуп жатабыз. Иранга бир нече достук кеңешимди берер элем: эгер бир эле америкалык өлтүрүлсө, мен Ирандан көрөм. Жакшылап ойлонгула», деп «Твиттерге» жазды.

Ирандын тышкы иштер министри Трамптын бул дооматтарын четке какты. Ал эми Ички иштер министрлигинин өкүлү Саид Хатибзаде Трамптын айыптоолорун негизсиз деп атап, Иран дипломатиялык мекемелерге жана адамдар жашаган турак жайларга коюлган чабуулдарды бир нече ирет сынга алганын кошумчалады.

Чабуулда имараттарга зыян келтирилген

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борболоштурулган башкармалыгы Ирактагы чабуулду «Ирандан колдоо тапкан козголоңчулар тобу уюштурган болушу мүмкүн» деп билдирди.

Башкармалыктын билдирүүсүндө ракеталык чабуулдарда эч бир америкалык жабыркабаганы менен АКШ элчилиги жайгашкан комплекстеги имараттарга зыян келтирилгени жана соккулар адамдарга эле багытталып жасалганы жазылат.

20-декабрда болгон кол салуудан кийин Ирак аскерлери элчиликтер жана өкмөттүк имараттар жайгашкан «жашыл зонага» өлкөдө «тыюу салынган топ» ракеталык чабуул койгонун билдирген. Ракеталардын көбү бош турган комплекстин жана көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанына түшкөн. Жыйынтыгында Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү жарадар болгон.

Былтыркы окуялар кайталанабы?

Бир жыл мурда декабрь айынын соңунда Ирактын Киркук шаарындагы аскердик базага ушундай эле ракеталык чабуул коюлуп, бир америкалык жоокер каза болуп, бир нече америкалык жана ирактык аскерлер жабыркаган. Иран колдогон ирактык козголоңчулардын колунан келгени айтылып жаткан ал чабуул Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалууну курчутуп, анын жыйынтыгында Ирандагы таасирдүү генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөн. Генералдын өлүмүнөн көп өтпөй Иран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан базага баллистикалык ракеталар менен сокку урган.

Ноябрь айында Трамптын администрациясы Ирактагы америкалык аскерлердин санын январь айынын ортосуна чейин үч миңден эки жарым миңге чейин кыскартууга буйрук берди. Декабрь айынын башында Вашингтон чыңалуу курчуганына байланыштуу Ирактагы элчиликтеги кызматкерлердин теңин чыгарып кетерин билдирген.

Бул жолку чыңалуу ирандык окумуштуу Мохсен Фахризаденин киши колдуу болушуна байланыштуу күчөп кетти. Иран илимпоздун өлүмүн Израил менен Кошмо Штаттардан көргөн. Ушундан улам Тегеран же анын аймактагы союздаштары жооп кайтарары күтүлгөн.

Жаңы шайланган президент Жо Байден бийликке расмий киришкенде Иран менен дипломатиялык алакаларды кайра калыбына келтирүүгө аракет кыларын айткан. Байден Трамп 2018-жылы чыгып кеткен Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимге кайра кошулары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG