Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Мюнхен: Израиль менен Иран жетекчилери кайым айтышты


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри жана Ирандын тышкы иштер министри Мюнхендеги конференцияда кайым айтышты. Биньямин Нетаньяху Иранды нацисттик Германияга салыштырса, Мохаммад Жавад Зариф анын сөзүн “карикатуралык цирк” деп атады. Коопсуздук боюнча конференцияда сүйлөп жатып, 18-февралда Нетаньяху Иран “дүйнөгө чоң коркунуч жаратып жатат” деп эл аралык коомчулукту Тегеран режимине каршы турууга чакырды. Зариф болсо Израиль жетекчисинин атын атабастан "жыйын катышуучулары ага чейин жооп берүүгө дагы арзыбаган циркке күбө болушканын" айтты.

Министр Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы аскерий кийлигишүүсүн да сындап, "Тель-Авив коңшуларына каршы агрессиялык саясат жүргүзүүдө" деди.

10-февралда Израилдин аскерий учагы Сириядагы жергиликтүү жана ирандык буталарга сокку ургандан кийин кайтып келатканда атып түшүрүлгөн. Ошондон киийн ортодогу чыңалуу ого бетер курчуду.

XS
SM
MD
LG