Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Ооганстанда сенаторлор пара алып жаткан жеринен кармалды


Ооган парламенти. 2019-жылдын 26-апрели.
Ооган парламенти. 2019-жылдын 26-апрели.

Ооганстандын бийлиги 40 миң доллар пара алган деген шек менен үч сенатор кармалганын билдирди. Башкы прокуратуранын кеңсеси менен Коопсуздук боюнча улуттук башкармалык 28-декабрда жасаган биргелешкен билдирүүдө үчөө Балх вилайетиндеги атайын операциянын жүрүшүндө кармалганы белгиленди. Сенаторлордун аттары аталган жок.

Алар Балхка каржылык кырдаалды текшериш үчүн барышканы гана айтылды. Чөлкөмдүн губернатору сенаторлор салык мекемесинен пара алып жатканда кармалганын жана Кабулга жиберилгенин маалымдады.

Ооган парламентинин жогорку палатасы болгон Сенат бул кармоо тууралуу кабардар болгонун билдирди. Президент Ашраф Ганинин кеңсеси мамлекет башчынын квотасы менен өткөн эки сенатор орундарынан ажыратылганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна маалымдады. Кабарга караганда, бул окуя - сенаторлордун жемкорлукка байланыштуу шектүү катары кармалган биринчи учуру болду.

«Transparency International» эл аралык уюму быйыл жыл башында паракорлук боюнча рейтингде Ооганстанды 180 мамлекеттин арасынан 173-сапка жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG