Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Коррупция арааны 2 триллион доллар...


12-майда Лондондо антикоррупциялык саммит ачылды. Анын алдында Эл аралык валюта корунун төрайымы Кристин Лагард дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 1.5 триллиондон 2 триллион долларга чейин пара берилерин билдирди. Саммит алдында британ өкмөт башчысы Ооганстан жана Нигерияны эң эле коррупцияга баткан өлкө катары ачык атап, оңтойсуздук жараткан эле.

Британияда бүгүн ачыла турган антикоррупциялык саммитке кырктан ашуун мамлекеттин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Саммит алдында Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кристин Лагард кат менен кайрылып, жыл сайын дүйнөдө пара иретинде 2 триллион доллар берилерин, бул дүйнөлүк өнүмдүн 2% түзөрүн белгилеген.

“Коррупция экономикага катуу зыян келтирип”, калктын жарды катмары үчүн билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тейлөө тармактарын каржылоону кыскартат. Жеке кызыкчылыкты көздөгөн паракорчулук, кызмат абалынан пайдалануу жарандардын “бийликке ишенимин кетирип, ак ниет жарандардын этикалык ынанымын бузат” деп белгилеген Кристин Лагард өз катында. Анда коррупциянын кыйыр зыяны экономикалык өсүштү басаңдатып, байлар менен кедейлердин арасындагы айырмачылыктын өсүшүнө алып келери айтылган.

Антикоррупциялык саммитти чакырган британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон “Гардиан” гезитине макала жазып, “коррупцияга каршы күрөш саясий эрктен башталарын” белгилеген.

Коррупциялык жол менен байлык тапкандар, өзгөчө мурунку советтик республикалардагы коррупциялашкан саясатчылар, президенттер жана алардын жакындары уурдалган акчаларды Батышка, анын ичинде Британия түзгөн офшордук зоналарга катары белгилүү.

Британ өкмөт башчысы Кэмерон мындан ары офшордук зоналарга британ салыкчылары кирүүгө мүмкүнчүлүк аларын, ошондой эле Британияда кымбат баада кыймылсыз мүлк сатып алгандар кимдер экени да ачыкка чыгарын белгилеген.

Дэвид Кэмерон коррупцияга каршы күрөштүн маанисин мындайча түшүндүрүүгө аракет жасады:

- Эмне үчүн мен аны маанилүү дейм, анткени коррупция жүрөктөгү рак. Ал жараткан дүйнөдөгү проблемаларды биз чечишибиз керек.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри коррупцияга каршы күрөштү экстремисттерге каршы күрөш менен тең койду:

- Коррупция чоң тамга менен жазылган душман, анткени ал биз азыр күрөшүп жаткан экстремисттер сыяктуу мамлекеттерди бузуп, бүлгүн салат. Кээ бирөөлөр ага маани бербейт. Бирок коррупция коомдун бардык катмарын какшаткан нерсе.

Лондондогу антикоррупциялык саммитке Нигерия, Ооганстан, Колумбия президенттери, Норвегиянын премьер-министри, Эл аралык валюта корунун башчысы, коррупцияга каршы эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Саммит алдында британ өкмөт башчысы Кэмерондун жалпыга арналбаган “Ооганстан жана Нигерия эң коррупциялашкан өлкөлөр” деген сөзү ачыкка чыгып кетип, саясий жаңжал чыгара жаздады. Бирок Нигерия президенти Мохамад Бухари “реалдуулукка таарыныч жок” деген пикирин айтуу менен жооп берди. Ал саммитте коррупцияга каршы күрөшүүнүн механизмин иштеп чыгууну сунуштады:

- Нигерия коррупцияга каршы күрөшүүнүн инфраструктурасын түзүп, ага каршы иш жүргүзүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгууга чакырат. Ал аркылуу уурдалган активдерди, чет өлкөлүк банктарга катылган акчаларды кайтарууга, алардын агымына мониторинг жүргүзүлүшү керек.

Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон да коррупцияга каршы күрөшүүчү дүйнөлүк борбор түзүүнү сунуштады. Бул сунуштар антикоррупциялык саммиттин жыйынтыгында кабыл алына турган документтерде чагылдырылмакчы.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG