Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

TI: Кыргызстанда жемкорлук азайган жок


"Transparency International” уюмунун 2018-жылкы көрсөткүчү.
"Transparency International” уюмунун 2018-жылкы көрсөткүчү.

"Transparency International”  уюму 2018-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасын жарыялады. Кыргызстан бул тизмеде 132-сапта турат.

«Жемкорлук демократияга коркунуч туудуруп жатат»

«Transparency International» уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасында «демократия алсыз жерде» жемкорлук гүлдөп, «популист саясатчылар аны жеке максатына колдонуп кетиши мүмкүн» экени айтылат.

Эл аралык уюмдун жетекчиси Делиа Феррейра 29-январда баяндаманын бет ачарында: «2018-жылы көпчүлүк өлкөлөр коррупцияга каршы күрөштө ийгиликке жеткен жок. Дүйнөдө жемкорлук демократияга коркунуч туудуруп жатат», - деди.

Уюмдун иликтөөсүндө коррупциянын көрсөткүчү нөлдөн тартып жүзгө чейинки ченем менен аныкталат. Нөл – коррупциянын жогорку чеги, 100 коррупция жок дегенди билдирет.

«Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы мамлекеттер 100 упайлык көрсөткүчтө 45тин тегерегинде болушту. Бул өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөштө сезилерлик жылыш байкалган жок», деп айтылат баяндамада. «Саясий эрк жок, коомдук институттар алсыз жана саясий укуктар чектелген чөйрөдө жемкорлук жайылууда».

Баяндамадагы маалыматка караганда, көпчүлүк өлкөлөр жемкорлукту ооздуктоого жөндөмсүз болуп жаткандыктан, ал демократиянын өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатат.

Борбор Азия аймагынан Казакстан 124-орунда. Тажикстан - 152, Өзбекстан - 158, Түркмөнстан 161-сапка коюлган. Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 132-орунга чыкты, былтыр ал үч көрсөткүчкө төмөн болчу.

Орусия былтыркыдан бир көрсөткүчкө илгерилеп, 138-орунду ээледи. Аны менен катар эле Иран турат. Ооганстан 16 упай менен 172, Пакистан 33 упай менен тизменин 117-сабында турат.

Постсоветтик аймактан Грузия алдыга озуп, жемкорлук аз 50 өлкөнүн катарына кирди. Коңшу Армения 105-сапты ээлегени менен Никол Пашиняндын өкмөтү жүргүзүп жаткан реформа натыйжалуу болот деген оптимисттик көз караш бар. Пашинян былтыр элдик толкундоонун аркасы менен бийликке келип, өнөкөткө айланган паракорлукту түп-тамырынан бери жок кылууга убада берген.

Эл аралык уюм Армениянын мисалында «укуктук реформа жүргүзүүгө артыкчылык берилип, бийлик институттарынын так бөлүнүшү реформалардын ийгиликтүү ишке ашуусуна өбөлгө болорун» баса белгилейт. Ошондой эле жарандык коомдун ролу өзгөчө экени көрсөтүлгөн. «Transparency International» бийликте отургандарга эскерткендей, жемкорлукка баткан өлкөнүн эли Армениядагыдай саясий климатты өзгөртүүгө жөндөмдүү.

Коррупциянын деңгээлин көрсөткөн тизмеде Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Румыния менен Болгария 61 жана 77-орунга илинген.

АКШ эки жыл мурдагыга караганда төрт көрсөткүчкө ылдыйлап, 22-сапта турат. Соңку сегиз жылда Кошмо Штаттар биринчи жолу коррупциянын деңгээли аз деген 20 өлкөнүн катарынан чыгып калды.

Жемкорлукту жоготууда ийгиликке жеткендер - Дания жана Жаңы Зеландия. Ага удаа Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария турат. Ал эми коррупцияга баткандардын тизмесин Түштүк Судан, Сирия жана Сомали жыйынтыктайт.

Шаршенбаев: Жемкорлукту азайтыш үчүн анын себептери менен күрөшүү зарыл

Быйыл коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency International» уюмунун 2018-жыл үчүн баяндамасында Кыргызстан 141-орундан 132-орунга көтөрүлгөн. Бирок ошол эле учурда мурдагы жылы жана былтыр алган упайлар 29 бойдон калган. Коррупция рейтингинде Кыргызстандын өйдөгө жылышы коррупция азайды дегенди билдиреби же бул башка факторлорго байланыштуубу?

Ушул жана башка суроолорго «Transparency International Kyrgyzstan» борборунун өкүлү Адылбек Шаршенбаев жооп берди.

Адылбек Шаршенбаев.
Адылбек Шаршенбаев.

Адылбек Шаршенбаев: Бул тизмеге Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөр да кирет да. Коррупция боюнча акыбалды алынган упай көрсөтөт. Ал эми орун рейтингге кирип калган өлкөлөрдүн санына жараша өзгөрө берет. Мисалы, быйыл жана былтыр изилдөөгө 180 өлкөнү алсак, 2016-жылы изилдөөгө 176 өлкө, 2015-жылы 168, ал эми 2014-жылы 175 өлкө катышкан.

«Азаттык»: Ал эми өлкөлөр тизмеге кандай негизде киргизилет жана изилдөөлөр кандай усул менен жүрөт?

Адылбек Шаршенбаев: Өлкөлөрдүн бул изилдөөгө киргени ошол өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөргө байланыштуу. Анткени, бул көрсөткүчтү эсептеп чыкканда биз ишенимдүү булактардан алынган изилдөөлөргө таянабыз. Ал эми өлкөнү рейтингге киргизиш үчүн ал жерде үчтөн кем эмес изилдөө болушу зарыл.

Мисалы, Кыргызстанды жети изилдөөнүн негизинде рейтингге киргизип, ордун аныктаганбыз. Дүйнөлүк банктын, Дүйнөлүк экономика форумунун изилдөөлөрү, «Global Insight» деген өлкөнүн кепилдик рейтинги бар, Дүйнөлүк адилеттүүлүк долбоорунун укук үстөмдүгү боюнча көрсөткүчү бар, демократия көрүнүштөрү, «Freedom House» уюмунун «Nations in Transit» деген изилдөөлөрү бар. Ошолордун негизинде Кыргызстандын көрсөткүчү эсептелди.

«Азаттык»: Президенттик шайлоодон кийин келген бийлик, анын ичинде президент өзү да учурда коррупция менен күрөш жигердүү жүрүп жатканын байма-бай айтып келет.

Мисалы, былтыр ЖЭБ боюнча бир катар саясатчылар жана жетекчилер камалып, соттук териштирүү уланып жатат. Бирок ал процесстер баяндаманын жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизбегендей көрүнөт. Демек, азыркы бийликтин «коррупция менен күрөшүп жатабыз» деген билдирүүсү суу кечпейби?

Адылбек Шаршенбаев: Коррупция менен күрөшүүнүн өзүнүн жолдору бар да. Коррупциянын натыйжасы менен күрөшүү - бул бир гана жагы. Ал эми коррупциянын себептери менен күрөшүү башка. Биз азыр көбүнчө коррупциянын кесепеттери менен күрөш болуп жатканын көрүп турабыз. Кармап келип, камап коюу - коррупциянын кесепети менен күрөшүү да. Ал эми жемкорлуктун деңгээлин төмөндөтүш үчүн анын себептери менен күрөшүү өтө зарыл. Бул боюнча изилдөөлөрдүн негизинде алынган маалымат боюнча азырынча жакшы көрсөткүч болбой жатса керек.

Мисалы, былтыр президентибиз февраль айында Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупцияга каршы күрөш боюнча катуу сөздөрдү айткан. Ошондон кийин биздин мамлекеттик органдар «декларация боюнча катуу иш жүргүзөбүз» деген милдеттенме алышкан. Бирок жыл аяктап калды, 2019-жыл башталды, биз жылыштарды көрө албай жатабыз. Бул болгону ар кандай багыттардын бири гана.

«Азаттык»: «Transparency International» уюмунун изилдөөсүнө быйыл 180 өлкө кирген экен. Демек бул эл аралык абройлуу изилдөө экенинен кабар берет. Кыргыз өкмөтү же сот системасынын өкүлдөрү сиздердин уюмдун сунуштарына көңүл буруп, иш-аракет кылганын байкайсызбы?

Адылбек Шаршенбаев: Биздин эң негизги сунуш - бул айкындуулук. Биздин уюмдун аталышы англисчеден которгондо «айкындуулук» же «тунуктук» дегенди билдирет.

Айкындуулук көмүскөдөгү коррупцияга бөгөт кое алат. Биз башынан бери эле «айкындуулукту камсыз кылыш керек» деген сунушту берип келебиз. Бир эле мисал - биз кен казып алуу боюнча айкындуулуктун бир эл аралык демилгесине киргенбиз. 2004-жылы кен казууда ачыктыкка умтулуп, өзүбүзгө милдеттенме алып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенбиз. Мен кечээ эле ошол демилгенин өкүлдөрү менен жолуктум.

Алар «Кыргызстандын мүчөлүгү 2017-жылдан бери токтотулуп турат, ал эми быйыл Кыргызстан ал демилгеден такыр эле чыгып калышы мүмкүн» деп жатышат. Бул деле коррупциянын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп жатат да. Демек Кыргызстан айкындуулукту камсыз кылууда жетиштүү аракет кылбай жатат дегенди билдирет.

«Азаттык»: Маегиңизге рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Касым Рахманкулов

    "Азаттыктын" Прагадагы кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.

XS
SM
MD
LG