Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ооганстан: түндүк менен түштүктөгү террор


Ооган коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон жерди иликтеп жатышат. 22-июнь, 2017-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон жерди иликтеп жатышат. 22-июнь, 2017-жыл.

Ооганстандын түштүгүндө жайгашкан Гилменд провинциясындагы жардыруу ондогон адамдын өмүрүн алды. Бул тапта террорчулар өлкөнүн түндүгүндөгү Түркмөнстанга жакын районунун борборун басып алганы кабарланууда. Бул окуялар БУУ жана АКШ Ооганстанда кырдаал өткөн жылдагыдан оор, курч деген билдирүүсүнө удаа болууда.

Ыйык Рамазан айындагы кыргын

Гилменд провинциясынын губернаторунун өкүлү Омар Звак жардыруудан кеминде 34 киши өлүп, 60 киши жараланганын билдирди.

Бомба 22-июнда провинция борбору Лашкаргах шаарындагы банктын жанында жарылган.

Өлгөндөр жана жарадарлар арасында "Жаңы Кабул" банкынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, полиция жана жоокерлер да бар. Алар Орозо айтка карата айлыктарын алмакка кезекте турушкан.

- Мен мында айлыгымды алганы келгем. Кокустан жарылуу болуп кеткенде ушул жерде күтүп тургам. Тез жардам өлгөндөр менен жарадарларды алып кетти. Ыйык Рамазан айында эмне үчүн элди өлтүрүп атышканына өтө таң калып атабыз, - деди окуянын күбөсү, мамлекеттик кызматкер Бахадор Хан.

Жарылууга удаа атышуу да болгонун Гилменддин провинция кеңешинин өкүлү Мухаммад Карим Атал айтууда.

Кыргынга "Талибан" экстремисттик кыймылы жоопкерчилик алып, өз жанкечтиси аны ишке ашырганын билдирди.

Ооган президенти Ашраф Гани кол салууну айыптап, аны "эч бир динди сыйлабаган адамзаттын душмандары" жасады деп айтты.

Гилменд өзү "Талибандын" таяныч аймактарынын бири. Алар провинциянын борборунан башка 80% жакынын көзөмөлдөйт.

Ооганстанда кырдаал өткөн жылдагыдан курч

Лашкаргахтагы бул чабуул БУУ жана АКШ коргоо министрлиги - Пентагон Ооганстандагы кырдаал курчуп жатат деген эскертүүсүнө удаа болууда.

БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын 21-июндагы Коопсуздук Кеңешиндеги баяндамасында бул өлкөдөгү коопсуздук жагдайы "абдан өзгөрүлмө" деп жыйынтык чыгарылган.

ИМ тобуна каршы чабуул учурундагы ооган жоокери. Нангархар провинциясы, 21-май, 2017-жыл
ИМ тобуна каршы чабуул учурундагы ооган жоокери. Нангархар провинциясы, 21-май, 2017-жыл

Уюмдун отчетунда, быйыл 1-марттан 31-майга чейинки коопсуздукка байланыштуу 6252 инцидент болгону көрсөтүлгөн. Бул өткөн жылкы ушул убактагыдан 2% көп. Эң коркунучтуу деп Оогандын чыгыш жана түштүк чөлкөмдөрү эсептелүүдө. Мындагы бейтынчтык өткөн жылдагыдан 22% өскөн.

БУУнун Ооганстан боюнча атайын кеңешчиси Тадамичи Ямамото буга түрткү болгон жагдайларды атады:

Тадамичи Ямамото
Тадамичи Ямамото

- Күч алып бараткандай көрүнгөн козголоңго каршы күрөштөн тышкары Ооганстанда ички көйгөйлөр да көп. Ал тамыры терең кеткен саясий чыңалуу, күн санап миңдеген ооган качкындарынын кайтып атышынан улам пайда болгон социалдык-экономикалык интеграциянын оордугу. 2014-жылдагы эл аралык кризиске байланыштуу экономикасынын чабал өнүгүүсү жана бардык жердеги коррупция.

Бул тапта Пентагон да баяндама жасады.

"Ооган өкмөтү Кабулда, негизги элдүү пункттарда, маанилүү транзиттик маршруттардын көпчүлүгүндө, провинция борборлорунда жана район борборлорунун басымдуусунда өз көзөмөлүн сактап турат" делет баяндамада.

Ошол эле учурда баяндамада: "Талибан" район борборлорун талашууну, провинция борборлоруна коркунуч жаратууну жана өлкөдөгү негизги, өзгөчө жогорку приоритеттүү Кундуз, Гилменд сыяктуу провинциялардагы байланыш линияларын убактылуу басып алууну улантууда", деп кошумчаланат.

Түркмөнстандын жанындагы салгылаш

Акыркы жумаларда Ооганстанда "Талибан" эле эмес, "Ислам мамлекети" террор тобу да күч алганы белгилүү.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы ИМ тобу 20-июндун кечинде өлкөнүн түндүгүндөгү Түркмөнстанга жакын Дерзап районунун борборун жана бир нече мамлекеттик мекемелерди басып алганын жазды.

Дерзап биринчи ирет террорчулардын колуна өткөнү тууралуу бул чөлкөмдөгү Жаузжан провинциясынын аймактык кеңешинин депутаттары билдиришүүдө. 21-июндагы кабарларга караганда, кагылышуудан улам миңдеген үй-бүлөлөр там-ташын таштай качышкан.

Ал эми Жаузжандын полиция башчысы Рахматулла Туркустани катаал уруш болуп жатканын ырастады. Бирок район толук багынган жок дейт.

- "Ислам мамлекети" террор тобунун жоочулары азырынча Дерзап районун басып ала алышкан жок. Ооган күчтөрү аларга каршылык көрсөтүүдө. Аскер объекттери ооган күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Биз Дерзапка кошумча күчтөрдү жөнөтөбүз. Жоочулар менен ооган күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан салгылаш жүрүп атат, - деп Туркустани 21-июнда телефондон айтып берген.

Андан бери абал кандайча өзгөргөнү али белгисиз. Район борборуна келгенге чейин террорчулар аты уйкаш Дерзап жана Гошдепе айылдарын басып алышкан.

Дерзап району Түркмөнстан чегине да, Жаузжан обусунун борборуна да бирдей жакын.

"Эгер борбордук өкмөт убагында көмөк көрсөтпөсө провинция борбору Шибирган сокку алдында калат" деп эскертет провинция кеңешинин депутаты Халыма Садаб.

Мэттис ооганстандык кесиптештери менен. Кабул, 24-апрель, 2017-жыл
Мэттис ооганстандык кесиптештери менен. Кабул, 24-апрель, 2017-жыл

Жергиликтүү аткаминерлер Фарьяп, Жаузжан, Сари-Пул провинцияларында ИМ тобунун катарында "Өзбекстан ислам кыймылынын" да жоочулары бар экенин айтышууда.

Ушул тапта Ооганстанда өкмөттүк аскерлерге көмөк көрсөткөн НАТОнун, анын ичинде 8400дөй АКШ аскерлери бар. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп азырынча бул өлкө боюнча жаңы стратегиялык кадамдарын жарыялай элек. Белгилүү болгону, өткөн жумада АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис президент ага Ооганстанга жөнөтүлчү аскерлердин санын аныктоо укугун бергенин билдирген. Мэттис буга чейин ооган жеринде террорго каршы күрөшүүдөгү туңгуюктан чыгыш үчүн 3000-5000 жоокер жөнөтүү керектигин айтканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG