Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

SIGAR: Ооганстандагы коррупция көз жаздымда калган


Ооганстан
Ооганстан

АКШ өкмөтүнүн Ооганстандагы кырдаалга байкоо салган башкы мекемеси Америка согуштан жабыркаган бул өлкөдөгү коррупцияны өстүрүп жибергенин жана көйгөйдүн маанисин кеч түшүнгөнүн билдирди. Шаршембиде жарыяланган баяндамада Ооганстанды кайра куруу боюнча башкы инспекторлук (SIGAR) “коррупция АКШнын Ооганстандагы миссиясына көлөкө түшүргөнүн”, “АКШнын аскердик жана саясий максаттары Ооганстандагы коррупцияга каршы күрөштү көз жаздымда калтырганын” белгилеген.

Ооганстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкө катары саналат. Бул өлкө Transparency International уюмунун коррупция боюнча баяндамасында артынан санаганда экинчи орунда турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG