Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Украина майдан тилкесинен оор техниканы чыгара баштайт


Украина бүгүнтөн тарта чыгыштагы майдан тилкесинен оор техниканы чыгара баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-февралда Минскте кабыл алынган келишимдин негизинде 100 миллиметрдик куралдарды учурдагы согуш линиясынан чыгармакчы.

“Бул ЕККУнун көзөмөлү астында оор техниканы чыгаруу боюнча алгачкы кадам деп айтылат”-Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Буга чейин Украина бийликтери жикчилдер ок атууну токтотпогону үчүн оор куралды чыгарууну баштабай турганын билдирип келген.

12-февралда Минскте Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимге ылайык, 15-февралда түн ортосунда ок атышуулар токтотулмак. Украин армиясы азыркы согуш линиясынан, орусиячыл жикчилдер былтыр 19-сентябрда Минскте белгиленген чектен оор аскердик техникаларын алып кетиши керек болчу. Ошондой эле 140 чакырымга созулган буфердик зона түзүү каралган. Бул келишим өткөн жылдын апрель айынан бери уланып, 5500дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжалды токтотуу үмүтүн жандырган эле.

XS
SM
MD
LG