Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

"Манас" АКШ менен Орусиянын "соода бутасыбы?"


Бишкектин "Манас" аба майданындагы АКШ транзиттик борбору.
Бишкектин "Манас" аба майданындагы АКШ транзиттик борбору.

АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфоллдун "Манастагы" транзиттик борбор боюнча соңку билдирүүсү коомчулукта ар кыл кептерди жаратты.

АКШнын Москвадагы элчиси Майкл Макфолл "Манастагы" базаны чыгаруу үчүн Орусия 2009-жылы ири суммадагы пара сунуштаганын айтып чыкты. Бул тууралуу элчи 25-майда Москвада студенттер менен жолушууда билдиргенин орус маалымат каражаттары жазып чыгышты. Элчинин бул билдирүүсүнөн соң Орусиянын кыргыз бийлигине сунуштаган кайсы парасы тууралуу кеп болуп жатат деген суроо чыгууда.

Бакиевге пара сунушталганбы?

АКШнын «Манас» аба майданындагы аскерий базасынын тагдырын ал жайгашып турган Кыргызстан эмес, АКШ менен Орусия аныктай турганы буга чейин нечен курдай айтылып келген. Транзиттик базага байланыштуу АКШ менен Орусия ортосунда соодалашуу жүргөнүн бул ирет Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Майкл Макфолл тастыктаганын бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, АКШ тышкы иштер министринин ошол кездеги Борбор Азия боюнча жардамчысы Макфолл 2009-жылы Орусия АКШнын аскер базасын чыгаруу үчүн андагы президент Курманбек Бакиевге ири суммадагы пара сунуш кылганын билдирген. Элчинин айтымында, базаны калтыруу үчүн АКШ да акча убада кылып, бирок бул сумма Орусияныкынан аз болгону үчүн андан майнап чыкпай калган.

Бул билдирүүгө Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жообу 28-майда аталган органдын расмий сайтында жарык көрдү. Анда Орусиянын тышкы саясат мекемеси Макфоллдун билдирүүсүн сынга алып, дипломатиялык этикеттин алыс, АКШ менен Орусия ортсундагы диалогду атайлап бузгусу келген аракет катары сыпаттады.

Бул боюнча Кыргызстандын расмий органдары болсо өз позициясын билдирише элек.

Ал ортодо таасирдүү элчи кайсы акча жөнүндө сөз кылды деген суроого жооп издегендер коомдук-саясий чөйрөдө аз эмес.

Орусиялык журналист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов АКШ дипломаты 2009-жылы Орусиянын Кыргызстанга убада кылган жардамын пара катары айтып жатат деп боолголойт:

- Макфолл мындай билдирүү аркылуу төмөнкүлөрдү айткысы келди окшойт: Орусиядагы жолугушуулардын биринен соң маалымат жыйынында Путин Орусия Кыргызстанга 2 миллиард долларга жакын кредит жана 150 миллион доллар жардам берүүгө даяр экенин билдирген эле. Мунун артынан эле ошол маалымат жыйынында Курманбек Бакиев болсо Кыргызстан АКШнын аскер базасын чыгарууга даярдыгын айтып чыккан. Бул болсо АКШ тарабынан түздөн-түз эле Орусия Кыргызстанга пара берип, анан аскер базаны чыгаргысы келип жатат деген таризде кабыл алынып калган. Мына ушуну азыр айтып чыкты окшойт. Ушул эле контекстте АКШ президенти Обама менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин 2009-жылы апрель айындагы жолугушуусунда сөз болгон.

Чындыгында эле АКШнын базасын чыгаруу чечими кабыл алынганын мурдагы президент Курманбек Бакиев 2009-жылы февраль айынын башында Моквада жарыялаган. Мына ошол күнү расмий Москванын Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар кайтарымсыз жардам жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берээри да дайын болгон.

Мындан сырткары Орусия Кыргызстандын 193 миллион доллардык тышкы карызынын бир бөлүгүн “Дастан” заводунун 48 пайыздык акциясына алмашып, калган бөлүгүн кечүүгө да макул болгон. Талдоочулар мындай тыянакты базаны чыгаруу маселеси Москвада чечилгени айгинелеп турат деп учурунда айтып чыгышкан.

Мындай пикирлерге 2009-жылы Курманбек Бакиевдин коргоо жана коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп иштеп турган Элмурза Сатыбалдиев да кошулат.

Сатыбалдиевдин айтымында, АКШ тарап Орусиянын Кыргызстанга убада кылган насыяларын эле пара катары эсептебесе, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бул сыяктуу маселеде пара алышы мүмкүн эмес болчу:

- Мен канча жыл иштедим, мамлекеттер арасында пара болот дегенди уга элекмин. Бул мүмкүн да эмес. Орусия тараптан берилген жардам болушу мүмкүн. Кыргызстан канча жылдан бери эле Орусиядан деле, АКШдан деле жардам алып келе жатпайбы. Ал эми муну кайсы бир тарап башкача жооруп алышы толук мүмкүн.

Серепчилер Макфоллдун АКШ Кыргызстанга аз пара берген деген сөзүн ошол учурда аскер базанын ижара акысын 17 миллион доллардан 63 миллион долларга көтөргөнү тууралуу айткан болушу мүмкүн деп болжоп жатышат.

Державалардын соодалашуусубу?

Ошол эле учурда мурдатан айтылбаган маалыматтын азыр ушундай өңүттө ачыкка чыгышын кыргыз бийлигинин жаңы демилгесине байланыштыргандар да болууда.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул сөздү мындайча түкшүмөлдөйт:

- Мындай билдирүүнүн аркасында жүк ташуу борборун калтыруу аракети жатышы мүмкүн. Ушул ойду белгилеп, биздин бийликке жасаган тымызын басымы да болушу мүмкүн. Америкалык дипломатия абдан тажрыйбалуу, көп кырдуу, көп амалдуу дипломатия. Ошондуктан, алар арканды алыс таштап “силер сөзгө келбесеңер, Орусия жетекчилиги менен сүйлөшүп базанын тагдырын чечебиз” деген мааниде айткандай болуп жатат.

Ушундан улам 2009-жылдан кийин транзиттик борбор деген өзгөртүлгөн ат менен ордунда калган АКШ аскерий базасы кайрадан Орусия менен АКШнын соодалашуу бутасына айланып, кыргыз бийликтери өз кезегинде адаттагыдай эле чөнтөккө жараша чечим кабыл алышы мүмкүн деген да пикирлер айтылууда.

Эксперт Искендер Ормон уулу 2009-жылкыдай соодалашуу кайталанбайт деген ишенимде:

- Мындай соодалашуулар болушу мүмкүн. Бирок менин оюмча, бизде система өзгөрүп, мурдагыдай бир киши чечим кабыл албай калган. Ошондуктан бул жерде Жогорку Кенештин ролу өтө эле жогору. Чет өлкөлөр деле муну түшүнүп турушат. Ошондуктан мындай сценарийдин кайталышын күтпөймүн.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү бул боюнча комментарий берүү али эрте экенин билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден бери мөөнөтү бүтсө “Манас” толугу менен жарандык аба майданга айландырылат деген пикирин кайталап, АКШ болсо сүйлөшүү улантыларын айтып келатат. АКШнын жүк ташуучу борборунун Кыргызстандагы мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Бул аба-аскерий күчтөр 2001-жылы антитеррордук коалициянын макулдугу менен Ооганстанга тынчтык орнотуу максатындагы операциялар үчүн деп Бишкекке жайгаштырылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG