Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Апта: Геосаясий оюндар жана соодалашуулар


Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү, Бишкек, 7-апрель, 2012-жыл
Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү, Бишкек, 7-апрель, 2012-жыл

Кыргызстан үчүн чоң дипломатиянын мезгили болду. Оппозиция менен бийликтин, Башкы прокуратура менен парламенттин тиреши күч алды.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстанга келди. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кыргыз-америка байланышы, транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

5-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келди. Ал Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү.

6-апрелде радиациялуу көмүр жаңжалына байланыштуу энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген Аскарбек Шадиев кайра өз ордуна отурду. Депутаттык комиссия радиациялуу көмүрдү алып келүүгө Шадиевдин күнөөсү жоктугун билдирип чыкты.

Ыңкылаптын эки жылдыгы

Апрель ыңкылабына эки жыл болду. Аксы окуясында жана апрель ыңкылабында курман болгондорго арналган эстелик Бишкекте ачылды.

Эки жылдыкка карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Өлкө жетекчилигинин катышуусу менен “Ата Бейитте”, “Форум” имаратында маркумдардын арбактарына арналып куран окулду. Өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясында жана апрель ыңкылабында курман болгондорго арналган эстелик ачылды.

Апрель ыңкылабы өзүнүн башкы миссиясын аткарды. Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу жоюлду. Бирок мамлекетти өнүктүрүп кетүү жеңил болбой, коррупция, регионализм сыяктуу дарттары күчөдү.

Апрелдеги кан төгүүлөргө байланыштуу соттук жараяндар да создугуп калды. Создугуу окуяны териштирүүнүн татаалдыгынан, ага аралашкандардын милдет, ролдоруна баа берүү жеңил эместигинен кабар берет. Анткени апрель окуясы учурунда аскерлер бир жагынан өздөрүнүн милдетин аткарса, экинчи жактан ыңкылаптын катышуучуларынын куралдуу болгонун тасмалар, сүрөттөр тастыктап, окуяга баа берүүдө татаалдыкты жаратты.

Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин банк уячаларын талап-тоноого катыштыгы бар деп айтылганы, өлкөдө башаламандык күчөп, ал июнь коогалаңы менен коштолушу кейиштүү жагдай болду.

Мына ушундай жагдайларга карабай өлкө жаңы Конституцияны кабыл алып, жаңы системаны түптөп жатат. Албетте Конституциянын, азыркы системанын кемчиликтери жок эмес. Аны оппозиция, эксперттер да баса белгилеп жатышат.

Өлкөнүн тышкы саясатында 2010-жылдын алдындагыдай кырдаал түзүлүп турат.

Транзиттик борбордун бүдөмүк тагдыры

Кыргызстандын тышкы саясатында өтө орчундуу маселелер чечилип жатат. Бир жагынан АКШ менен транзиттик борбордун тагдыры талкууланып жатса, экинчи жагынан Орусия менен энергетикалык долбоорлордун келечеги каралып жатат.

Транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдырын талкуулоо үчүн 2-апрелде Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк келди. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин ошол эле күндөгү билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан өз кызыкчылыгын, коопсуздугун жана элдин пикирин эске алуу менен 2014-жылдан кийин да Вашингтонго жардам берүүгө даяр. Демек Кыргызстан менен АКШ транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча орток пикир табуунун алдында турат.

Кыргызстан президенти "Манасты" жарандык мүнөздөгү транзиттик борборго айлантуу демилгесин көтөргөн. Мына ушуга байланыштуу Кыргызстан менен АКШ транзиттик борбордогу аскерлердин ордуна кимдер келери, ташылган жүктөрдү көзөмөлдөө жана ижара акысы боюнча сүйлөшүп жатышкандай. Албетте Кыргызстан ижара акыны көтөрүүгө кызыкдар. АКШ ошондой эле Ооганстандан чыгарыла турган курал-жарактан кайрылышат деген маалымат да расмий деңгээлде айтылды.

Кыргызстандын транзиттик борборду андан ар калтыруу ниетине Орусиянын өзү да олуттуу себепкер болуп жатат. Анткени Москва Ульяновск шаарындагы аба майданды АКШнын пайдалануусуна берүүдө. "Москва АКШга аба майданын берип, акча тапса болот, ал эми биз тапсак болбойбу?" деген суроо кыргыз тарапта пайда болууда.

Азыркы кезде кыргыз коомчулугун кыргыз-америка эмес, кыргыз-орус мамилеси көбүрөөк түйшөлтүүдө. Стратегиялык өнөктөштөр энергетикалык долбоолордогу, “Дастандагы” үлүштөр боюнча эки ача кетүүдө. Кыргызстан мурунку келишимдер аткарылыш керек деген позицияда турат. Мурунку келишимдерге ылайык, Орусия “Дастандын” 48% акциясы үчүн Кыргызстандын 190 млн. доллар карызын кечүүгө тийиш. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинде эки тараптын үлүшү 50 пайыздан болуш керек. Бирок орус тарап акцияларды 75 пайызга жеткирүү талабын коюп, эки ортодо келишпестик пайда болууда.

Саясат таануучу Марс Сариев эки тарап соодалашып жатат дейт:

- Менин оюмча бул саясат жана соодалашмай. Ошон үчүн бир нерсени так айтыш кыйын. Кыргызстан өзүнүн позициясын бекем кармап алды. Бул жерде көп факторлор бар. Анын ичинде геосаясат жана башкалар. Соодалашуу жүрүп жатат. Менимче, энергетикалык долбоорлордо Кыргызстан 50 пайыздан кем эмес алат го. Себеби биз бул ишке катуу кириштик. Кыргызстандын кызыкчылыгын катуу коргомой болдук. Ошон үчүн орустар бизди мурункудай кысым кыла албайт. Мына ошентип соодалашып, тиги жакка, бул жакка тарткылап жатышат. Бул жараянды байкап туруш керек. Бир нерсени ачык айтыш кыйын.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев энергетикалык долбоолор боюнча сүйлөшүүлөр Орусияда жаңы өкмөт куралгандан кийин күч алат деген пикирин жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, 5-апрелде Кыргызстанда болгон орус тышкы иштер министри Лавров Кыргызстан менен кызматташууларды улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Ал эми эки ортодогу айрым айры кетүүлөр Орусияда жаңы өкмөт куралгандан түзөтүлүүгө тийиш.

"Кыргыз жетекчилиги энергетикалык долбоолордо орус тарапка 50 пайыздан ашуун үлүш бере албайт" дейт Жекшенкулов:

- Мен билем, кыргыз жетекчилиги 50 пайыздан ашык бербейт. Позицияларын өзгөртпөйт. Бул энергетикага бир эле Орусия эмес, ошол эле Америка, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттер да кызыкдар. Алар карап турушат. Ички оппозиция да карап турат. Эл да жактырбай коюушу мүмкүн. Бул Орусия менен Кыргызстанга керекпи, керек эмеспи? Макул деп коюп, аткара албай калса, эки тараптуу мамилеге зыян алып келиши мүмкүн.

Бирок кыргыз-орус мамилеси начарлоо жагына ооп кетүү мүмкүнчүлүгү да жок эмес. Кырдаал андай багытта кетсе, орус тарап биринчилерден болуп күйүүчү майга бажы төлөмүн киргизип, Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарына шартты катаалдата баштайт.

Сергей Лавровдун Кыргызстанга сапарындагы дагы бир көңүл бура турган нерсе - Лавровдун кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен жолугушпай калуусу болду. Айрым дипломаттар муну Лавров тарабынан жасалган демарш катары баалап жатат. Кыязы орус тарап Бабановду "Мегакомго" байланыштуу окуядан кийин кечире албай келет.

Оппозиция айтканынан кайтпайт

Кыргызстандын ички саясатында да бир топ татаалчылыктар пайда болууда. Бир жагынан Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңештин ортосунда кармашуу күч алса, экинчи жагынан оппозиция менен өкмөттүн тирешүүсү басаңдаар түрү жок.

Оппозиция 10-апрелге Жалал-Абадда ири митинг белгилеп жатат. Оппозициянын талаптары тууралуу “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев:

- Бүгүнкү күндөгү негизги талап - өкмөттүн кызматтан кетиши жана Конституциялык кеңешмени чакыруу. Бүгүнкү өкмөт кызматтан кетпесе, иш оңолбосун дагы бир жолу белгилеп кетем. Коомчулукта, мамлекетте бүгүнкү өкмөт кызматтан кетип, эл ишениминдеги кесипкөй өкмөт келип, эл үчүн иштемейинче абалыбыз оңолбойт. Мына бүгүн өзүн-өзү рекламалоо, өзүн-өзү мактоо деген башталды. Буга канчалаган каражат жумшалып жатат.

Камчыбек Ташиев 10-апрелге белгиленген митингге президенти, өкмөт башчыны, төраганы да чакырып, элдин талабын угуп кетүүгө үндөдү.

Талдоочулардын баамында, оппозициянын максаты Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн кызматтан кетирип, анын ордуна келүү болуп турат. Жаңы өкмөттү куроо үчүн жаңы коалиция түзүлүш керек, же жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл. Азырынча оппозиция жаңы коалиция түзүүгө көбүрөөк ыктап турат. Ошондуктан президент Атамбаевдин дарегине кайрылуулар жолдонуп, “өкмөттү кетириңиз, ансыз өзүңүздүн да кызматтан кетишиңизди талап кыла баштайбыз” деген сөздөр айтылууда.

Президент Атамбаев болсо "өкмөт өтө кыска мөөнөттөн бери иштеп жатат, күзгө чейин иштесин, анан баа берели" деген позицияда турат. Коомчулукта да бийликти “кулаталы” деген маанай азырынча байкалбайт. Ал эми Оштогу массалык митинг бул Ош шаардык кеңешине шайлоо алдындагы калктын активдүүлүгүн гана көрсөтүп турат.

Күйүүчү май кымбаттайт

Өкмөт башка жагынан аксап жатат. Жүз күндүк реформасы эл турмушунда көрүнүктүү өзгөрүш алып келе элек. Тескерисинче, экономикада ылдыйлоо байкалып, ага "Кумтөрдүн" ишиндеги жайлоо да кошул-ташыл болууда.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов өкмөт жүз күндүн ичинде эле кризистен өлкөнү алып чыгат деш туура эмес дейт:

- Бир өкмөт келип, жүз күндүн ичинде кризистен чыгарып кете албайт. Азыркы өкмөт жүз күндө зарыл чечиле турган маселелерди турмушка ашыруунун механизмдерин иштеп чыкты.

Жазгы талаа жумуштары табийгат шартына жараша кечеңдеди. Бирок өкмөттүн дыйкандарга убада кылган насыясы өлчөмүнөн аз берилип жатканын “Айылбанктын” башчысы Токтобек Акматов 6-апрелде билдирди. Анын айтымында, Каржы министрлиги убада кылынган 500 млн. насыянын 300 млн. сомун гана берген. Ошондуктан дыйкандарга насыя берүү токтоп калды.

Жазгы-талаа жумуштарынын алдында күйүүчү май да кымбаттай баштады.
Кыргызстан Нефтетрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев дыйкандарды күйүүчү майды камсыздап алууга үндөп, дизелдик май дагы кымбаттаарын эскертет:

- Дизелдик майга баа кескин көтөрүлүп кетти. Анын баасы түндүк региондо 39 сом, түштүктө 40 сом болуп кетти. Ал эми бензин баасы март айындагыдай эле калды. Эми азыр жаңы баалар менен алып келип койсок, дизелдик май дагы 1 сом, 1 сом 20 тыйын, мүмкүн 1 сом 50 тыйынга чейин көтөрүлөт.

Орусия тараптан күйүүчү майга кошумча бажы төлөмдөрү киргизилиш мүмкүндүгү азырынча белгисиз деген Акенеев, бул маселеге ачыктык 10-апрелден кийин кирерин кошумчалады. Кыргызстан менен Орусия энергетикалык долбоолор боюнча 10-апрелге чейин бир чечимге келүүнү белгилешкен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG