Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Кулматов: Шаарды ойлогон адам жок


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Кубанычбек Кулматовдун Бишкектин мэри болуп иштеп жатканына бир жылдан ашты. Азыр шаарда башаламан курулуштар, жол, тазалык жана жашылдандыруу боюнча маселе көп.

Мэр шаардыктарды эле эмес, жергиликтүү кеңешти да нааразы кылып, депутаттар менен жакшы тил табыша албай жатат.

Кубанычбек Кулматов мэр болуп ызы-чуусуз шайланган эле. Жалгыз талапкер болгон. Шаардык кеңештин жыйынында программасын тааныштырып жатканда курч суроолор дээрлик берилген эмес. Депутаттардын баары жаңы мэрге ийгилик каалап, үмүт артышкан.

Шайлагандан кийин убадалары, бизнестен мамлекеттик кызматка келген себеби, президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси, болочокто премьер-министр болушу ыктымал деген сөздөр боюнча “Азаттыктын” суроолоруна төмөнкүчө жооп берген:

- Мен азыр сөз берип жатам. Мен буга чейин Бажы кызматында иштеп кеткем. Ал жакта бир топ иштер жасалган. Ушундай эле иштерди мэрияда да жасайбыз. Ишти биринчи тартиптен баштайм. Бир канча кызматкерлер бар. Алар элге чыгып, эл менен иштегенде бир топ көйгөйлөр өзү эле чечилет. Элге шарт түзүп беришибиз керек. Эл азыр өз көйгөйүн өзү чечип калды. Менимче, азыр шаарды ойлогон адам калган жок. Карапайым тургундарбы, саясатчыларбы, мамлекеттик кызматкерлердин баарын шаар үчүн иштейли деп ынтымакка чакырып жатабыз.

"Азаттык": Бизнестен мамлекеттик кызматка эмне себептен келдиңиз эле?

- Мамлекеттик кызматка 2004-жылы келгем. Чынын айтканда менин жакшы бизнесим бар болчу. Башында мамлекеттик кызматта да иштеп көрөйүнчү деп эле келгем. Эки-үч жолу жумуштан алышкан. Бирок мамлекеттик кызматтан кийин бизнес мага кызык болбой калды.

"Азаттык": Сизди айрым гезиттер Алмазбек Атамбаевдин мураскери деп жазып жатышат. Атамбаев менен мамилеңиз кандай? Доссузбу?

- Алмазбек Атамбаевге биринчи жолу 2007-жылы жолуккам. Ал мени Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кызматына койгон. Ал мени 2010-жылы кайра чакырды.

"Азаттык": Сизди болочоктогу премьер-министр деп да жатышат. Буга пикириңиз кандай?

- Аны эми бир кудай эле билет.

Иш илгерилебей койгондо...

Кулматов 2010-жылы Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалганда анын айынан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун катуу араздашканы да маалым. Атамбаев менен Бекназаровдун телефон сүйлөшүүсү тымызын жаздырылып алынып жарыяланып кеткен. Анда Бекназаров Атамбаевди Кулматовду камай турганын айтып опузалаган да болчу.

Кулматов Бажы кызматын жетектеп турганда анын жарандыгы боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Айрым депутаттар ал Орусиянын жараны экенин айтып чыгышкан. Башкы прокуратура Кулматов орус жарандыгынан баш тартканы тастыкталганын билдирген. Андан кийин мэр Ата-Түрк сейил багында талаштуу аймакта анын ата-энесине таандык жер бар экенин мойнуна алган.

Кулматов мэр болуп ызы-чуусуз шайланганы менен ушул тушта шаардык кеңеш менен тил табыша албай жатат. Анын Бишкекти өнүктүрүү программасы алты айдан кийин гана кабыл алынган эле. Программа талкууланып жатканда ишине байланыштуу Кулматовго бир топ доомат айтылган. Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов атүгүл мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрөрүн да эскерткен.

Байкоочулар Кулматов мэр болгондон бери Бишкек бир топ жүдөп кеткенин белгилешет. Былтыр тазалык боюнча доомат көп айтылган. Социалдык түйүндөрдө үйүлүп жаткан, бир канча күндөн бери тазаланбаган таштандылардын сүрөттөрү кеңири жарыяланган. Бак-дарактар, жашыл чөптөр сугарылбай соолуп калган.

Айдоочулар Кулматов мэр болуп келгени жолдун жыртык-тешиги дээрлик бүтөлгөн жок, тескерисинче көбөйгөнүн айтып даттанып жүрүшөт. Темир Сариев премьер-министр болуп жаңы эле кызматка келгенде Кулматовду ушул жол маселеси боюнча сынга алган.

"Себептер көп, иш байкалбайт"

Бишкек шаардык кеңештеги оппозициячыл “Республика” фракциясы Кулматовдун бир жылдык ишин канааттандырарлык эмес деп баалаган. Фракция лидери Мирлан Жээнчороев мэр үмүттү актаган жок деп билдирди:

- Кулматов мырза кызматка келгенде көп идеяларды айтты эле. Көп нерсесин колдойбуз, колдогонго даярбыз деп айтканбыз, шаарыбыз өнүгүп-өссө экен деген тилек менен колдогонбуз. Бирок, тилекке каршы, көп пландар мэрдин кабинетинде эле калды. Белгиленген иш-пландар аткарылган жок. Өзүнүн программасында көрсөтүлгөн иштер да аткарылган жок. Биз мэрге инвестиция, макроэкономикалык каржылар боюнча бир топ сунуштарды бердик элек. Бир жылдын ичинде шаардык кеңеш мэрдин иши боюнча онго жакын, канааттандырарлык эмес деген токтом кабыл алган. Тазалык боюнча, муниципалдык мүлктү башкаруу, жашылдандыруу, таштандыларды иштетүү, жолдордун абалы, жолчырактар боюнча канааттандырарлык эмес деген баа берилген.

Шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Союзбек Салиев да Кулматовдун ишине нааразы. Ал мэрдин ишинин илгерибей жатышынын объективдүү да, субъективдүү да себептери бар деп эсептейт:

- Объективдүү факторлорду айтсак – бул экономиканын ылдыйлашы, салыктын аз чогулушу, Каржы министрлигинин шаардын салыктарын кыскартышы. Ал эми субъективдүү себептерге токтолсок, ал келгенден бери эле жакшы команда топтой албай жатат окшойт. Шаардык кеңеш кийлигишпей бир жыл убакыт бердик. Азыр сын- пикирлер айтылып жатат. Бул сын-пикирлердин жүйөсү бар. Элдин нааразычылыгын биз бул кишиге жеткирип жатабыз. Биз дагы деле оңолуп калаар деген үмүт менен отурабыз.

Баары салыштыруудан билинет

Шаардык кеңеште Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө демилгеси маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт. Шаардык кеңеште эң көп орунду Социал-демократтар фракциясы ээлеп отурат.

Фракция лидери Алмаз Кененбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып мэрге ишеним көрсөтпөөгө негиз жок деп билдирди. Мэрди коргоп-колдоп, эми гана иштин көзүн тапканын айтты, жөндөп кетет деп ишендирди:

- Биз ага ишеним көрсөтүп жатабыз. Иштин нугуна мына бир жылдан кийин кире баштады. Жол маселесин сессияда көтөрдүм. Кубынычбек Кеңешовичтин өзүнө айттым, жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз деп сурандым. Айрыкча сапатына көзөмөл жүргүзүңүз деп айткам.

Анткен менен жарандык активист Калича Умуралиева мэр иштин нугуна эми, бир жылдан кийин гана түшүп жатат деген пикирди сынга алды. Ал Бишкекти эки жылга жакын убакыт башкарган Нариман Түлеевди салыштырмалуу жакшы иштеген мэр катары шаардыктар эмгиче эстеп жүрүшкөнүн белгиледи:

- Кулматов шаардын иши тууралуу түшүнүгү жок, эч нерсе жок эле келип кыйратам деп, бирок эмнеден баштайм деп баш ооруп атканы көрүнүп турат. Командасы жок келди. Мэрликке кесипкөй адис келиши керек да. Ушул адам мэр болот деп эле дайындап коюу туура эмес. Мен бир эле нерсесине – Иса Өмүркуловдун гүл өстүрүлгөн карапаларын койбогонуна эле сүйүнүп атам. Ал деген акча жемейдин бир ыкмасы болчу да. Мына Түлеев келгенде шаардын бюджети көбөйгөн, шаар үчүн бир топ туура чечимдер кабыл алынган. Кулматов көп нерсени туура эмес кылып жатат.

Мэр Кулматов тарых илимдеринин доктору, полковник деген наамы бар. 52 жаштагы Кубанычбек Кулматов быйыл кыздуу болгон. Ымыркайына Мэрия деген ат койгусу келгени, бирок атасы каршы болгондуктан Дания деген ысым ыйгарышканын журналисттерге айтып берген. Бул социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан жана ар кандай шакабаларга жем таштаган.

XS
SM
MD
LG