Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

ЖК: төрт же анда көп балалуу үй-бүлөлөрдү көп балалуу деп таануу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин сайтына Кыргызстанда төрт же андан көп балалуу үй-бүлөлөрдү көп балалуу үй-бүлө катары таануу жоболору каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын автору, “Ыйман нуру” фракциясынын төрагасы, депутат Нуржигит Кадырбеков документтин негиздемесинде бул балдары көп жубайларды, үй-бүлө институтун колдоо, социалдык жеңилдиктерди берүү максатында сунушталып жатканын жазды.

“Мыйзам долбоору үй-бүлө институтун колдоонун социалдык маанисин эске алуу менен “көп балалуу үй-бүлө” түшүнүктү ишке ашырууга багытталган. Бул түшүнүктү киргизүү көп балалуу үй-бүлөлөргө кошумча социалдык жеңилдиктерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда мындай үй-бүлөлөр каржылык кыйынчылыкка дуушар болушу мүмкүн жана бул демилге көйгөйдү жеңилдетүүгө багытталган. Белгилей кетсек, коңшу мамлекеттерде (Казакстан, Өзбекстан) көп балалуу үй-бүлө статусу тиешелүү социалдык кепилдиктерди берет жана үй-бүлөдө төрт же андан көп балалуу болсо көп балалуу үй-бүлө болуп саналат. Орусияда аймакка жараша, бул көбүнчө үч же андан көп баладан турган үй-бүлө эсептелет”.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына шилтеме берип, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөт азайып кеткенин айтып чыккан. Анын маалыматында, 2019-жылы төрөлгөндөрдүн саны 173 484, 2020-жылы 158 112 (15 миң адамга аз), 2021-жылы болсо 150 164 (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн. Былтыр 146 миң 633 балага 584 миллион сом “балага сүйүнчү” жөлөкпулу берилген.

Кыргызстанда калктын саны жети миллиондон ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG