Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Коалиция кырдаалды жабык талкуулады


Ташиевдин тарапкерлери Биринчи май райондук сотунун алдында, 25-январь, 2013-жыл
Ташиевдин тарапкерлери Биринчи май райондук сотунун алдында, 25-январь, 2013-жыл

9-мартта Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жабык талкуулады.

Жабык талкууга ички иштер министри, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жана башкы прокурордун орун басары баш болгон күч органдарынын жетекчилери чакыртылды.

Ишемби күнү эртең мененки саат онго белгиленген парламенттеги башкаруучу коалициянын жыйыны жарым саатка кеч башталды. Анткени КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын башкаруучу коалицияга кирген алтымыштан ашуун мүчөсүнүн жарымына чукулу гана жыйынга кечигип чогулду. Башкаруучу коалиция Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча баяндамасын угуп, жабык талкуулады.

Депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин Караколдогу митинги, 5-март, 2013-жыл
Депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин Караколдогу митинги, 5-март, 2013-жыл
Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркинбек Алымбеков аталган жыйында митингдерди уюштуруу аркылуу өлкөгө тополоң салууга кызыкдар күчтөрдүн аракеттери тууралуу маалыматтар айтылганын белгиледи:

- Ошол митингдерди колдонуп, өлкөдөгү туруктуулукту бузуу аркылуу өздөрүнүн кара өзгөй максаттарына жетүүгө далалат кылган күчтөр бар экени белгилүү болду. Митингдерди уюштуруу жана башкаруу борборлору сыяктуу көмүскө тармактардын ишмердигин иликтеп, аларды мыйзамдын чегинде тартипке чакыруу маселеси талкууланды. Мына ошол көмүскө түзүлгөн тармактык уюмдар аркылуу митингдердин нугун өз кызыкчылыгына буруп, өлкөгө тополоң салууга ынтызар ички-тышкы күчтөрдүн аракеттерин өз учурунда ооздуктоо тапшырмасы койулду. Ал күчтөргө ичинде мурдагы бийлик режиминин таасирдүү фигуралары Жаныш менен Максим Бакиевдер кирет. Анан алардын кызматында жүрүп, коррупциялык акырынан ажырап калган айрым саясатчылар да реванш алууну күтүп жатканы боюнча айрым маалыматтар белгилүү болуп жатат.

Жыйынга катышкан өз булактарыбыздын айтымында, тартип коргоо органдарына Таластагы, Жалал-Абаддагы жана Ысык-Көлдөгү митингдерди уюштурууну каржылаган тарапты так аныктоо тапшырмасы коюлган. Ошондой эле тынч маанайдагы митинг-пикеттерди ар кандай чагымга жана башаламандыкка айлантууга ынтызар күчтөрдүн ким экенин ачык ашкерелөө демилгеси көтөрүлгөн.

Талдоочу Балбак Түлөбаев терс иш-аракеттердин бардыгын эле Бакиевдерге байланыштыра берүү туура эмес деп эсептейт:

- Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инилери же баласы Кыргызстандагы абалга таасир этүүгө кудурети жетет деп ишенүүгө болбойт. Азыркы бийлик бир нерсе болсо эле, ошонун бардыгын Бакиевдерге жүктөй бергенди салтка айлантып алды. Бакиевдер кырдаалды өзгөртүүнүн каалаган учурда да аны алар жасай алышпайт. Анткени алардын ар бир кыймыл аракети азыр чоң мамлекеттердин атайын кызматтарынын көзөмөлүндө турат. Бийлик ички саясатта нааразылыктын деңгээли эмнеден улам пайда болуп жатканын аныктап алса болмок. Ага бийликтин өзүнүн кадамдары себеп болуп жатпайбы. Анан себепти өзүнөн издебей эле сырткы күчтөр дегенди азыркылар жакшы өздөштүрүп алышты.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды талкууга алуу демилгеси өткөн жумада көтөрүлгөн болчу. Буга жаз алды менен парламент мөөнөтүнөн мурун таркатылып, өлкөдө дагы бир жолу ыңкылап уюштурулат деген сыяктуу имиштердин таркашы себеп болгон. Ага удаалаш эле айдын башында Ошто, Жалал-Абадда жана Караколдо камактагы “Ата Журттун” депутаттарынын боштондугун талап кылган митингдер башталган болчу.

Жогорку Кеңештеги парламенттик оппозициянын өкүлү, “Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бегматов башкаруучу коалиция митингдердин чыгышынын чыныгы себептерин биле албай, удургуп жатат деп белгиледи:

- Биздин жарандар өзүнүн ой-пикирлерин тынчтык митингдерде ээн-эркин билдиргенге толук конституциялык укугу бар. Мүмкүн мына ошону алкагында гана чакырыктар жүрүп жатса керек. Бирок парламенттик оппозицияга кирген фракциялардын ортосунда митингдерди уюштурууга кызыкчылык жок. Митингдерди каржылап жаткан күчтөр бар деп жатышат. Бирок алар кимдер экенин ачык эле айтышпайбы. Азыр болуп жаткан митингдердин мүнөзүн талдап көрсөк. Өтө деле олуттуу талаптар коюлбай эле турат. Болгону депутаттардын бошотулушун жана Кумтөр маселесин мамлекеттин кызыкчылыгына карата чечүүгө багытталган эле маселелер көтөрүлүп жатат. Анан ошондон чочулап, артында кайсы бир күчтөр турат деп кыйкырып чыккандар фактысы болсо ачык айтышсын да.

Жабык жыйында өлкөдөгү криминогендик кырдаал боюнча сөз болуп, кылмыш дүйнөсүнүн саясатка таасири талкууга алынган. 5-мартта Жалал-Абадда “Поке” деген каймана ат менен белгилүү мурдагы кримавторитет Болот Маматовдун атып өлтүрүлүшүнүн себептери да белгисиз бойдон калды. Милициянын маалыматы боюнча ал 2011-жылы уюшкан кылмыш тобунан кол үзгөн.

6-мартта Каракөл шаардык кеңешине “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп шайланган Алтынбек Арзымбаев бирөөнү тапанча менен атып жарадар кылганы үчүн камакка алынды. Ички иштер органдары Арзымбаев белгисиз бирөө кол салган учурда өзүн коргоо үчүн тапанча колдонгон деп билдирген болчу. Алтынбек Арзымбаев өткөн жылы күздө “Республика” партиясынын лидерлерин жаманатты кылган билдирүүлөр менен чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG