Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Коалициянын талкуусуна күч органдары чакырылды


Оштогу нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 5-март
Оштогу нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 5-март

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулоону чечти. Маалыматка караганда, коалиция бул маселени кароого ишемби күнү чогулат. Ага күч структураларынын өкүлдөрү чакырылат.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев 6-мартта парламенттеги сөзүндө, коомчулукта “Жогорку Кеңешти таркатат экен, бийликти басып алат экен психоз” жүрүп жатканын, ошондуктан кырдаалды талкуулаш үчүн күч структураларын чакырууну талап кылган.

Ташболот Балтабаевдин айтымында, башкаруучу коалиция маселени адегенде өзүнчө талкуулап, андан кийин парламенттин кароосуна алып чыгууну 7-мартта чечти. Коалиция жыйынды ишемби күнгө белгиледи дейт Балтабаев:

- Биринчи коалицияда талкуулап алалы деген сунуш болду. Ага мен макул болдум. Жыйынга негизинен күч органдары чакырылыш керек.

Балтабаевдин пикиринде, парламент жакынкы өткөн тарыхыбызды эске алып, азыркы абалга өзүнүн позициясын билдириш керек.

Ош, 5-март
Ош, 5-март
Кыргызстанда саясий кырдаал 6-мартта курчуду. Масштабдуу болбосо да Каракол, Ош, Нарын жана Жалал-Абадда камактагы депутаттарды бошотуу, Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу талаптары менен митинг болуп, Жалал-Абадда ондогон аялдар облустук администрациянын имаратына кирип, отуруп алышты.

Буга жооп кылган Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков азыркы мезгилде бийликти басып алууга негиз жок экенин билдирсе, дагы бир КСДПчы депутат Эгемберди Эрматов азыркы бийликке каршы чыккандарды "эл душманы" деп атады. Ал эми КСДПчы депутат Ирина Карамушкина митингчилер фашисттердин ыкмасын пайдаланууда деп айыптады.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов кесиптештеринин мындай кескин айыптоосун туура эмес деп баалап, буларга токтолду:

- Менин оюмча, эл душманы деп, фашисттерге теңеген туура эмес иш. Анткени жөнөкөй эл же кайсы бир саясий күчтөр өзүнүн талабын бийликке кайсы бир деңгээлде жеткириш керек. Саясий талаптар, мамлекеттик бийликке талаптар болсо, кайсы бир формада айтыш керек. Аны фашисттерге теңеген болбойт.

Абдыжапа Бегматов
Абдыжапа Бегматов
Бегматовдун айтымында, өлкөдөгү кырдаал өтө эле кооптуу эмес. Митингчилердин талабы да Кумтөр жана депутаттарды бошотууга байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан аны башкаруучу коалиция өзүнчө эмес, оппозициялык азчылыктын катышуусу менен эле талкууласа туура болмок.

Саясат таануучу Марат Казакбаев башкаруучу коалициянын чогулуп, кырдаалды талкуулоо аракетин туура деп эсептейт:

- Кандай сынга алынса да, эң чоң электорат “Ата Журтта”. Ошону бийликтеги коалиция эми сезе баштады. Эмне үчүн мындай нааразылык акция жүрүп жатат? Биринчи кезекте социалдык абал оор. Региондордо, райондордо эл аябай кыйналып жатат. Ошон үчүн тегерек столго отуруп, кризистен кандай чыгабыз, кандай механизм керектигин башкаруучу коалициянын талдаганы туура.

Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратына отурган аялдар 7-мартта чыгып кетишти. Бирок алар митингди токтотпой турганын билдиришүүдө. Учурда Жалал-Абадда эки боз үй тигилип турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG