Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Тоок чарбалары өкмөттөн колдоо күтөт


Тоок чарбасы. Бишкек
Тоок чарбасы. Бишкек

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери тоок чарбаларынын иши солгундады. Ишкерлер өкмөттөн жок дегенде чет мамлекеттен алып келинген жем жана башка азыктардын салыгын алып, жеңилдик берүүнү суранышууда.

Кыргызстан ЕАЭБге кирип, бажы төлөмдөрү алынган соң, Казакстан менен Орусиядан жумурткалар кыйынчылыксыз кирип, өлкөнүн базарларын ээлей баштаган. Орусия жана Казакстандан Кыргызстанга кирип жаткан жумуртканын баасы төмөн болгондуктан, ортодогу алып сатуучулар арзан жумурткага качырып, жергиликтүү ишканалардыкы өтпөй калган. Бул өзгөчө жайдын ысык күндөрүндө өндүрүшкө терс таасирин тийгизген.

Күн сайын 250 миңден жумуртка

Сокулуктагы “Ак куу” канаттуулар фабрикасынын алты цехи бар, бул анда жалпысынан 400 миңдин айланасында тоок багылат, алар күн сайын орто эсеп менен 250 миң жумуртка тууйт. Тооктор жаңы агротехнология менен багылат, эч жакка чыгарылбай, бир температурада, бирдей жарыкта кармалат.

Фабриканын жетекчиси Нургүл Малабаеванын маалыматы боюнча, тоок багуучу жабдуулар 2013-жылы жаңыланган:

- Биздин “Ак-куу” канаттуулар фабрикасы 2013-жылы толугу менен жаңы технологиядагы жабдуулар менен камсыздалган. Ушул тапта алты цехибиз бар, ар бир цехти эки-үчтөн киши карайт. Цехтердин ар биринде 70 миңге чейин тоок багылат. Тооктор жашына карап бөлүнгөн, ошого жараша жумуртка тууйт. Биз орто эсеп менен күнүнө 250 миң жумуртка алабыз.

Тоок фабрикасы
Тоок фабрикасы

Цехтерде тооктор тууган жумуртка жаңы технология боюнча атайын тасмага түшөт. Ал эми тасма ылайыкталып жасалган бункер менен жылып отуруп, сорттоочу цехке алып келет. Бул жерде жумушчулар жумурткаларды өңүнө, салмагына жараша бөлүштүрүп, чыккан күнү тууралуу маалымат басылат. Андан кийин, атайын кутуларга салынып, таңгакталат.

“Ак куу” акционердик коомунун башкы директору Нургүл Малабаеванын “Азаттыкка” айтуусунда, жумурткалар дээрлик жергиликтүү базарга сатылат:

- Экспорт жок. Анткени Өзбекстан менен чек ара жабык. Казакстан, Орусия, Кытай, тескерисинче, бизге сатышат. Ал эми Тажикстанга жергиликтүү соодагерлер аркылуу сатылбаса, бизден расмий экспорт жок. Ошондуктан, негизинен Кыргызстандын ичинде сатылат. Биз жумуртканын ар бирине кепилдик беребиз. Биздин жумурткаларды сатып алган дүкөндөр, соодагерлер качан, кайдан, кандай чыгарылганын билишет. Жумуртканын сактоо мөөнөтү 25 күн. Бул да бирдей температурада кармалса гана. Ошондуктан бизден жумуртка сатып алган дүкөндөр болгону он күнгө гана алышат. Он күндөн кийин кайтарып беришет. Биз кайтарылып келген жумуртканы кургатып, жумуртка күкүмүнө айландырып, кайра кондитердик, нан жасаган цехтерге сатабыз.

“Ак куу” тоок чарбасы жумуртка тууй турган тоокторду да өздөрү бастырып, багат. Ал үчүн атайын инкубациялык жумурткалар башка бир ишканадан сатылып алынып, тиешелүү температурада балапан чыкканга чейин кармалат.

Импорт жумуртканын баа демпинги

Нургүл Малабаеванын билдиргени боюнча, сырттан келип жаткан жумуртканын базарда сатылып жаткан баасы жергиликтүү ишканаларда өндүрүлгөн жумуртканын өздүк баасынан да төмөн:

- Биз жумурткаларды сатып жатабыз, бирок баасы өздүк наркынан төмөн болууда. Анткени Орусия менен Казакстандан арзан келип жаткан жумурткалардын баасына салыштырып, биздикин албай атышат. Алардыкы эмне үчүн арзан? Анткени биз мөөнөтү бүткөн жумурткаларды кайра өзүбүз алабыз. Казакстандан, Орусиядан келип жаткан жумурткалар, сактоо мөөнөтү өтүп, артка кайтарылган жумурткалар болуп жатат. Алар мөөнөтү өткөн жумурткаларын бизге, Кыргызстанга арзан баада сатып жатышат.

Тоок баккан ишкер
Тоок баккан ишкер

“Ак куу” акционердик коомунда 300 киши иштейт. Алты цехте багылып жаткан 400 миң тоок орто эсеп менен күн сайын 70 тонна жем жейт. Жем ишкананын өзүндө даярдалат. Анткени даяр жем кымбат. Ал эми жемге кошулуучу витамин-азыктар Европа өлкөлөрүнөн доллар менен сатылып алынат.

Нургүл Малабаеванын айтуусунда, жемге кошулчу витамин-азыктардын кошумча нарк салыгы бир жылда 3 млн. сомду түзөт, ошондуктан, ишкерлер салыктын ушул түрүнөн убактылуу бошотуп турууну кыргыз өкмөтүнөн сурашкан:

- Мамлекетке, өкмөткө кайрылып, тоютка кошулчу кошулмалардан кошумча нарк салыгын алып бергиле деп кайрылганбыз. Бирок азырынча эч кандай жооп жок. Азырынча бул өтүнүчкө өкмөт тараптан жооп жок.

25 миң тоокту эки эле киши карайт

Бишкекке жакын жердеги Манас айылында жайгашкан “МирАсАгро” ишканасы да тоок багып, жумуртка өндүрүү менен алек. Аталган ишканада 25 миң тоок багылат, алар күн сайын сезонуна жараша 15-20 миңдин айланасында жумуртка тууйт. 25 миң тоокту эки киши карап, багат, калганын техника жасайт.

“МирАсАгро” ишканасы “Ак куу” тоок чарбасынан айырмаланып, жумуртка тууй турган тоокту үч айлык кезинде сатып алат. "Аны жумуртка тууй турган кезине чейин дагы эки ай багууга туура келет" дейт ишкананын жетекчиси Аскат Ибраев:

- Биз үч айлык тоокторду сатып алабыз. Дагы эки ай багуу керек. Бир тоок бир жарым жыл жумуртка берет. Бул оор бизнес, анткени тоок өтө сезимтал жандык. Жеминен же температурадан бир аз эле өзгөрүү болсо, туубай коёт. Жемин жакшы берип, температурасын бир калыпта кармап, чочутпаш керек. Мисалы, бизде 25 миң тоокту эки гана киши карайт. Бүт автоматташтырылган. Мен өзүм да цехке бир айда эки-үч жолу эле кирем. Тооктор ар кандай ооруларга сезимтал, бат оорушат. Андайда да жумуртка азаят.

25 миң тооктон күн сайын 15-20 миңдин айланасында жумуртка алынат. Бул жерде да тооктор агротехниканын заманбап талаптары менен багылат.

“МирАсАгро” ишканасы да тооктор үчүн жемди өздөрү даярдашат. Ал үчүн жемге кошулуучу азык-заттарды Европадан, жемдин айрым түрлөрүн Украинадан алышат:

- Жемди өзүбүз жасайбыз. Бирок ага кошулчу ингредиенттерди бүт сатып алабыз. Даяр жем алсак деле болмок, бирок ал кымбат. Экинчиден, биз тоокторубузга кандай кошулмалары бар жем берип жатканыбызды билүү керек. Кокус бир нерсе болсо, ал эмнеден кетти, ошону да билгенибиз абзел. Ошондуктан, жемди өзүбүз бул жерде ветеринардык врачтын көрсөтмөсү менен даярдайбыз.

Тоок чарбалары колдоого муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

"Өкмөт салыкты жеңилдетсе..."

Тоок чарбалардын кыйынчылыгы Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта башталды. Бир жагынан Орусия менен Казакстандан арзан жумурткалар келип, базарды ээлесе, экинчи жагынан биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынуучу витамин жана башка азык-заттардын бажы төлөмдөрү, кошумча нарк салыгы көтөрүлдү:

- Витаминдердин көпчүлүгү Франциядан, Голландиядан, Бельгиядан сатылып алынат. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин, баалар көтөрүлдү. Мурда бул кошулмаларды, азыктарды алып келип саткан ишканалардын көпчүлүгү ишин токтотту. Анын үстүнө доллар менен евронун баасы өсүп кетти. Мурда биз бир витаминдин 1 килограммын 450 сомдон алып келсек, азыр 600 сомдон кымбат. Ал витаминди бербесе болбойт. Кандай баа болсо да алабыз. Мындай витаминдин беш-алты түрү бар.

Казакстандан, Орусиядан келип жаткан жумурткалар, сактоо мөөнөтү өтүп, артка кайтарылган жумурткалар болуп жатат. Алар мөөнөтү өткөн жумурткаларын бизге, Кыргызстанга арзан баада сатып жатышат.

Кыргызстандагы тоок чарбалар ассоциациясы күзүндө өкмөткө кайрылып, Орусия, Казакстан сыяктуу тоок чарбаларга каржылай жардам бербесе да, сырттан алынып жаткан жемге салынган салыктарды азайтууну өтүнгөн.

Ассоциациянын төрагасы Рустам Осмоналиев сырттан импорттолгон жумуртка көбөйө берсе, бирин-экин иштеп жаткан ишканалар да жабылып калуу коркунучу бардыгын айтып, тынчсыздануусун билдирди:

- Канаттуулар фабрикалары жабылып калса, 5 миңдей адам жумушсуз калат. Маселен, башка ишканалар өндүргөн продукцияларын сактап, ишин убактылуу токтото алса, биз тоокторду карабай, бакпай коё албайбыз. Казакстанда жана Орусияда тоок, жумуртка чарбасы кирешелүү тармак катары мамлекеттин колдоосуна алынган. Биз өкмөттөн сырттан сатып алынган жем жана башка азык-заттарга салынуучу кошумча нарк салыгын азайтууну жана сырттан кирип жаткан жумурткаларга санитардык-ветеринардык көзөмөлдү күчөтүп бериңиздер деп, суранганбыз. Анткени аткезчилик менен жумуртка ташуу да күчөдү. Алардын сапаты албетте, текшерилбейт. Тез арада чара көрбөсө, бул тармаксыз калабыз. Кайра бутуна тургузуп, иштетүү кыйын, өтө көп каражат керек. Бир жолу жабылсак, инвесторлор кайра келбейт.

Буга чейин ишкерлер тоок багуу кирешелүү бизнес экенин айтып келишкен. "Азаттыктын" архиви. 20.01.2014-жыл

Айыл чарба министрлиги ишкерлерге салыкты убактылуу алууга макулдугун билдирип, бирок бул маселени тиешелүү тараптар менен чечүү зарылдыгын белгилеген. Азырынча, бул маселе чечиле элек. Ушундан улам 2015-жыл тоок чарбасы үчүн оор жыл болду дейт “МирАсАгро” ишканасынын жетекчиси Аскат Ибраев:

- 2015-жыл тоок чарбалары үчүн өтө оор болду. Өзгөчө майдан октябрдын аягы, ноябрга чейин абдан кыйын абалда болдук. Сырттан алып келинген жумурткалардын баасы биздикинин өздүк баасынан да арзан болду. Ошондо айла жоктон биз да бааны төмөндөтүүгө аргасыз болдук. Мунун айынан жумуртка өндүргөн биртоп ишканалар жабылып калды. Биз турган Манас айылында эле бизден башка дагы төрт тоок чарбасы бар эле. Азыр биз эле калдык.

Жумуртка өндүрүүчүлөрдүн бир үмүтү жергиликтүү керектөөчүлөрдө калууда. Анткени, кардарлар дүкөндөн жумуртка сатып алууда акчасын баасы арзан, бирок сапаты ишенимсиз жумурткага сарптайбы же баасы бир аз кымбатыраак, жаңы, жергиликтүү тоок чарбаларынан чыгарылган жумурткага жумшайбы ошол тандоого жараша болот дешет алар.

Кыргызстанда бир нече жылдардан бери иштеп келаткан төрт-беш ири канаттуулар фабрикасы бар. Алардын эң ириси Чүй облусундагы “Искра-Азия" акционердик коому, аталган ишкана бир жылда 100-150 млн. жумуртка чыгарат. Андан кийин жылына 100 миллиондун. айланасында чыккан жумурткасы менен "Ак куу" акционердик коому турат. Ысык-Көлдөгү “Шумкар” канаттуулар фабрикасы жылына 60-70 миллион жумуртка өндүрөт. Булардан тышкары, тоок, жумуртка жана жөжө чыгарген “Брит” ишканасы бар. Бул жерде жылына 200-300 миң жөжө, 1-2 миллион жумуртка чыгат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG