Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Ниязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол бергендер жазаланарын эскертти


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ош жана Баткен облустарында бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү мыйзам бузууларга жол бербөөнү эскертти. Ал 26-апрелде министриликтин жыйынында коомдук тартип жогорку деңгээлде сакталышы керектигин билдирди.

“Шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чараларын күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, бир дагы аймакта мыйзам бузуу же одоно тартип бузууну болтурбоону тапшырам. ИИМдин тиешелүү бөлүм, кызматтары тыгыз иш алып барыңыздар. Жергиликтүү бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдар, күч түзүмдөр жана шайлоо комиссиялары менен бирге шайлоочуларды ташуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, шайлоо эрежесин бузуу сыяктуу элдин кыжырын келтирген фактылар алдын алынсын. Айрыкча, добуш сатып алууга катуу бөгөт коюлсун. Эгерде, шайлоого байланыштуу мыйзам же тартип бузуулар орун алып, коомчулукта талкуу жараткан окуялар катталса жетекчилерге жана кызматкерлерге катуу тартиптик чара көрүлөт”,-деген Ниязбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде бир мандаттуу Ош шайлоо округунан ат салышып жаткан Максатбек Маматкулов менен Бекмурза Эргешовдун талапкер деген каттосун жокко чыгарган. Анда мекеме Маматкулов үгүт өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузганы аныкталганын билдирген.

Мунун алдында блогер Ыдырыс Исаков Эргешовдун штабында мамлекеттик кызматкерлер жүргөнү тууралуу видео жарыялаган. Көп өтпөй бул окуяга байланыштуу шаар мэриясы айрым кызматкерлер иштен алынганын, кээ бирлерин жумуштан бошотуу сунушу, айрымдарына эскертүү берилгенин кабарлаган.

28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Жалпысынан үч округда 30 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG