Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:25

Эл үнү / Коом

Баткенде кытайлыктар алтын чайкап жатабы?

Баткендин Кыштут аймагындагы дарыядан кытайлыктар алтын чайкоо аракетин башташы жергиликтүү калкты бейпайга салды.

Суусунда алтын бар делген Көк-Дарыянын жээгинде жүрүп жаткан иштер.
Текст көлөмү - +
Тургундар экологиялык абалдан кооптонуп, ылдыйкы айылдардын калкы дарыянын суусу башкача даамданып калганынан чочулашууда.


Кандай иш жүргөнү ачык айтылбаганына эл нааразы

 
Баткен шаарынан 45 чакырымдай алыста турган Кыштут айылынын четинде кырктан ашык кытайлыктар Көк-Дарыяны ары бери бургулап, алтын чайкоо аракетин баштаганына бир айдан ашып калыптыр. Бирок жергиликтүү тургундардын бири да булар кимдер экенин, эмне кылып жатканын жана кимден уруксат алганын билбейт экен. Анткени бул жерди иштетип, же иштетмекчи болуп жаткандар уруксат кагазды Бишкектен эле алышат да, айыл округ башчысынын макулдугу менен ишти баштаптыр.
Алтын чайкалып жатат делген жер


Кытайлыктар кечип жүргөн суунун төмөн жагында жайгашкан Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышовдун баамында, кен байлыкты иштетүү үчүн алынган уруксатнаамада жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынган эмеспи, же бийлик өкүлдөрү “көз кысты, бармак басты” кылдыбы, айтор ачык маалымат жок:

- Кыйла техника иштеп, бузууларды жасап, бирде дарыяны аркы жээке салса,  бирде бул жээкке салат. Өтө чоң зыян иштер жүрүп жатат. Келечекте элге, экологияга зор зыян кылат да. Экономикага канча пайда-зыян экенин эл билбейт. Эң башкысы ким уруксат бергенин, кандай иш жүрүп жатканын эл билбейт. Бийликтегилер болсо бири-бирине шылтайт.
Алтын чайкалып жатат делген жер


Бул жергиликтүү тургун иш башталбай жатып ондогон ири техникалар дарыяны ары бери чайкап, төмөн жактан суу ичкендерди, экологиялык абалды эске алган киши жоктугун да кошумчалады:

- Бул иш дагы да күч алса биздин капчыгайдагы бир топ айылдар жабыркайт.

Амиракул Алтымышов аймактагы айылдардын эли өз ара макулдашып, жакынкы күндөрү бул ишти токтотуу үчүн нааразылык акцияларга чыгууга ниеттенип жатканын да эскерте кетти.

Суунун даамы бузулду
 

Бул жерде иштетилген суу кайра эле дарыяга куюлуп жатканынабы, айтор төмөн жактан суу ичкендер кара май даамданган сууну ичип жатканын айтышат. Чарбак айылындагы Зыйнат аттуу келинди угалы:
Суусунда алтын бар деген Көк-Дарыя


- Ушу кытайлыктар келип иш баштаганы биздин суудан солярканынбы, же башка нерсеби иши кылса бир кызыктай даам чыгып калды. Айла жок ичип жатабыз да...

Кыштут айылындагы мектеп бүтүрүүчүсү Арген болсо  бул жерге ири шаймандар коюлуп, иш башталган күндөн тарта мурда бир-эки жерден араң кармачу уюлдук байланыш да тартпай калганын айтат:

- Телефон ушулар келгенден бери тартпай калды. Мурда Жиңген, Жол-Тосор деген жерлерден уюлдук байланышты кармайт элек. Азыр Көпүрө-Башы деген жерге барып сүйлөшүүгө туура келип калды.

Изилдөө иштери жүрүп жатабы, же?..
 

Райондук бийликтин маалыматына караганда,  бул жерге кытайлыктарды Ошто жайгашкан  “Эр Мунай” аттуу компания алып келиптир. Баткен районунун акиминин милдетин аткаруучу Сейитмурат Калыковдун айтымында, бул жерде азыр алтын чайкоо эмес, изилдөө иштери гана жүрүп жатат:

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алып “Эр Мунай” деген компания келди. Кытайлар менен биргелешип иштейт экен. Азыр иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алтын бар экени аныкталып, булар иштете турган болсо жакшы да. Зыяны да жок. Алар эч кандай зыяндуу нерсе пайдаланбайт экен. Жууп эле алышат экен. Иштеп калышса элге да пайда, районго да пайда болот.
Алтын чайкалып жатат делген жер


Биз иш жүрүп жаткан жерге барганыбызда тосуп чыккан жергиликтүү эки жигит кароолдук милдетин аткарып жатканын, андан ары кирүүгө мүмкүн эместигин айтып, жумушчулар менен жолугушууга уруксат бербей койду:

- Сүрөт тартканга, жаздырганга уруксат бере албайбыз. Бизге ошондой тапшырма болгон. Кырктан ашык кытайлыктар иштеп жатат. Алар эмне кылып жатканын биз билбейбиз...

Канткен менен темир тор менен курчалган жердин ичинде кандай иш болуп жатканы сырттан караган кишиге көрүнүп турат. Ушундан улам жергиликтүү тургундар райондук бийликтегилердин “тек гана изилдөө иштери жүрүп жатат” дегенинен күмөн санашууда. Анткени бул жерде алтынды казып албай, суудан эле чайкап эле алууга болоору өткөн кылымдын орто ченинде эле изилденип бүткөн экен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жора каяктан: Бишкек
23.06.2011 13:16
Урматуу Баткендиктер биз сиздердин бул алтын казууга кашы болушунарды абдан колдойбуз жана колубуздун келишинче сиздерге жардам беребиз

кимден: геолог каяктан: Кадамжай
22.06.2011 20:52
Урматтуу туугандар!
мен бул макаланы окуп суротторду коруп, бул кайсыл жер экенин билдим. Менин кесибим геолог, ушул суроттогу жерлерди 1995жылы Оштогу геологиялык экспедициянын атынан келип, ошол Таян айылынан тээ ойдоку Тунуксуу айылына чейин ар 100 метрден дарыянын эки жээгинен проба алып алтынга анализдегенбиз. Ошол алынган результаттарга карап картасын тузгомун, бул маалыматтар секретный болуп эсептелет, но мен айтып койойун бул жерлерде Алтындын корсоткучтору жакшы, кайсы бир жерлеринде промышленный запастары бар аларды да эсептегенбиз. Бирок мен суротту коруп кытайлар алтынды жуушту эн аз корсоткучтору бар жерден башташыптыр, азыркы убакта бул материалдардын баары геологиялык фонддордо сакталып турат, иштин баары ошол фондовый материалдарды ким аларга саткан ошондо. Дарыядагы россыпной алтынды чайкоо процессинде анчалык деле экологияга зыян келбейт, бирок ландшафт озгорот, дарыянын нугу озгорот жолдорду жууп кетет, иштеп жаткан техникалардан майлар утечка болуп сууга кошулат ошол зыяны. Ооба, алтынды озубуздун эле жарандар жууп алса болот, азыркы убакта алтындын баасы жогорулап турганда ал озун актайт, но бул жерде капчыктуу адамдар аралашып атат, менин билишимче Рустам Мамановдун фирмасы. Бир жакшы жери алтын дайыма агып келип турат, биз 10 метрдей жерди траншея кылып алтынын жууп алсак кийинги жылы ошол жерге кайра алтын агып толуп калган, так что Баткендик туугандар андан коро алтын чайкаганга откуло. Саламатта болгула, коп жазып койсом кечирип койгула.

кимден: Bolot каяктан: Bishkek
02.06.2011 22:41
Мен Баткенде иштеп келгем, Баткенди да, анын башындагы жигитти да жакшы билем. Кыштут кооз жер эле, анын трагедиясы башталган турбайбы. Мына көрөсүңөр, ал жерден эл эч кандай пайда көрбөйт, зыяндан башка. Элдин башына бизнесмендер эмес, руханияты бийик жигиттер келсе гана эл оңолот. Биздин мамлекет башына да, депутаттык корпус да бизнесмендерден куралып калганы, кыргыз элин руханияттан алыс калтырып коюшпаса деп корком. Баткен облус башчысы да акча менен алектенген жигит эле, балакеттин башын баштабаса болгону. Айланасында руханияты жогору кызматкерлер жокпу деп калдым.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.06.2011 01:15
Митинг кылып элдер иштетпеш керек да кытайды кудай уурганго кыргызды.Өз жерибизди тартырып ийебизби.Биринчи кен казабыз деп келет.Элдин унчукпасын көрүп уйубузду жерибизди тартып алат булар.Өкмөттү жин урганго.

кимден: Нурдин
01.06.2011 17:26
Бийликте отурган - эчкимисине ишенсе болбойт! Алар Кыргыз мамлекетин корогой, жана кызыкчылыгын аткара албагандар! жаңы муун, жаңы инсандар келиш керек! Манас Атабыздай инсан келип, кыргыз элим биригип, ынтымактуу болгондон кийин - Кыргыз журтум оңолот жана өсөт!!!

кимден: Biroo
01.06.2011 03:01
Akimdin mildetin atkaruuchushunun aytkanin kara Oozun achip izildep jatishat dep. Altindi emne choon tehnika kelip burgulap izildegendey munay bele. Altinda chaykap ele ondurup jatishat, siler emne ekenin bilgenche alar alchusun alip turup chu koyot. Bir tiyin da mamleketke je jergiliktuu biylikke tushpoy bulgangan suu jana talkalangan ekologiya menen jergiliktuu el kalat. Bul nerseni oyumdan chigargan jokmun ubaginda bizdin ayildan da nemister altin chaykap ketishken. 20 jilga chidayt degen altin chaykalgan suu toptolgon kolu kiyinki jili ele jarilip ketip bir ayil bir jildik tushumdon kur kalganbiz.
Biz minday biylik tushunugu menen onolboybuz Eki jolu revolyutsiya kildik birok ech nerseni ozgorto algan jokpuz.

кимден: ормон
31.05.2011 21:34
Ай Өкмөт бул чын болсо кылганыңар туура эмес.Мен сиздерге болушчумун.Бирок мындай иш болсо болбойт.Элге түшүндүргүлө мүмкүн туура эмес жазганын же чындыгын.Эмне үчүн башка өлкөлөр башка өлкөгө келип кен казса пайдасы бар а биз өз жерибизде казсак пайдасы жок.Мен мындай логикага түшүнбөй калдым.Ал эми техникабыз жок десеңер карыз алып атасынарго ар кайсыдан жалдырап ошонтип эле карыз алып сатып алсак болот да.Специалист жок десенер ушу кезге чейин жаштарды жиберип окутуп таланту балдар кантип кыргызда жок болсун өзүбүздүн кыргыздын специалист болот эле да.Коп болсо окуу 5 жыл.Акчанын баарын чет элдик проходимистерге төлөп атабыз.Башка эл өзүнүн талантуу жаштарын окутуп өстүргөнгө тырышып атса биздики 20 жылдан ашык убакытан бери өстүрмөк түгүл кайра бар сп-терди жоготук.Оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн деп жалаң байдын тамактан башка эч нерсе ойлобогон бөлтүрүктөрү бюджете окуйт.Акча уурдаса да жок дегенде ушундай кыргыздын байлыгын талантуу адамдар иштетсе жакшы болор эле.Кыргыз которулуп кетпейт беле.Силердин уурдаганынарга да элге да жетер беле дейм кыргыздын элитасы.Ушуну ойлоп биринчи патриот болсонор.Илгери бир акылман айткан экен.сүт кундо ичип туурам десен уйунду ачка калтырбай баккын деп.Элинерди ошон учун ачка калтырбай бут шыпырып албай баксанар.Силер да ток болосунар.

кимден: Elbek каяктан: KNR
31.05.2011 20:07
Salam jerdeshter,bul jerde da Kytailar ishtetip atat,bizdin chondor olgon da emi kichine akcha berse al jerge kytailardy kirigizip irishiptir,bul kytailar izdep atyp ele baaryn alyp ketet.

кимден: Агент 996
31.05.2011 18:27
Бабанов Кытайга барып, ушул кен иштеткен жерлерди сатып келди, калп эле темир жол курабыз деген шылтоо менен элди алдап жатат. Оппозиция бугун мына ушул кендерди биздин байлыктарды туура эмес аркимдин кызыкчылыгына пайдаланып жатышканы, мамлекеттин пайдасына эмес, ошол себептен эми элди которуп учунчу революция болушу ыктымал. Азыркы бийлике келгендер уйбулоолук режимге каршы турдук деп жатышпайбы - коррупцияга эмес, Элге кандай башкаруу болбосун эл учун таза жана коррупциясы жок болсо ошол жакшы, оз кен байлыктар Кыргызстандын ар бир жаранына пайдасына жумшалыш керек, бир топ кишинин чонтогуно эмес.
Азаттык жамаатынан сураныч, билип бергилечи ушул кен байлыктардан кыргызстандын бюджетине жылсайын канча акча тушот болду экен?
Пикирге жооп

кимден: Дармен каяктан: Бишкек
02.06.2011 22:49
Бүгүн Бабанов Баткенге келди, сенин оюң туура болсо, анда ал губернатор менен долясын аныктап алганы келиши да мүмкүнбү?

кимден: Айкол Бурканова. каяктан: Москва шаары
31.05.2011 18:14
Саламатсынарбы кыргыз элим?кыргыз эли жен ичинен сатылып кеткен жерлерин баары билет болуш керек.менин оюм кыргызымдын ырыскысына буткон дагы бир баа жеткис кооз жерибиз кытайлардын курмандыгы болушун,тебеленип тепселишин эч ким каалабайт!!!мен кыргызмын деген ар бир жаран бул маселеге кайдыгер калбайт деп ишенем.Кыргызстандын жарды мамлекет экенин баарыбыз моюнга алабыз.мумкун кытайлардын техникасындай техника жоктур же аларды иштеткенге кадрларыбыз жоктур.Эл башында турган эроолдор азыр болбосо да кийинчерээк мындай нерселер кыргызымдын эр азаматтарынан эле артпай турган нерселер деп терен ишеним менен айткым келет.Себеби биз манас атанын урпактарыбыз!!!бул маселени жон гана текшеруу деп койбостон терен изилдесек..
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу