Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Тажикстанда тараган маалымат күдүк ой жаратты


Баткен. Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолунун курулушу.
Баткен. Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолунун курулушу.

Кыргыз-тажик чек арачыларынын 11-январдагы ок атышуусун иликтеген комиссия али бир жыйынтыкка келип, бүтүм чыгара электигин жергиликтүү бийлик айтууда.

Ал ортодо жаңжалды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын атын айтпаган мүчөсүнө таянып, окуя болгон аймак Тажикстанга таандык экени тастыкталганын Тажикстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бирок облустук акимчиликтин Укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Адыбек Набиев эки тараптан түзүлгөн комиссия бир бүтүмгө келе электигин айтты:

- Эки өлкөнүн чек арачыларынын ок атышуусу боюнча окуяны иликтеген комиссия учурда иликтөө иштерин улантып жатышат. Эки тарап улам жолугуп, маалымат алмашууда. Бирок азырынча кандайдыр бир бүтүм чыга элек, эч кандай кагазга кол коюлган жок.

Адыбек Набиев жогоруда тажик тараптын таркаткан маалыматы чындыкка дал келбесин да баса белгиледи:

- "Исфарада отурум болуп, анда окуя болгон аймак Тажикстанга таандык экени тастыкталды" деген маалымат чындыкка коошпойт. Азыр окуя болгон жерде биздин адистер иштеп жатышат. Ал жер Кыргызстанга таандык экени далилденген да. Мындан ары да ал жерде иш улана берет.

Эки өлкөнүн чек арачыларынын ок атышуусуна себепчи болгон Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу былтыр апрелде башталып, тажик жарандарынын тополоңунан кийин токтоп калган. Бирок өткөн жылдын 17-декабрында, Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынын тургунуна таандык чайкана өрттөнүп кеткенден кийин элдин талабы менен кайра жанданган.

Тажик тарап жолдун курулушуна каршы экенин билдирүүдө. Жолдун айынан ушул жылдын 11-январында чек арачылар атышып, эки тараптан 9 киши жараат алган. Баткен райондук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Абдиназар Эргешов жол чек арадан 200 метрдей бери Кыргызстандын аймагында курулганын айтты:

- Ал жер Кыргызстанга таандык. 1989-жылкы карта боюнча биз чек арадан 150-200 метрдей бери жакта жол куруу иштерин жүргүзүп жатканбыз.

Тажикстандын ММКлары тараткан маалыматтан кийин жергиликтүү эл арасында “эки тараптуу комиссия ушундай жыйынтыкка келсе, анда эмне үчүн ал ачык айтылбайт” деп нааразы болгондор бар.

Облустук бийлик болсо тажик тараптын мындай билдирүүсү окуяны биргелешип иликтөөгө да тоскоол болорун айтып атайын билдирүү таратты.

Бир нече жылдан бери чек ара конфликттерин иликтөөгө алган Назгүл Алдашова аймактан кошумча күчтөр чыгарылып, абал эми турукташа баштаганда тажик тараптан мындай маалыматтын чыгышы чек ара аймагында чыңалууну күчөтөт деген пикирде:

Суу бөлүштүрүүчү жерге 11-январда минометтун огу тийген.
Суу бөлүштүрүүчү жерге 11-январда минометтун огу тийген.
- Учурда кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында эми абал турукташып баштаган. Анан эки тараптуу бүтүм чыга электе, Тажикстандын маалымат каражаттарынын расмий эмес кабарды жарыялап жатышы абалды курчутушу ыктымал. Андыктан чек арадагы абалды эске алуу менен ар бир ММК таркаткен маалыматына жоопкерчилик менен мамиле жасаса жакшы болмок. Жаңы гана сүйлөшүү башталган кезде абалды курчуткан так эмес маалыматты жарыялоодон ким болбосун карманыш керек.

Ушул жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусу Ак-Сай айыл округунун суу бөлүштүргөн Головной деген жеринде болгон. Кыргыз тарап жаңжал тажик чек арачылары чек арадан өтүп, чыр салгандан улам башталды деп маалымат тараткан. Ал эми тажик тарап ошол эле мезгилде ок атууну кыргыз чек арачылары баштаганын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG