Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Бишкек-Дүйшөмбү: сөөмөй кеземей бүттүбү?


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арага кошумча аскер күчтөрүн алып келүүнүн себептерин сурап, Тажикстанга дипломатиялык нота жөнөттү.

Буга чейин Кыргызстан менен чектешкен Исфара районуна Тажикстан кошумча күчтөрдү киргизгени боюнча маалымат тараган. Ал күчтөрдүн арасында мурдагы талаа командири, учурда өкмөттүк күч түзүмдөрүндө кызмат кылган генерал Шох Искандаровдун макамы белгисиз отряды тууралуу сөз болгон.

Мунаса артынан түйүлгөн муштум

15-январдан тарта Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен тилкеге кошумча аскер күчтөрүн жана аскер техникасын киргизген. Ага чейин эки тарап чек ара чатагын өз ара түшүнүшүү менен чечүүгө макулдашкан болчу. Андан көп өтпөй Баткен облустук милициясы Ак-Сай айыл аймагынын маңдайына ок атуучу окоптор даярдалганын байкашкан. Ошондой эле Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен Исфара районуна Шох Искандаровдун отряды тартылган. Мурдагы талаа командири Шох Искандаров буга чейин өкмөттүк күчтөргө кызмат кылып жүрүп, бирок кийин дайынсыз болуп кеткен эле. Интернет булактарына караганда, Искандаров узакка созулган тыныгуудан кийин өткөн жылы декабрь айында, Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен Турсунзаде районуна милиция башчылыгына дайындалган.

Чек арадагы чыр чыккандан бери ТИМ Тажикстанга үч жолу нота жөнөттү
Чек арадагы чыр чыккандан бери ТИМ Тажикстанга үч жолу нота жөнөттү
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Турдакун Сыдыков чек арага аскер күчтөрүнүн топтолушуна байланыштуу дипломатиялык нота жөнөтүлгөнүн билдирди:

- Чек арага Тажикстан тараптан куралдуу күчтөр жылдырылып келип жатканы боюнча маалыматка ылайык, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберилген. Бул маалымат тиешелүү кызматтардан алынган болчу. Биз мына ошол жөнөтүлгөн нотада тажик тараптан куралдуу күчтөрдүн чек арада топтолуп жатышын түшүндүрүп берүүнү талап кылганбыз.

Шох Искандаров ким?

Шох Искандаров Тажикстандагы жарандык согуш учурунда бириккен тажик оппозициясынын курамында өкмөттүк күчтөр менен согушкан. Жарашуудан кийин көпчүлүк талаа командирлери сыяктуу эле Тажикстандын чек ара аскерлигине кызматка тартылган. Бирок ал оппозициянын көпчүлүк өкүлдөрү бийлик убадасын аткарбай койду деген негизде кайрадан каршылык көрсөтө баштаган. Ошол учурда Шох Искандаров өкмөттүк күчтөр менен бирге өзүнүн мурдагы санаалаштарын жок кылуу операцияларына катышкан.

Шох Искандаров
Шох Искандаров
1999-жылы Баткенге кирген жоочулардын башчысы Жума Намангани менен жакшы мамиледе болгон. Анан барымтага алынгандарды бошотууга ортомчулук кылган. Кийин Искандаров өзбек тектүү генерал Махмуд Худайбердиевдин Чкалов шаарчасындагы козголоңун басууга катышкан. Бирок Худайбердиев аз сандагы аскери менен андагы заводдон бир нече вагон калайды Өзбекстанга ташып кетүүгө жетишкен. Ошондон кийин Өзбекстан темир жолду жаап таштап, Шох Искандаров азык-түлүктү Кыргызстан аркылуу ташууга макулдук алган.

Шох Искандаровду жакындан билген Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу ал чек арага келип, муштумун көрсөткөнгө моралдык акысы жок болчу деген ойдо:

- Шох Искандаров чек арадагы чыр-чатак жерге “мен бармын” деп күчүн көрсөтүп, оолугуп келбеши керек эле. Ал Кыргызстанга карыз. Анткени, ал көп иштерди Кыргызстан аркылуу жүргүзгөн. Көп жыл биздин вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жакшы мамиледе болуп келген. Маркум депутат Баяман Эркинбаев менен дос болгон. Чек ара чырын чечүүдө ал дос катары өзүн көрсөтүшү керек болчу. Анткени ал мына ошол 1999-жылы "биздин аласа-бересебиз Кыргызстан менен гана болуп калды. Ошон үчүн жардам бериңиздер" деген.

Сөзү менен иши башка сүйлөшүүлөр

Ошол эле кезде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейинки чек арадагы чатакка байланыштуу жөнөтүлгөн нотага жооп ала элек. Үчүнчү ирет жөнөтүлгөн нотага жакында Дүйшөмбүдөн жооп келип, анда чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого Тажикстан кызыкдар экени көрсөтүлгөн.

11-январда минометтун огу тийген көмөк чордону. 2014-жыл.
11-январда минометтун огу тийген көмөк чордону. 2014-жыл.
Бирок өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына расмий Бишкек анчейин ишенбегенинин себептерине токтолду:

- Жакшы маанайда сүйлөшүүлөр болуп, анын чечимдерин аткаргычакты эле 3-4 күндөн кийин ок чыгарса, бул эмне деген мамиле деп биздин өкмөт түшүнбөй калды. Биз өз ара тил табыштык, ар кандай маселени жай отуруп чечебиз дегендин эртеси эле минометтон атып жатышса... Мына ошондой сүйлөшүүнүн келечегине ишенсе болобу?

Кыргызстандын чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева жакында эки тарап мурда кошумча киргизилген аскер күчтөрүн кыргыз-тажик чек арасынан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG